29-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
29-августта тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,
Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26,
Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 13...15, күндүз 27...29,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25,
Бишкек шаарында түнкүсүн 10...12, күндүз 25...27 градус болот. Жаан-чачын жаабайт.