Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Интерполдун жетекчисинин дайыны чыкпай жатат

0
Интерполдун президенти Мэн Хунвэйден кабар болбой жатканына байланыштуу Франциянын полициясы иликтөө баштады. 


Ал 29-сентябрдан бери байланышка чыкпай жатканын "Reuters" агенттигине полициядагы маалымат булагы кабарлаган. 


Маалыматка караганда, полицияга Хунвэйдин аялы кайрылып, күйөөсү Кытайга кеткенден бери байланыш үзүлгөнүн айткан. 


Интерпол - күч түзүмдөрүнүн аракеттерин бириктирип, эл аралык издөө жүргүзгөн орган. Анын курамына 190 өлкө кирет. Баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында. 


64 жаштагы Мэн Хунвэй Интерполдун жетекчилигине 2016-жылы ноябрда шайланган. Ага чейин Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басары болчу. 














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *