Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 13.08.2018

Рубль менен лиранын куну кетип жатат

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө орус рублинин долларга карата куну мурункудан да түшүп, Москва биржасында бир доллардын баасы 68 рублдан ашты. Бул соңку эки жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Рубль менен бирге Түркиянын улуттук акчасы лира да долларга карата арзандады.

Норвегиялык министр талаштуу жеке сапарлары үчүн иштен кетти

Azattyk.org 

Норвегиянын Балыкчылык иштери боюнча министри Пер Сандберг өкмөттү кабардар кылбастан Иран жана Кытайга жеке максатта барганы үчүн 13-августта кызматтан кетти. Ал өкмөт башчынын кеңсесине маалымат бербей туруп, июль айында Иранга, майда Кытайга барып келгенин мойнуна алды. 58 жаштагы саясатчы ошондой эле бул сапарлары маалында жумуш телефонун өзү менен кошо ала жүргөнүн кошумчалады. Норвегияда өкмөт мүчөлөрү өз алдынча кайсы өлкөгө барбасын, бул тууралуу өкмөткө маалымат бериши керек. Ошондой эле... Читать дальше...

"Ата-бейиттин" сынын кетирген жагдайлар

Azattyk.org 

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин кире беришиндеги гранит таштар оодарылып, бузулганы белгилүү болду. Музей жетекчилиги ал аймак кечке жуук Улуттук гвардиянын кайтаруусуна өткөрүлүп берилерин, окуя ошол кезде болгонун айтат. Улуттук гвардия талкаланган гранит тосмону бейитке зыяратка келгендер кокустан улам унаасы менен сүзүп алганын, аны ошол замат кайра калыбына келтиргенин кабарлады. Деген менен адистер аталган комплекске карата мындай кайдыгер мамиле биринчи жолу болуп жатпаганын айтып жатышат.

Өкмөт "Ачык асманга" бел байлады

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү “Ачык асман” долбоорун ишке киргизүү процессин баштады. Учурда иштелип жаткан тийиштүү мыйзам долбоору депутаттар эс алуудан кайтары менен Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Эл өкүлдөрү аны кабыл алса, Кыргызстанга чет элдик авиакомпаниялардын каттоосуна бешинчи этаптагы эркиндик берилет. Бул демилгени колдогондор да, ага каршы чыккандар да бар.

Армениянын экс-президенти Кочарян үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Армениядагы апелляциялык сот мурдагы президент Роберт Кочаряндын бөгөт чарасын карап, аны тергөө абагынан үй камагына чыгарууну чечти. Бул тууралуу анын адвокаты Рубен Саакян "Азаттыктын" армян кызматына билдирди. Еревандагы сот адвокаттардын Кочаряндын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арызын өткөн аптанын аягында карай баштаган. Анын чечими дүйшөмбү күнү жарыяланды. Экс-президентти камактан бошотууга армян парламентинин 46 депутаты кепилдик берген. Роберт Кочарян июль айынын соңунда камакка алынган. Читать дальше...

Орустарды суктандырган көк бөрү оюну

Azattyk.org 

Кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн Орусия талаасындагы оюну. Кыргызстанга келин болгон өзбек келиндери. Элге жетпей, талаага кеткен таза суу. Кесипке үйрөткөн медреселер. Ушул жана башка видеобаяндарды “Данистенин” жаңы чыгарылышынан көрө аласыздар.

Орусияда көк бөрү ойнолду

Azattyk.org 

Кыргыз көк бөрүчүлөрүнүн Орусия талаасындагы оюну. Өзбекстандын кыргыз келиндери. Элге жетпей, талаага кеткен таза суу. Кесипке үйрөткөн медреселер. Ушул жана башка видеобаяндарды “Данистенин” жаңы чыгарылышынан көрө аласыздар.



Кытай уйгурлардын укугу тууралуу билдирүүлөрдү четке какты

Azattyk.org 

Кытайдын мамлекеттик медиасы Шинжаң аймагында уйгур азчылыгынын укугу бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, тескерисинче, коопсуздук күчтөрү аймакта "чоң трагедияны" алдын алганын билдирди. "Global Times" гезитинин 13-августта кытай жана англис тилдеринде жарыялаган макаласы Кытайдын Бириккен Улуттар Уюмунун комитетинде үч күн мурда айтылган билдирүүлөргө жооп катары каралууда. "Шинжаң аймагы "Кытайдын Сириясы" же "Кытайдын Ливиясы" болуп калуудан кутулду",-деп айтылат мамлекеттик гезиттин макаласында. Читать дальше...

Кытай уйгурлардын укуктары тууралуу билдирүүлөрдү четке какты

Azattyk.org 

Кытайдын мамлекеттик медиасы Шинжаң аймагында уйгур азчылыгынын укугу бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, тескерисинче, коопсуздук күчтөрү аймакта "чоң трагедиянын" алдын алганын билдирди. "Global Times" гезитинин 13-августта кытай жана англис тилдеринде жарыялаган макаласы Кытайдын Бириккен Улуттар Уюмунун комитетинде үч күн мурда айтылган билдирүүлөргө жооп катары каралууда. "Шинжаң аймагы "Кытайдын Сириясы" же "Кытайдын Ливиясы" болуп калуудан кутулду", - деп айтылат мамлекеттик гезиттин макаласында. Читать дальше...

Ак жүрөк башкарманын арманы

Azattyk.org 

Карабек Жайчыбеков сталиндик абакка эки сыйра түшүп, ал жерден көргөн азап-тозогун өмүрү өткөнчө жашырып айтпай келген. Адамдын жаны темир эмес. Абактан алган оор илдетинен айыга албай, ал 1969-жылы 61 жашында кайтыш болгон.

Рублдин курсу көтөрүлө элек

Azattyk.org 

Орус рублинин курсу дүйшөмбү күнү кайрадан эки жыл мурдагы төмөнкү чегин көрсөттү. 13-августта Москвадагы биржа ачылганда 1 АКШ доллары 68 рублден ашты. Евронун курсу да мурдагы көрсөткүчүнөн бир рублге жогору болду. Рублдин куну кетишине АКШнын санкциялары негизги себеп катары каралууда. Орусиянын улуттук валютасы америкалык айрым сенаторлордун Москвага каршы жаңы санкцияларынын долбоору маалымат каражаттарына жарыялангандан тартып төмөндөй баштады. Ал долбоордо Орусиянын мамлекеттик банктарына... Читать дальше...

Азербайжанда оппозициячыл лидер абактан бошотулду

Azattyk.org 

Азербайжанда оппозициядагы "Республикалык альтернатива" партиясынын лидери Ильгар Мамедов жети жылдык абак жазасынын беш жылдан ашыгын өтөгөндөн кийин түрмөдөн бошотулду. 13-августта өлкө түндүгүндөгү Шеки шаарынын апелляциялык соту Мамедовдун абактагы калган мөөнөтүн токтотууну чечти. Ошол эле учурда сот ага эки жыл сыноо мөөнөтү берилерин, бул убакыт ичинде Мамедов чет өлкөгө чыга албай турганын билдирди. Мамедов соттун чечимин "толук жеңиш" деп атай албай турганын, ал өзүн толук актоону соттон талап кылып келе жатканын айтты. Читать дальше...

Бишкек ЖЭБи бүгүн

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) химиялык цехтин курулушу долбоорлоо документтери жок эле башталды. Өкмөт цехтин курулушун 1-октябрга чейин бүткөрүүнү тапшырды.

НАСА Күнгө ракета учурду

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө түрк акчасы - лиранын долларга карата куну буга чейин болуп көрбөгөндөй нарксызданды. Ооганстандын Газни шаары үчүн өкмөттүк армия менен “Талибан” кыймылынын согушкерлеринин айыгышкан кармашуусу уланып жатат. НАСА Күндү жакындан иликтөө үчүн Паркер деп аталган жаңы ракета учурду.

Тажикстанда тик учак кырсыгынан беш киши өлгөнү ырасталды

Azattyk.org 

Тажикстанда жекшембиде болгон тик учак кырсыгынан беш киши каза тапканы белгилүү болду. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Умеда Юсуфи өлгөндөрдүн арасында үч орусиялык альпинист жана эки тажикстандык (экипаж мүчөлөрү) бар экенин 13-августта билдирди. Ал тик учактын Памир тоолорунда кырсыкташына начар аба ырайы себеп болушу мүмкүндүгүн, кырсыктан пилот жана дагы 12 альпинист аман калганын кошумчалады. Буга чейин МИ-8 тик учагы Ляхш (Жергетал) районунун аймагында аскага урунганы... Читать дальше...

