Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Новости за 04.08.2018

Сузактагы Орто-Азия айылында жайгашкан мечитте өрт чыкты

Azattyk.org 

Сузак районундагы Орто-Азия айылында жайгашкан мечитти тилсиз жоо каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 4-августта саат 19:31де  Жалал-Абад обусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Азия айылында жайгашкан мечиттен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.  Өрттү өчүрүүгө Сузак райондук №65 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм, саат 19:39да Жалал-Абад шаардык №20 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм, саат 19:53тө №20 АӨКБдан бир бөлүм тартылган. Читать дальше...

Абылгазиев: Медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулайт

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 4-августта Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, Кара-Көл шаарындагы оорукананын кызматкерлери менен жолукту. Ал өмүр сакчыларынын маянасын жогорулатуу үчүн зарыл каражаттарды бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынганын айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. - Учурда Саламаттык сактоо министрлиги өз структурасын оптимизациялоо иштерин жүргүзүп жатат. Ошону менен бирге медицина кызматкерлеринин айрым категорияларынын маянасын жогорулатуу үчүн... Читать дальше...

Түндүк Корея өзөктүк куралды өнүктүрүүнү улантууда

Azattyk.org 

Эл аралык коомчулуктун санкцияларын көзгө илбестен, Түндүк Корея өзөктүк ракеталарын сыноону улантууда. Мындай жыйынтыкты БУУнун адистери айтып чыкты. 3-августта БУУнун санкциялар боюнча комитети Түндүк Кореянын аскерий программасы тууралуу отчетун угуп чыкты. Анда Пхеньян "Коопсуздук Кеңешинин санкцияларын тоготпостон, мыйзамсыз ташылып келген мунайзаттын жана көмүрдүн көлөмүн көбөйтүүдө" деп жазылган. Андан сырткары санкцияларга карабастан Түндүк Корея 100 миллион долларга текстиль продукциясын экспорттогон. Читать дальше...

Орусияда тик учак кулап, 18 киши каза болду

Azattyk.org 

4-августта Орусиянын Красноярск аймагында тик учак кулап, 18 киши набыт кетти. Алардын үчөө экипаждын мүчөлөрү болгон. Тик учак Игарка шаарынан 180 чакырым алыстыкта кулаган.

Артыкбаевдин мүлкү: талаштуу пикирлер

Azattyk.org 

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаевдин жана анын жакындарынын мүлкү соттун чечими менен камакка алынды. Ал мүлктөрдүн катарында Артыкбаевдерге таандык деген жети автоунаа, жети турак жай, бир жер тилкеси жана жети компаниядагы үлүштөр бар.

Красноярскиде тик учак кулап, 18 киши каза тапты

Azattyk.org 

4-августта Орусиянын Красноярск аймагында тик учак кулап, 18 киши набыт кетти. Алардын үчөө экипаждын мүчөлөрү болчу. Тик учак Игарка шаарынан 180 чакырым алыстыкта кулаган.  Кулаган Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак жүргүнчүлөрдү салып алып, көтөрүлүп баратканда анын жанында учуп бараткан башка тик учактын жүгү менен кагылышкан. Кулаган тик учак Utair компаниясына таандык. Ал "PH-Ванкор" компаниясынын мунай өндүрүүчүлөрүн жана башка ишкерлерди ташып бараткан. Тик учакта күйүүчү май болгондуктан, кулаган соң ал толугу менен күйүп кеткен. Читать дальше...

5-августка карата аба ырайы

Azattyk.org 

Кыргыз гидрометеорология агенттигинин маалыматына караганда, 5-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлөт, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36; Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34; Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37; Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29; Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29; Бишкекте 5-августта күн ачык болот. Читать дальше...



Ленин чокусунун 90 жылдыгына арналган фестивал өттү

Azattyk.org 

Ленин чокусунун 90 жылдыгына арналган фестивал 3-августта Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылында болуп өттү. Ага Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен, Ош облустук администрациясынан өкүлдөр, туристтик компаниялар жана чет элдик туристтер катышты. Фестивалдын конокторуна Чоң-Алай районунун тургундары кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш көргөзмөлөрүн, улуттук оюндарды жана өздүк көркөм чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулашты. Катышуучулар Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү жаатында алгылыктуу иштер жасалып жатканын белгилеп... Читать дальше...

Ленин чокусун адам багындырганынын 90 жылдыгы белгиленди

Azattyk.org 

Ленин чокусун адам багындырганынын 90 жылдыгына арналган фестиваль 3-августта Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айылында болуп өттү. Ага Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен, Ош облустук администрациясынан өкүлдөр, туристтик компаниялар жана чет элдик туристтер катышты. Фестивалдын конокторуна Чоң-Алай районунун тургундары кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш көргөзмөлөрүн, улуттук оюндарды жана өздүк көркөм чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулашты. Катышуучулар Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү жаатында алгылыктуу иштер жасалып жатканын белгилеп... Читать дальше...

Жүз жылда бир жаралчу баатыр эле...

Azattyk.org 

Күн өткөн сайын кандай адамдан айрылганыбызды, улуттун, мамлекеттин тарыхында, тагдырында бир кылымда бир жолу жарала турган инсандан ажыраганыбызды кабыргабыз кайышып сезип жатабыз.

Калктын ден соолугун сактоо системасын өнүктүрүү программасы кайрадан иштелип чыгат

Azattyk.org 

3-августта өкмөттө өткөн жыйында 2019-2030-жылдарга карата калктын ден соолугун сактоо системасын өнүктүрүү программасы сунушталган. Бирок өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өнүктүрүү программасында аймактардын сунуштары жана талаптары камтылбай калганын, ошол себептен программа толукталышы керек экенин айтып, аны кайрадан иштеп чыгууга он күндүк убакыт берди. - Программанын долбоору бир нече багыттар боюнча кайрадан иштелип чыгууга тийиш. Биринчиден, мазмуну. Көрсөтүлгөн чаралар ишке ашыруунун... Читать дальше...

Кытайдан качып, кыргыздан кыйналган карыя

Azattyk.org 

Турду Омуралиев 80 жашта. Ал мындан туура 45 жыл мурун Кытайдын Кызыл-Суу районуна караштуу Төмөнкүч айылынан Кыргызстанга качып келген. Турду аксакалдын ата-энеси 1916-жылы улуттук боштондук маалында падышалык орус бийлигинин кысымына чыдабай, Кытайга качып баргандардан. Турдакун Омуралиевдин айтымында, анын туугандары деле Кытайда жашайт. Буга чейин бир нече жолу барып, ал-жай сурашып келген, быйыл оорусунан улам ал жакка жетпей жатканын айтып отурду.

2018-жылдын аягына чейин өлкөнүн бардык мектептери Интернетке кошулат

Azattyk.org 

2018-жылдын аягына чейин Кыргызстандын бардык мектептери Интернетке кошулат. Бул тууралуу 3-августта өткөн өкмөт жыйынында белгилүү болду. Мектептерди дүйнөлүк түйүнгө кошуу милдеттенмесин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети моюнуна алды. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы окуу жылдын башына чейин өлкөнүн ичиндеги мектептердин 80 пайызына Интернет желеси тартылсын, ал эми 31-декабрга чейин 100 пайыз мектептерде Интернет пайда болсун деп тийиштүү органдарга тапшырма берди. Читать дальше...

Иранда нааразылык акциялары төрт күндөн бери өтүп жатат

Azattyk.org 

3-августта Ирандын бир нече шаарларындагы миңдеген митингчилер көчөгө чыгып, өлкөнүн оор экономикалык абалына тынчсыздануусун билдирди. Ирандыктар кескин өсүп кеткен инфляцияга жана анын кесепети болгон экономикалык каатчылыкка нааразы болуп бир нече күндөн бери нааразылык акцияларын улантып жатышат. "Азаттыктын" Иран кызматына келип түшкөн видеолордо Ирандын лидери Аятолла Хаменейиге каршы "Хаменейиге өлүм" деп кыйкырып жаткан митинг катышуучуларынын үнүн угууга болот.  Учурда Ирандын борбор... Читать дальше...

Мамлекеттик ЖОЖдордун ректорлорун окуу жайдын кызматкерлери шайлай турган болду

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков "Билим берүү" тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койду. Эми жогорку окуу жайлардын ректорлорун өкмөт эмес, окуу жайдын кызматкерлери добуш берүү аркылуу шайлай турган болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" илим жана билим берүү министринин орун басары Кудайберди Кожобеков кабарлады. - Мурда шайлоо өткөндөн кийин үч талапкер өкмөткө келет эле. Өкмөт алардын ичинен бирөөнү тандап бекитчү. Жаңы мыйзамдын өзгөчөлүгү эми кесиптештеринин 50%+1 добушун алган талапкерди министр шыр эле жетекчи катары бекитет. Читать дальше...

"Кызыл камчы күйөөсүн аяп койду..."

Azattyk.org 

Бишкекте чет өлкөлүк адистер үй-бүлө зомбулугунун алдын алуу жана анын курмандыктары менен туура иш алып баруу боюнча окууларды өтүп жатышат.

Алты ай ичинде ИДПнын көлөмү 213,6 млрд. сомду түздү

Azattyk.org 

2018-жылдын башынан тарта июнь айынын аралыгында ички дүң продукциянын көлөмү 213,6 миллиард сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 0,1 пайызга өстү дегенди билдирет. Бул тууралуу 3-августта Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында билдирди. - Кумтөр кенин кошпогондо өсүш 2,1% болду. Орточо жылдык инфляция 102,3% түздү. Аба ырайынын жагымсыз шарттарына жана күйүүчү-майлоочу материалдардын дүйнөдө кымбаттап кеткенине карабастан айыл чарба секторунда өсүш 1,6 пайызды түздү. Читать дальше...

Штайнхюбел: Кыргызстанды Чехияда жакшы билишет

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2017-жылы 16 миллион долларга жеткен. Кыргызстан чех бизнесмендери гана эмес, жөнөкөй туристтер үчүн да абдан кызыктуу өлкө. Чехияга саякаттаган кыргызстандыктардын да саны арбып баратат. Кыргызстан менен Чехиянын карым-катнашы тууралуу Чех жумуриятынын Астанадагы элчисинин орун басары Ладислав Штайнхюбел айтып берди.

АКШ Москвадагы элчиликте тыңчы аял иштеп жүргөн деген маалыматты төгүндөдү

Azattyk.org 

АКШнын атайын кызматы АКШнын Москвадагы элчилигинде он жылдан ашуун орус тыңчы аял иштеп жүрөт деген маалыматты четке какты. Атайын кызмат элчиликтин кызматкеринин орусиялык атайын кызматтын өкүлдөрү менен жолугуп жүргөнүн анын милдети болчу деп түшүндүрүп, муну бийлик менен мамиле түзүү катары сыпаттады. Орусиялык аялдын сыр камтыган маалыматка жолотулбаганы да айтылган. 3-августта АКШнын Москвадагы элчилигиндеги кызматкерлердин арасында он жылдан ашуун орусиялык чалгынчы аял жашыруун иштеп келгенин... Читать дальше...

Суунун баасын көтөрүү керекпи?

Azattyk.org 

Учурда Бишкектин бир жашоочусу суунун бир куб метри (1000 литри) үчүн 5,38 сом төлөйт. Өкмөт болсо суунун өздүк наркы 7,70 сомгө көтөрмөй болду. Мынча сумманы төлөгөнгө макулсузбу? Сууга бай Кыргызстанда сууну кымбаттатуу зарылбы?

Экономика министри сатыктан түшкөн салыктын өлчөмү тууралуу түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратов сатыктан түшкөн салыкты эки пайыздан беш пайызга көтөрүү тууралуу түшүндүрмө берди.  - Сатыктан түшкөн салык системасын реформалоо үч жылдан бери жүрүп жатат. Биринчи этапта бул салык экспорттоочулар үчүн жоюлган. Экинчи этапта эсепти электрондук түрдө жүргүзгөндөр да бул салыкты төлөбөй турган болгон. Мындайча айтканда бул салык нак акча менен иш жүргүзгөндөр үчүн эле күчүндө калган. Биз ушундай эле пландаганбыз. Мындай аракеттер көмүскө экономиканын көлөмүн азайтууга багытталган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *