Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 12.10.2018

Никеден мурун догдурга бар

Azattyk.org 

Азыр жаштар үй-бүлө куруу алдында ден соолугун чыңдап, медициналык текшерүүдөн өтүшөбү? Жубай күтүү үлпөт той менен гана чектелбесин, дени сак баланын төрөлүшү үчүн аял-эркек бирдей жоопкер экенин билишеби? “Азаттык+” программасынын кезектеги чыгарылышында ушул суроолорго жооп издейбиз.

Бабановдун тарапташы ортого түштү

Azattyk.org 

Жакында Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев президентке кайрылып, партиялашы Өмүрбек Бабановдун ишин калыс карап берүүнү өтүндү.

Эки аткаминерди иштен кетирген жаңжал

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан кызматтан алынды. Ал арада Кылычбек Султан президент Жээнбековдун бийлигин тааныбай турганын айтып, чет өлкөдөн башпаанек сурады.

Түрк соту америкалык динаятчыны бошотууну чечти

Azattyk.org 

Анкара  менен  Вашингтондун ортосундагы дипломатиялык жаңжалга себеп болгон динаятчы Эндрю Брансонду бошотуу жөнүндө чечимин  бүгүн  Измир шаарынын  соту  чыгарды. Соттун чечимине ылайык, Брансон үч  жыл бир жарым  айга  кесилди, бирок  ал  жазасынын  калган  мөөнөтүн  өтөбөйт  жана  Түркиядан АКШга кете да  алат. Түркияда жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери жашаган америкалык евангелист пастор 2016-жылы октябрда кармалып, тыңчылык жана терроризм боюнча айыпталган. Түркиялык прокурорлор ал АКШдагы түрк диниятчысы... Читать дальше...

Орусияда “Союз” кемесиндеги авариянын баштапкы себеби айтылды

Azattyk.org 

"Роскосмос" агенттигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, “Союз” кемеси орбитага көтөрүлгөн учурдагы авариянын түздөн-түз себеби биринчи жана экинчи баскычтары ортосунда элементтердин кагылышы болгон.  "Роскосмостун" өкүлү Сергей Крикалевдин айтымында, авариянын себебин биротоло аныктоо иши 20-октябрга барып аяктайт. Мурдараак орусиялык “Коммерсанть” басылмасы өз булактарына таянып, “Союз” космос кемеси капталында жайгашкан, биринчи баскычтагы төрт блоктун бириндеги бузуктан улам аварияга кабылышы мүмкүн экенин билдирген. Читать дальше...

Кыргызстан ШКУнун каржылык механизмдерин тезинен түзүүгө чакырды

Azattyk.org 

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-октябрда Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбү шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин премьер-министрлеринин кеңешмесинде ушундай чакырык таштады.  “ШКУнун мейкиндигинде экономика чөйрөсүндөгү долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырыш үчүн кыргыз тарап уюмдун каржылык механизмдери, ШКУнун Өнүгүү банкы тезинен түзүлүшүн жактайт жана бул каржылык институттун баш кеңсесин Кыргызстандын... Читать дальше...

Баткенде ит талаган сегиз жаштагы баланын абалы оор

Azattyk.org 

Баткенде ит талаган бала оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, окуя бүгүн түштөн кийин болгон. Сегиз жаштагы баланы ит талап, ал башынан, мойнунан жана бетинен көп жараат алган. Башы чайкалып, 1-даражадагы нес абалга кептелген. Дарыгерлер алгачкы хирургиялык тазалоо иштерин жүргүзүп, баланы кутурмага каршы эмдешти.

Кыргызстандык мигранттын жазасы жеңилдеди

Azattyk.org 

Москвада жүргүнчүлөрдү сүзгөн кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу жазасын эркиндикте өтөмөй болду. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев диний радикализм менен күрөшүү үчүн Интернет портал ачууну сунуштады. Угандада жер көчкү 31 адамды басып калды.



Стамалиева: Кылычбек Султан айткандын баарын иликтедик, башпаанек сураганы түшүнүксүз

Azattyk.org 

“Президенттик аппарат Кылычбек Султан көтөргөн маселелерди көз жаздымда калтырбай териштирди. Андыктан анын башпаанек суроо жөнүндө чечимин түшүнө албай жатабыз” деп билдирди бүгүн “Азаттык” радиосуна мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева. Стамалиева Кылычбек Султан буга чейин президенттин жеке кабыл алуусун суранып бир нече ирет кайрылганын, бирок ага Сооронбай Жээнбековдун бардык элчилер менен расмий жолугушуусу күз айларына пландалып жатканы тууралуу жооп берилгенин айтты... Читать дальше...

Казакстан Кыргызстандан эт ташып кирүүнү чектеди

Azattyk.org 

Казакстан Кыргызстандан эт азыктарын ташып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу бүгүн казак Айыл чарба министрлиги расмий кабарлады. Мекеме тараткан билдирүүдө Кыргызстанда малдын ылаңы боюнча абал жакшы эмес болуп жатканына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынганы айтылат. Кыргыз тарап мындай чечимге макул болбой, расмий кайрылуу даярдап жатканын бүгүн “Азаттык” радиосуна Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын Чек ара көзөмөл башкармалыгынын башчысы Төлөнбек Рысалиев билдирди... Читать дальше...

Экс-элчи Кылычбек Султан чет өлкөдөн башпаанек сураганын билдирди

Azattyk.org 

Кылычбек Султан чет өлкөдөн башпаанек сурады. Бул тууралуу ал бүгүн "Фейсбуктагы" жеке баракчасына жазды, бирок кайсы мамлекетте калууну чечкенин жарыялаган жок.  Султандын өзү менен байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатат, бирок “Азаттык” радиосунун жеке булактары маалымдагандай, ал башпаанек сурап Малайзиянын бийлигине кайрылды.  Бүгүн, 12-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кылычбек Султан Кыргызстандын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Читать дальше...

Президент Кылычбек Султанды элчилик кызматтан бошотту

Azattyk.org 

Кылычбек Султан Кыргызстандын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жакында Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузуу тууралуу билдирүү тараткан. Президент Сооронбай Жээнбеков андагы маалыматтарды текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган. Катчылык кечээ өз корутундусун жарыялады. Анда ТИМ системасында мыйзам бузулган учурлар болгону аныкталганы айтылат. Читать дальше...

ЭВФтин башчысы глобалдык соода системасын реформалоого чакырды

Azattyk.org 

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) башчысы Кристин Лагард бул тууралуу бүгүн Индонезиядагы жыйында сүйлөгөн учурунда билдирди: - Биздин эсеп боюнча азыркы соода тирешинин курчушу глобалдык ички дүң өнүмдү алдыдагы эки жылда дээрлик 1%га азайта алат. Андыктан биз бул тирешүүнү жөнгө салышыбыз зарыл. Бирок аны менен катар глобалдык соода системасын реформалап, аны жакшыртып, кыйла адилетүү, күчтүү, келечекте бардык өлкөлөр жана адамдар үчүн пайдалуу болгудай кылышыбыз абзел, - деди Лагард. Дүйнөдө... Читать дальше...

Эр уруш: мушкерлерди колдогон уюм ачылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда эрежесиз эр уруш боюнча мелдеш өткөрө турган “Чебер мушкерлер лигасы” (PFL KG) аттуу жаңы уюм түзүлдү. Федерация өкүлдөрү алар менен келишим түзгөн мушкерлерге "жылына 10 миң доллар каражат төлөп беребиз" деп убада берип жатат.

Ислам Каримовдун уулу “Өзбекстан аба жолдорун” сотко берди

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун биринчи никесинен туулган уулу Петр Каримов “Өзбекстан аба жолдору” компаниясына каршы доо арыз менен Москванын Тверь райондук сотуна кайрылган. Бул райондук соттун өкүлдөрү “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысына Каримов аттуу жарандан чын эле доо арыз түшкөнүн, соттук отурум 24-октябрга белгиленгенин ырасташты. Айрым массалык маалымат каражаттарынын кабарларына караганда... Читать дальше...

Жээнбеков Абдылдаевдин арызын кабыл алды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин отставкасын кабыл алды. Мамлекет башчысы бүгүн кол койгон жарлыкка ылайык, ал министрлик кызматтан бошотулду. Буга чейин Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузулган учурлар тууралуу билдирүү менен чыккан. Президент Сооронбай Жээнбеков анын билдирүүлөрүн текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган. Катчылык кечээ өз корутундусун жарыялады. Читать дальше...

Жээнбеков Абдылдаевдин иштен кетүү тууралуу арызын кабыл алды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин иштен кетүү жөнүндө өтүнүчүн канааттандырды. Мамлекет башчысы бүгүн кол койгон жарлыкка ылайык, ал министрлик кызматтан бошотулду. Буга чейин Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузулган учурлар тууралуу билдирүү тараткан. Президент Сооронбай Жээнбеков анын билдирүүлөрүн текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган. Катчылык кечээ өз корутундусун жарыялады. Читать дальше...

Экономика кедерине кетти

Azattyk.org 

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) 2018-жылдын жыйынтыгы менен Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен экономиканын эң төмөн көрсөткүчү Кыргызстанда болорун билдирди.

Германия болгар журналистин өлтүрдү деп шек саналгандарды өткөрүп берет

Azattyk.org 

"France-Presse" агенттиги кабарлагандай, бүгүн, 12-октябрда Германиянын Целле шаарынын соту ушундай чечим кабыл алды. Болгарияга экстрадицияланганга чейин кылмышка шектүү Германияда камакта болот.  21 жаштагы Северин Красимиров Германияда болгариялык журналист Виктория Маринованы өлтүрдү деген шек менен камакка алынган. Тергөөнүн маалыматтарына караганда, ал журналисттин сөөгү табылган Болгариянын Русе шаарынан Германияга келген. Тергөө кылмышка шектүүнүн киши өлтүрүүгө тиешеси тууралуу далилдери жетиштүү экенин... Читать дальше...

Эрлан Абдылдаев ТИМдин жетекчилигинен кеткенин жарыялады

Azattyk.org 

Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министр кызматынан кеткенин жарыялады. Бүгүн ал жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү таратып: “Министр болуп алты жыл иштеп, өз каалоом менен кызматтан кетүү тууралуу арызымды жаздым. Мамлекет башчысы аны кабыл алды. Кызматташтарыма, биринчи кезекте Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерине ыраазылык айтам. Мага ишенип, колдогондордун баарына рахмат” деди. Абдылдаев 52 жашта. Ал министр болуп 2012-жылы дайындалган. Буга чейин Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султан... Читать дальше...

13-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

13-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-23 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 4...9, күндүз 11...16, Таласта түнкүсүн 2..7, күндүз 10...15, Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20, Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 12...17 градус болот. Читать дальше...

Орусияда “Союз” кемесиндеги авариянын себептери иликтенүүдө

Azattyk.org 

Орусиялык “Коммерсанть” басылмасынын өз булактарына таянып жазганына караганда, “Союз” космос кемеси капталында жайгашкан, биринчи баскычтагы төрт блоктун бири бузулгандыктан аварияга кабылышы мүмкүн. Басылманын маектеши белгилегендей, бул азыр атайын комиссия иликтеп жаткан үч себептин бири. Авариянын себептерин аныктоого бир ай бөлүнгөн. Иликтөө бүтмөйүнчө Орусияда “Союз” кемелерин учурууга тыюу салынды. “Союз” кемеси ушул бейшемби күнү "Байкоңур" космодромунан көтөрүлгөндөн саналуу мүнөттөрдөн кийин аварияга кабылып... Читать дальше...

АКШда акысыз билим алуунун жолу көп

Azattyk.org 

4-октябрда АКШ элчилигинин демилгеси менен Борбор Азияда "АКШнын билим жармаңкеси" башталат. Анда Кошмо Штаттарынын коллеж, университеттерин өкүлдөрү келип, аймактагы жаштарга Америкада окуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берет. Кыргызстандагы АКШ элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Оливия Фей Стивенс "Азаттык" радиосунун угармандарына бул жармаңкенин максаты, ошондой эле АКШда окууга өтүш үчүн кандай даярдыктар керек экени тууралуу айтып берди.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *