“Таза коом” долбооруна мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 500 млн. сомдун 365 млн. сому ушул долбоорду ишке ашырууга жумшалды. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди.
- Бул долбоор саясатка байланыштуу токтоп калган жок, аны ишке ашыруу улантылып жатат. Негизи “Таза коом” долбоорун азыркы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде 2017-жылдын башында баштаган. Программаны алкагындагы биринчи долбоорлор 2017-жылдын 15-августунда бекитилген, ал эми жалпысынан 30 долбоор бекитилген. Учурда алардын ар кайсынысы ар кайсы деңгээлде турат, бирок токтоду деп айта албайбыз. Санариптик трансформация биздин өлкөгө, биздин жарандарыбызга керек, ошондуктан биз бул долбоорду аягына чыгарабыз. Акча бөлүнгөн, 500 млн. сомдун 135 млн. сому бекитилбей калган. Калганы иштетилип, техникалык жумуштарга жана техникалык-экономикалык негиздемелерге жумшалып жатат, - деди Шаршембиев.
Комитет төрагасы мисал катары 30 долбоордун бири “Түндүк” деп аталаарын, ал мамлекеттик органдардын автоматташтырылган системасын бири-бири менен байланыштырып жатканын билдирди. Анын айтымында, "Түндүк" долбооруна азыр 22 мамлекеттик ишкана кошулду. Шаршембиев “Таза коом” программасы качан толук ишке ашып бүтөөрүн айткан жок. Ал “Азаттык” менен болгон маегинде “Таза коомдун” алкагындагы “Коопсуз шаар” долбоору жөнүндө да маалымат берип, өкмөт аны быйыл жыл аягына чейин ишке киргизүүнү пландап жатканын кошумчалады.
Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук программасын былтыр апрелде жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков премьер-министр кезинде бул долбоорду өз командасынын программасы катары илгерилеткен болчу. (ErN)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Семинар библиотекарей Ленинского округа прошел в Центральной библиотеке
«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Объект культурного наследия «Фабрика-кухня» горит на севере Москвы
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
«Утки плыли по тротуарам»: река Яуза вышла из берегов из-за сильного ливня в столице
В Москве горит неэксплуатируемое здание на территории бывшего ОКБ "Сухой"
В Московской области сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже электроинструментов
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде