Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 21.10.2018

Ооганстанда шайлоо кол салуулар менен коштолду

Azattyk.org 

21-октябрда Ооганстанда өз мөөнөтүнөн үч жылга кечигип өткөн парламенттик шайлоо аяктады. Эки күн ичинде өлкө аймагында эки жүздөй кол салуу болуп, элүүдөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Трамп: АКШнын БУУдагы жаңы элчиси жакында дайындалат

Azattyk.org 

Президент Дональд Трамп АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу элчиси жакын арада дайындаларына үмүт кылып жатканын жана бул кызматка ал аял элчини көрсөтүүгө кызыкдар экенин айтты. Бул тууралуу АКШ президенти 20-октябрда Невададагы сапары маалында билдирди. Ал ошондой эле буга чейин бул кызматка каралып жаткан беш адам менен маектешкенин кошумчалады. Трамптын айтымында, беш талапкердин үчөө аял. АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли кызматын жыл аягында тапшырарын Трамп 9-октябрда күтүүсүздөн жарыялаган. Читать дальше...

Польшада аймактык шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

21-октябрда Польшада шаардык, айылдык кеңештердин депутаттарын, мэрлерди жана район башчыларын шайлоо өтүп жатат. Өлкөнүн 37 миллиондой калкынын 30 миллионго жакыны добуш берүүгө укуктуу. Алдын ала сурамжылоолорго караганда бийликтеги консервативдик көз караштагы "Укук жана адилеттик" партиясы алдыга оозуп чыкты. Ал эми андан кийинки сапта "Жарандык платформа" партиясы келатат. "Жарандык платформа" партиясы демократиялык, европачыл деп саналса, бийликтеги "Укук жана адилеттик" партиясы улутчул жана консервативдүү деп эсептелет. Читать дальше...

Тайвандагы поезд кырсыгы 17 кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Тайвандын чыгышындагы поезд кырсыкка кабылып, кеминде 17 киши каза тапты. Жарадарлардын саны 100дөн ашканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Баштапкы маалыматтарга караганда поезд рельстерден чыгып кеткен. "Тайван темир жолдору" ишканасынын маалыматына караганда, Йилан аймагында кырсыктаган тез ылдамдыкта жүрүүчү поезддин ичинде 366 жүргүнчү болгон. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.

Куртулмуш: журналисттин өлүмү боюнча “бардык чындыкты” айтабыз

Azattyk.org 

Түркиянын башкаруучу партиясынын төрагасынын орун басары Нуман Куртулмуш Жамал Хашоггинин өлүмү боюнча “бардык чындыкты” ачууга убада берди. Өлкөнүн мурдагы вице-премьер-министри Куртулмуш “Түркия муну жашырууга жол бербейт”, – деп айтканын "Associated Press" агенттиги жазды. Куртулмуш Хашоггинин өлүмү толугу менен иликтене турганын айтты. Куртулмуш муну Сауд Арабия бийлиги оппозициялык журналист бул өлкөнүн Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөнүн моюнуна алгандан кийин айтты.   Ишембинин түнүндө... Читать дальше...

Ооганстанда шайлоо учурунда 200дөй кол салуу болду

Azattyk.org 

Парламентик шайлоо учурунда согушкерлер 200гө жакын чабуул жасашты. Бул тууралуу жергиликтүү кабарчылар маалымдашты. Кабарларга караганда, кол салуулардан кеминде 50 киши набыт болуп, 200гө жакын адам жарадар болду. "Associated Press" агенттиги жекшембиде Ооганстандын чыгышындагы провинциялардын бириндеги жардыруудан алты бала мүрт кеткенин кабарлады. Жергиликтүү бийлик кол салуулар үчүн “Талибан” радикал тобун айыптады. Ооганстандан ички иштер министри Вайс Ахмад Бармак кол салуулар көбүнчө шайлоо бекеттерине багытталганын билдирди. Читать дальше...

Шойгу: Сирияда 87 миңден ашык согушкер өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Сириядагы аскердик аракеттердин жыйынтыктары боюнча отчет берди. Анын айтымында, Сирияда “Ислам мамлекетинин” саясий максаттар үчүн куралданган мыйзамсыз топтору жок кылынды. Шойгу “Ушул мезгилге чейин 87 миңден ашык согушкер жок кылынып, 1411 калктуу конуш жана Сириянын 95% аймагы бошотулду”, – деди. Министрдин айтымында, Сирия өкмөтү өлкөнүн 90% аймагын өз көзөмөлүнө кайтарды.     Шойгу бул маалыматтарды Сингапурда өткөн Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн бирикмесинин... Читать дальше...



Кеминдеги жол кырсыгынан ымыркай каза тапты

Azattyk.org 

Чүйдүн Кемин районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда "Mercedes Benz" жана "Toyota Harrier" үлгүсүндөгү машинелер кагышып, кырсыктан бир киши жана үч айлык ымыркай каза тапты. Ошондой эле бир нече адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. Кырсык 21-октябрда эртең менен болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча "Mercedes Benz" машинесинин айдоочусу жолдо уктап кеткен. Кырсыкты тергөө иштери башталды. (TSh)

Кеминдеги жол кырсыгында ымыркай каза тапты

Azattyk.org 

Чүйдүн Кемин районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда "Mercedes Benz" жана "Toyota Harrier" үлгүсүндөгү машинелер кагышып, кырсыктан бир киши жана үч айлык ымыркай каза тапты. Ошондой эле бир нече адам жаракат алып ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашты. Кырсык 21-октябрда эртең менен болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча "Mercedes Benz" машинесинин айдоочусу уктап кеткен. Кырсыкты тергөө иштери башталды. (TSh)

“Йакын инкар” Казакстанда экстремисттик уюм деп табылды

Azattyk.org 

Астананын Есиль райондук сотунун 10-октябрдагы чечиминин негизинде “Йакын инкар” Казакстанда экстремисттик уюм деп табылды. Астана шаарынын прокуратурасы өз ыйгарым укугунан пайдаланып аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салуу боюнча сотко кайрылган. Бул тууралуу маалымат Казакстандын Башкы прокуратурасынын расмий сайтына чыкты. Соттун чечимине ылайык, “инкарчылардын” адабияттарын, ар кандай материалдарын социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууга жана көтөрүп жүрүүгө тыюу салынат. Читать дальше...

Миң-Кушта ишкер аялдарды даярдаган окуулар башталды

Azattyk.org 

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму миңкуштук аялдарга бизнес долбоорун даярдоо боюнча окууларды өткөрүп жатат. 20-октябрда башталган тренинг аялдардын тең укуктуулугун колдоо максатында уюштурулган. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган уюмдун өкүлү Аида Байжуманова билдирди. Семинарга жалпысынан жыйырмадай аял катышып, айыл жергесинде чакан бизнес ачуу жолдорун үйрөнүшөт. Натыйжада реалдуу бизнес идеясы бар аялдарга Германиянын Кыргызстандагы элчилиги иш баштоо үчүн баштапкы чыгымдарына чакан грант берет. Читать дальше...

Аба ырайы: күн жылуу болот

Azattyk.org 

22-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+6, күндүз 14...19; Талас жергесинде түнкүсүн 1... +4, күндүз 13...18; Баткен облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20; Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+2, күндүз 3...8; Нарын облусунда түнкүсүн -1...-10, күндүз 3....8 болот. Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жамгыр жаабайт. Читать дальше...

Айыл чарба министрлиги: быйыл буудайдын түшүмү мол болду

Azattyk.org 

Учурда өлкө боюнча 676,8 миң тонна буудай жыйналды. Былтыркыга караганда бул көрсөткүч 37 миң тоннага көп. Мындай маалымат Айыл чарба министрлигинин отчетунда айтылат.    Жалал-Абад облусу бир гектар жерден 31 центнер буудай жыйнап, өлкө боюнча алдыңкы сапка чыкты.   Кыргызстан өзүнө жетиштүү буудай өндүрүп, ун менен камсыз кыла албайт. Өлкө калкы бир жылда 600 миң тонна ун керектейт. Мындай өлчөмдөгү унду алуу үчүн 800 миң тонна буудай зарыл. Ошондуктан ун өндүрүүчүлөрдүн негизги сырьесу Казакстандын буудайы бойдон калууда. Читать дальше...

Акыйкатчы менен “Сезим” кризистик борбору кызматташат

Azattyk.org 

Акыйкатчы институту менен “Сезим” кризистик борбору кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Макулдашуу документинин мөөнөтү беш жыл деп белгиленди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 18-октябрда акыйкатчы Токон Мамытов аялдардын жана балдардын укугун коргоо жаатында иш алып барган кызматкерлер менен биргеликте “Сезим” кризистик борборуна барып, уюмдун өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алмашкан.  Жолугушууда... Читать дальше...

Лондондо демонстранттар Брексит боюнча референдумду талап кылышты

Azattyk.org 

20-октябрда Лондондо Британиянын Евробиримдиктен чыгуусуна каршы массалык демонстрация өттү. Мындай көп сандагы адамдар катышкан акция акыркы он беш жылдан бери алгачкы жолу өтүп жатат. Уюштуруучулардын айтымында демонстрацияга 600 миңдей киши катышты. Скотленд-Ярд (полиция) нааразычылык акциясына чыккандарды санай албай турган абалда экенин моюнга алды.     Манифестант топ Брексит боюнча экинчи реферондум өткөрүүнү талап кылышты. Алар азыр абал өзгөргөнүн, Евробиримдиктен чыгууга добуш бергендер... Читать дальше...

Лондондо Брексит боюнча дагы бир референдум өткөрүү талабы коюлду

Azattyk.org 

20-октябрда Лондондо Британиянын Евробиримдиктен чыгуусуна каршы демонстрация өттү. Мындай көп сандагы адамдар катышкан акция акыркы он беш жылдан бери алгачкы жолу өтүп жатат. Уюштуруучулардын айтымында, демонстрацияга 600 миңдей киши катышты. Скотленд-Ярд (полиция) нааразычылык акциясына чыккандарды санай албай турган абалда экенин моюнга алды.     Манифестант топ Брексит боюнча экинчи референдум өткөрүүнү талап кылышты. Алар азыр абал өзгөргөнүн, Евробиримдиктен чыгууга добуш бергендер Британиянын... Читать дальше...

"Кадр тандоодо ката көп кетти"

Azattyk.org 

"Кыргызстанда саясий жана административдик жетекчи кызматтарга даярдоо менен дайындоонун сапаты өзгөрдүбү? Кадрлардын улуттук резервин түзүү натыйжа бердиби?" деген суроолор кайрадан күн тартибине чыкты.

Ооганстанда шайлоо учурундагы жардырууда 25 киши өлдү

Azattyk.org 

Шайлоо бекетинде жана өкмөттүк күчтөргө кол салуудабери дегенде 25 киши набыт болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун Ооган кызматы маалымдады. Медициналык кызматтын өкүлдөрү Кабул аймагындагы бир нече жардыруудан кеминде үч киши өлүп, отуздан ашыгы жарадар болгонун маалымдады. Гор борбордук провинциясында 11 полиция, Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясынын түндүгүндө үч киши каза болгон.   Ооган президенти Ашраф Гани кол салууларга карабай “бардык оогандыктар, жаштар, карылар, аял-эркектер... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *