31-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
31-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 23...28;
Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 22...27;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30;
Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22;
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22 градус жогору болот.
Бишкекте 31-августта жаан-чачын жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 26...28 градуска чейин жогорулайт.