Эпкинге чайпалган "эргежээл" экономика

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитети өткөн жети айдын жыйынтыгын чыгарып, өлкөнүн экономикасынын өсүш көрсөткүчү былтыркы ушул маалга караганда 0,2 пайызга кемигенин жарыялады.

Сүйүндүков: "Шамбалага" Айтматов батасын берген

Azattyk.org 

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" ("Жомоктон кийин") повестинин негизинде жаңы тартылганы турган экинчи кинотасма "Шамбала" деп аталат. Белгилүү кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков бул тасманын сценарийин "бышырып", даярдап келатканына кырк жылдан ашты. Бул аралыкта ал "Ак кеме" повестин тартуу боюнча улуу жазуучунун макулдугун алып, далай кеп-кеңешин уккан экен. Артыкпай Сүйүндүков "Шамбаланын" таржымалы жана Айтматовдун философиясы тууралуу "Азаттыкка" сыябан маек курду.

Өзбекстандын ойго салган визасы

Azattyk.org 

"Өзбекстанга кириш үчүн туристтик виза ачуу оңой болуп калды" деген кабарды эшиткен мурунку өзбек жарандарынын өз мекенине келүү тууралуу тилеги орундалган жок. Алардын көпчүлүгү - маркум президент Ислам Каримовдун убагында жарандыгынан ажыраган укук коргоочулар, саясатчылар, журналисттер жана алардын жакын туугандары. Убагында башка мамлекеттин жарандыгын алууга мажбур болгондор көп жылдан бери өз өлкөсүнөн алыста жашап жүрүшөт.

Кыргыз эли жөн эл эмес, Aйтматов жөн жан эмес

Azattyk.org 

Жaрaткaн aвaр кaлкынa кирпигинин aр бир ирмешинен ыр сaптaры төгүлүп тургaндай зор aкын Рaсул Гaмзaтовду, кaлмaк кaлкынa мaңдaйынaн терең aкыл менен теңи жок жөндөмдүн жуурулушунун нур-шоолaлaры чaчырaп тургaн Дaвид Кугультиновду, кыргызынa болсо, бaшкa эч бир инсaнгa окшобогон, ошонусу aркылуу кыргыз ысмын кылымдын кыйырынa жеткирген Чыңгыз Aйтмaтовду берүү менен, бул үч элге эле эмес, жaлпы aдaмзaткa ченемсиз кең пейилдик кылгaн турa.

Өнүктүрүү стратегиясы жарыяланды

Azattyk.org 

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 13-августта жыйынга чогулуп, 2040-жылга чейинки стратегияны кабыл алды. Ошондой эле, 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясын бекитти. Анда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын эң башкы айырмасы - адам потенциалын өнүктүрүүгө багытталганында болот деп айтты. Бирок жыйында буга чейинки стратегияларда деле айтылган иш-чаралардын басымдуу бөлүгү аткарылбай калганы тууралуу сөз болду.

Хаменеи: Ирандагы каатчылыкка "туура эмес башкаруу" себеп болду

Azattyk.org 

Ирандын рухий көсөмү аятолла Али Хаменеи өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктарга АКШнын кысымынан мурда "туура эмес башкаруу" себеп болуп жатканын билдирди. Анын өлкөдөгү соңку кырдаал тууралуу айткан сөздөрүн мамлекеттик телеканалдар 13-августта көрсөтүштү. - АКШнын санкцияларынан мурда экономиканы туура эмес башкаруу карапайым ирандыктарга көбүрөөк кедергисин тийгизди. Жакшыраак башкаруу жана пландоо аркылуу биз санкцияларга туруштук бере алабыз, - деп билдирди Хаменеи. Вашингтон Тегеран менен... Читать дальше...

Аба ырайы: жаан-чачын болбойт

Azattyk.org 

14-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.  Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32; Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30; Баткен облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35; Ош, Жалал-Абад облустарында 15...20, күндүз 29...34; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25, Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26 градуска жетет. Бишкекте 14-августта жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *