Тажикстанда 10 эркекке ВИЧ жуктурган аял түрмөгө кесилди
Хатлон облусундагы Шаартуз райондук соту 10 эркекке ВИЧ инфекциясын жуктурган, сойкулук менен акча тапкан аялды бир жыл эркинен ажыратты.
Аты-жөнү А.З. деп шарттуу белгиленген аял "өзү сексуалдык кызмат көрсөткөн бир нече эркекке илдетти жуктурган" деп айыпталды.
Сот залында айыпкер мындан ары "сойкулукка барбайм" деп убада берип, кечирим сураган. Сот анын үй-бүлөлүк оор шартын эске алып, өкүмүн жумшартты.
Шаартуз районунун прокурору Үмөт Каримзоданын белгилешинче, мыйзамда мындай кылмыш үчүн эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Жазага тартылган аял 30 жашта, эки баланын энеси. Күйөөсү менен ажырашкандан кийин сойкулук кылып, акча тапкан. Ал 2014-жылдан бери жергиликтүү СПИД борборунда каттоодо турат.
Коркунучтуу илдетти жуктургандар негизинен жергиликтүү бойдок жигиттер.
Тажикстанда ВИЧти массалык түрдө жуктурган деген айып менен биринчи киши жазага тартылды.
Хатлон облусунда үч миңге чукул киши ВИЧ илдетин алып жүрүүчүлөр деп каттоодо турат. Алардын миңге чукулу аялдар, көбү баңги зат колдонгондор жана сойкулар.