Советтик эстраданын дагы бир жылдызы өчтү
Орус ырчысы, коомдук ишмер, СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон Москвада 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал 2005-жылдан бери онкологиялык илдеттен жабыркап келген.
Орус ырчысы, коомдук ишмер, СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон Москвада 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал 2005-жылдан бери онкологиялык илдеттен жабыркап келген.
Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” Кыргызстандын Юстиция министрлигинин расмий каттоосунан өтүп, ишмердигин баштады. Коомдук фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу көйгөйлөрдү иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле фонд журналисттик резонанстуу иликтөөлөрдүн негизинде коомдук талкууларды... Читать дальше...
Уланбек Эгизбаев атындагы “Журналисттик иликтөөлөр фонду” Кыргызстандын Юстиция министрлигинин расмий каттоосунан өтүп, өз ишин баштады. Коомдук фонд Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдоо жаатында иш жүргүзөт. Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу маселелерди иликтөөнү көздөгөн долбоорлорго сынак жарыялап, аны жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле фонд журналисттик резонанстуу иликтөөлөрдүн негизинде коомдук талкууларды уюштурат. Читать дальше...
Сириянын тышкы иштер министри Валид ал -Муалем 30-августта Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккандай кийин билдиргендей, өлкө армиясы Идлиб провинциясында “бардык жолду басып өтөт” жана эң башкы бута - “Ал-Нусра фронту” болот. “Жабхат ал-Нусра” же “Ал-Нусра фронту” уюму “ал-Каиданын” Сириядагы бөлүмү катары каралып жүрөт. Бирок 2016-жылы ал “ал-Каиданын” Сириядагы макамын жоготуп, атын “Фатих ал-Шам фронту” деп өзгөрткөн. Сириянын тышкы иштер министри Москвадан өлкө... Читать дальше...
Кыргызстан көз карандысыздык күнүн белгилеп жатат. Өлкөнүн буга чейин басып өткөн жолу татаал болду. Бирок эки ыңкылаптан кийин бийликтин тынч жол менен алмашканы башка өлкөлөргө үлгү болуп бере алабы? "Азаттык" казакстандык саясатчы Амиржан Косанов менен маектешип, пикирин тыңдады.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен. Бул тууралуу кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич “Азаттык” менен маегинде билдирди. Ал мынча акчанын өлкөдөн чыгарылганы тууралуу жетиштүү далилдер колунда бар экенин, кыргыз өкмөтү менен кызматташууга даярдыгын айтып жатат. Анын соңку маалыматына Бакиевдин үй-бүлөсү азырынча жооп бере элек. Читать дальше...
24-августтан бери Бишкекте өтүп жаткан президенттин кубогу үчүн оюн жыйынтыкталып, Таластын “Бакубат” командасы менен көлдүн “Толкун” тайпасы финалда ат салышты.
Иран өзөктүк программасын ал дүйнөнүн ири державалары менен 2015-жылы түзгөн келишимде белгиленген чекте АКШ андан чыгып кеткенине карабай кармоодо. Мындай тыянак Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭнин 30-августта жарыялаган баяндамасында айтылды. Бул - МАГАТЭнин АКШ президенти Дональд Трамп өлкөсү 2015-жылкы келишимден чыкканын жарыялаган май айынан берки экинчи баяндамасы. МАГАТЭ баяндамасында инспекторлору ал Иранда көрүп чыгышы керек болгон жайлардын баарына бара алганын да маалымдап... Читать дальше...
Өз кызматкерин травматикалык тапанча менен аткан деп шектелген Базар-Коргон райондук Мамкаттоонун башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, учурда айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан Эмилбек Тарыхчиевдин ишин президенттин тапшырмасы менен укук коргоо органдары кайрадан карай баштады. Жабырлануучу бул ишти акыйкат иликтеп берүүнү 15-августта президент менен Кочкор-Ата шаарындагы жолугушуу учурунда билдирген.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен. Бул тууралуу кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич “Азаттык” менен маегинде билдирди. Ал мынча акчанын өлкөдөн чыгарылганы тууралуу жетиштүү далилдер колунда бар экенин, кыргыз өкмөтү менен кызматташууга даярдыгын айтып жатат. Анын соңку маалыматына Бакиевдин үй-бүлөсү азырынча жооп бере элек. Читать дальше...
Көкбөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин 2018-жылдагы кубогун Таластын "Бакубат Талас" командасы алды. 30-августта Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өткөн финалдык таймашта таластык көкбөрүчүлөр Ысык-Көлдүн "Толкун" командасын 1:0 эсебинде жеңди. Бул мелдеште 3-орунду “Сары-Өзөн Рассвет” командасы алды. 3-орун үчүн болгон оюнда Чүйдүн улакчылары “Бакай-Ата Шыралжын” командасын 4:0 эсебинде жеңди. Президенттин кубогуна арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеш 17-августта башталган. Читать дальше...
АКШ президенти бул тууралуу Ак үйдө өкмөт мүчөлөрү менен жыйын болуп жатканда билдирди. - Менимче, биз Түндүк Корея менен жакшы эле иштешип жатабыз. Биз муну али карап көрүшүбүз керек. Менимче, Түндүк Корея менен маселелердин бир бөлүгү биздин Кытай менен соода талаштарыбыздан улам чыкты. Силер билгендей, Түндүк Кореяга карай жол - Кытай. Түндүк Кореяга товар менен өндүрүмдүн 93% Кытай аркылуу өтөт. Менимче, биздин Түндүк Корея менен мамилебизди Кытай кыйла татаалдаштырып жатат, - деди Трамп 29-августта. Читать дальше...
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 31-августта Бишкек шаарынын борбордук аянтында эгемендиктин 27 жылдыгын майрамдоого катышпайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Ал муну мурдагы мамлекет башчысынын ден соолугу жол бербегени менен түшүндүрдү: - Алмазбек Шаршенович Атамбаев ден соолугуна байланыштуу 31-август - Эгемендүүлүк күнүн үй-бүлөсү менен белгилейт. Тилекке каршы, жакында... Читать дальше...
Москва бул машыгууну Сирия маселеси боюнча чыңалуу күчөгөн учурда өткөргөнү турат. Коргоо министрлигинин бүгүнкү жарыясына караганда, 1-8-сентябрда боло турган машыгууларга 25 аскердик кеме, 30тай аскердик учак тартылат. Москва деңиздеги машыгуу тууралуу Сириянын армиясы Идлиб провинциясында “антитеррордук” деп мүнөздөлгөн ири операцияга даярданып жаткан учурда билдирди. АКШ, Британия жана Франция эки күн мурда БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Сириянын бийлигин Идлибге чабуул коюу учурунда химиялык курал колдонбоого чакырып... Читать дальше...
Кыргызстандык спортчу Владимир Золоев ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында дзюдо боюнча мелдеште коло байгенин ээси болду. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Золоев 81 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 3-орун үчүн беттеште жапониялык Такеши Сасакини таза жеңип алды (Иппон, 10S1 - 0). Золоев бул мелдеште жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Алгач сириялык Касем Мохаммадды таза утуп, чейрек финалда түштүк кореялык Ли Сеунг Суга жеңилген. Кийин жооткотуучу беттеште кытайлык Гао Хайюайнды жеңип... Читать дальше...
Памир кыргыздары Түркиянын Ван аймагына көчүрүлүп келип, айыл куруп отурукташканына быйыл 36 жыл болуптур. Бул айылдын аты Улуу Памир деп аталат.
Сумо күрөш ассоциациясынын вице-президенти Эмиль Джамангулов кыргыз сумочулары багындырчу ийгиликтер алдыда экенин айтты.
Пакистанда 10 миңдей адам Нидерландда Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатуралар боюнча сынак өткөрүлүшүнө каршы чыгышты. Сириянын өкмөттүк армиясы Идлиб провинциясында масштабдуу операция баштоого камданып жатат. Уйкусу качкандар үчүн робот жаздык.
Он биринчи кылымда курулган "Өзгөн мунарасын" жана анын айланасында салынып жаткан музейди "Сулайман-Тоо" комплексинин карамагына өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу "Сулайман-Тоо" музей-комплексинин жетекчиси Султан Абдырахманов "Азаттыкка" билдирди. Уша тапта Ош шаарында жайгашкан "Сулайман-Тоо" археологиялык музей-комплексинин карамагына Ноокат районундагы үч музей кирет. Өзгөн шаары Кыргызстандагы байыркы шаарлардын бири. Анын караханиддер доорунда түптөлгөнү тарыхый тастыкталган. Читать дальше...
Гуштини милли камарбанди (гуштини – күрөш, камарбанд – кур, милли – улуттук) — тажик элинин улуттук күрөш түрлөрүнүн бири. Бел боо күрөшү деп атаса да болот. Тарых булактарында бул күрөш 6000 миң жыл мурда эле пайда болгону жазылат.
Жалал-Абад шаарында 275 орунга ылайыкташкан эки кабаттуу №6 мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилип, 30-августта анын ачылышы болду. 2014-жылы авариялык абалдагы бул мектепте окуган 300дөн ашык бала №7 мектептин имаратына көчүрүлүп, ошол жакта билим алып келген. Ошол кездеги бийликтин тапшырмасы менен 2014-жылы башталган мектептин курулушуна 59 миллион сомго чукул каражат сарпталган. Акча тартыштыгынан улам курулуш өз мөөнөтүндө бүтпөй калганы айтылды. Жалал-Абадда 20 орто мектеп бар. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда... Читать дальше...
31-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28; Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 22...27; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30; Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30; Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12... Читать дальше...
Орус ырчысы, коомдук ишмер, СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон Москвада 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтканын маалымат агенттиктери кабарлашты. Медиада ал 2005-жылдан бери онкологиялык илдеттен жабыр тартары айтылып келген. Мурда СССРдин аймагында эстрада ырчысы катары таанылган Кобзон депутаттыкка алгач 1990-жылы шайланган. 1997-жылдан бери Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты болчу. 2014-жылдын мартында ал Орусия президентинин Крым боюнча саясатын колдоого чакырган маданият ишмерлеринин кайрылуусуна кол койгон. Читать дальше...
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында бүгүн, 30-августта чыккан өрттөн болжол менен 200 чарчы метр аянт өрттөндү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Чаргынов "Азаттыкка" билдиргендей, кырсык келтирген чыгым азырынча тактала элек. Буга чейин ӨКМ Филармониядагы өрт саат 14:00дө чектөөгө алынганын, азыр аны өчүрүү иштери уланып жатканын билдирген. Анын себептери азырынча белгисиз.
55 жаштагы Салтанат Соодонбекова 23-августта Бишкектеги Темир жол ооруканасында жүрөк талмасынан көз жумду. Анын жакындары Салтанатка 22-август күнү Ысык-Ата аймактык ооруканасындагы дарыгерлер туура эмес диагноз койгондон улам каза тапканын айтышып, "Азаттык" радиосуна кайрылышты.