Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 18.10.2018

Араб журналисттин арсар тагдыры, кыйыр кезген кытай туристтери

Azattyk.org 

Сауд Арабия падышалыгын сындап жүргөн журналисттин дайынсыз жоголушу дүйнө коомчулугун бушайманга салды. Дүйнөдө саякатка чыгып, акча сарптаган кытай жарандарынын катары калыңдады. Толугураак "Биз жана дүйнө" берүүсүнөн көрүңүз.

"Кара тизменин" кайгысы жеңилдеди

Azattyk.org 

Кыргыз-орус президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин Орусияга кирүүгө тыюу салынган «кара тизмедеги» жарандарга кайрадан өлкөгө кирүүгө уруксат берилди.

Уланбек улуттун абийирине айланды

Azattyk.org 

"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаевге "Улут абийири" наамы ыйгарылды. Салижан Жигитов атындагы бул наамын ыйгаруу жана сыйлыгын тапшыруу аземине маркумдун жакындары, коомдук-саясий ишмерлер, маркумдун кесиптештери катышты. Интеллигенция өкүлдөрү бул сыйлык рухий жакырчылыкка батып турган кыргыз коомун адилеттикке чакырган татыктуу уулга берилгенин белгилешти.

Путин Керчтеги кол салууну дүйнөлөшүүнүн натыйжасы катары баалады

Azattyk.org 

Керч политехникалык коллежиндеги кол салууда жарадар болгон дагы бир киши көз жумду. Курман болгондордун саны эми 21 кишиге жетти. Бул тууралуу шаардын администрациясы билдирди. Бардык маркумдардын тек-жайы аныкталды. Орусия Украинадан аннексиялап алган Крымдын өкмөтү жарыялаган тизмеде өлгөндөрдүн арасында 15 окуучу, анын ичинде кол салган жигит да бар. Акыркы маалыматтарга караганда, 70тен көп киши жабыркады. 17-октябрда окуу жайдын студенти, 18 жаштагы Владислав Росляков аңчылык мылтыктан туш келди ок атып... Читать дальше...

Орусия "кара тизмедеги" кыргызстандык мигранттарга мунапыс берди

Azattyk.org 

Кыргыз-орус президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин Орусияга кирүүгө тыюу салынган «кара тизмедеги» жарандарга кайрадан өлкөгө кирүүгө уруксат берилди. Ага ылайык, Орусиянын аймагында миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн жарандар өлкөдөн чыгып, кайра жаңы миграциялык карта менен кирсе болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова кабарлады. Маалыматка караганда, мунапыс Орусияда бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган же учурда... Читать дальше...

Конституциялык палатанын чектелүү чечими

Azattyk.org 

Жогорку соттун Конституциялык палатасы "башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугусуз коргой албайт" деген чечим кабыл алды. Бул чечимди кубаттагандар да, сындагандар да бар.

Көкбөрү боюнча өлкө чемпионаты Ош шаарында өтөт

Azattyk.org 

Көкбөрү боюнча өлкө чемпионаты Ош шаарында өтөт. Ага Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас обустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын курама командалары катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын баш катчысы Кувватбек Аскаров билдирди. - Өлкөнүн көкбөрү боюнча чемпионаты 2014-жылдан бери өткөрүлбөй келген. Биз бул мелдешти кайра жандантык. Максат - аймактардагы көкбөрү оюнун өнүктүрүү. Чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө "Улуттук спорт түрлөрү боюнча спорт чебери" деген наам берилет, - деди Кувватбек Аскаров. Читать дальше...



Кандагарда АКШ менен Ооганстандын өкүлдөрү жыйын өткөргөн жерде атышуу болду

Azattyk.org 

Ооганстандын Кандагар чөлкөмүндө полициянын таасирдүү жетекчиси талибдердин чабуулунан улам мерт болду. Ооганстандын чалгын кызматынын расмий өкүлү радиобуздун ооган редакциясына айтып бергендей, бейшембиде АКШ менен Ооганстандын коопсуздук органдарынын өкүлдөрү жыйын өткөргөндөн кийин губернатордун кеңсесинде атышуу башталган. Генерал Абдул Разык окко учуп каза болду. НАТОнун маалымат өкүлү АКШнын Ооганстандагы жогорку командачыларынын бири генерал Скот Миллер да жыйынга катышканын, бирок жабыркабаганын билдирди. Читать дальше...

ЕАЭБ: дыйканды томсорткон арзанчылык

Azattyk.org 

Кыргызстанда айыл чарба азыктарын ЕАЭБ аймагына экспорттоодо күтүлгөн натыйжа болбой, келип чыккан машакаттар чечилбей жатканы айтылууда.

Пластикалык хирургияны кимдер жасатат?

Azattyk.org 

Акыркы кезде Кыргызстанда да денесинин ар кайсы жерине пластикалык операция жасаткан адамдар көбөйдү. Эл арасында операциядан кийин өмүрүнө жана ден соолугуна залал келтирип алды деген маалыматтар айтылганы менен өлүмгө жеткирген учурлар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жаза элек. Анткен менен операция жасатууга кандай зарылдык түрткү берет? Бул көрүнүш жөн эле модага айланган жокпу? Операция жасатуудан мурун ден соолугу кандай болуш керек деген суроолор ар дайым күн тартибинде турат. “Азаттыктын”... Читать дальше...

Дүйшөнбек Зилалиев үч жылга шарттуу кесилди

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 18-октябрда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишин кароону улантып, чечим чыгарды. Ага ылайык, Зилалиев күнөөлүү деп табылып, үч жылга шарттуу кесилди.  Зилалиев сот чечими боюнча комментарий бере элек. Мамлекеттик айыптоо тарап 27-сентябрдагы жараянда Зилалиевди күнөөлүү деп таап, аны эки жыл жатак абагына кесүүнү, сот залынан камакка алууну сураган. Зилалиев өзү жана адвокат коюлган айыптар негизсиз экенин айтып, актоону өтүнгөн. ... Читать дальше...

Жумушчу роботтор сынактан өттү

Azattyk.org 

Крымда каргаша курмандыктарынын тек-жайы аныкталып жатат. Шектүү ким экени билинди. Грузин бийлиги экс-президент Михаил Саакашвилинин атаандашынын өлүмүнө тиешеси болушу мүмкүн деп жатат. Басынтууга жана жардырууларга карабай Ооганстанда шайлоого аттанган аялдар көбөйдү.

Шарапов: Убакытты бир саат артка жылдырыш керек

Azattyk.org 

Кыргызстан мурдагыдай “кышкы убакытка” өтүп, саат жебесин 1 саат артка жылдырганы туура болот. Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Закир Шарапов 18-октябрда парламенттин жалпы жыйынында ушундай сунуш киргизди.  Депутат буга бала бакчага жана мектепке таңкы саат 7де барган балдардын уйкусу канбай, психикасы бузулуп жатканын жана жолдо автокырсыктар көп болуп жатканын жүйө келтирди:  - Бала бакчада тамак ичкенге, ойногонго көңүлү келбестен, балдар психикалык жактан жабыр тартып калып жатат. Читать дальше...

Баграмдагы жардыруудан НАТОнун жоокерлери жарадар болду

Azattyk.org 

Ооган баш калаасына жакын жерде НАТОнун кербенин бутага алган кол салуу болду. Ооганстандын бийлиги жана НАТОнун өкүлдөрү билдиришкендей, кеминде эки карапайым киши курман болуп, коалициянын бир нече жоокери жараланды. "Талибандын" басма сөз катчысы Забихулла Мухажид жанкечти дүрмөттөлгөн машинеси менен кербенди сүзгөнүн айтты. Парван провинциясынын расмий өкүлү кол салуу шаршембинин кечинде Кабулга 40 чакырым жакын жердеги Баграм чөлкөмүндө болгонун билдирди. Ал жакта АКШнын аскердик базасы орун алган. Читать дальше...

Депутат президенттик учакты чет өлкөдөн сурап болсо да жаңылоону сунуш кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев президентти ташыган учакты башкалардан белек катары сураса да жаңылап бериш керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жыйынында сүйлөп жатып айтты. Тиллаев жакында расмий делегациянын курамында президент Сооронбай Жээнбеков менен Түркмөнстанга учканда башка мамлекеттердин №1 бортун көрүп уялганын, бюджетте акча жок экенин түшүнүп жатканын, бирок өнөктөш бай мамлекеттер менен учакты жаңылоо иштери жүрүшү... Читать дальше...

Саакашвили ишкерди жок кылууга тапшырма бергенби?

Azattyk.org 

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили 2007-жылы ишкер Бадри Патаркацишвилини жок кылуу аракетинин артында турушу мүмкүн. 17-октябрда Грузиянын Башкы прокуратурасы ушундай билдирүү таратты.

Керчте өзгөчө кырдаал жарыяланды

Azattyk.org 

Орусия аннексиялап алган Крымдын Керч шаарындагы коллежде орун алган ок атуу жана жардыруудан 20 киши каза тапкан. Шаршемби күнү түш оой колледжге кол салгандан кийин өз жанын кыйганы айтылган шектүүнүн тек-жайы аныкталды.

19-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

19-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз 3...8, Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7, Баткен облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5... Читать дальше...

Жээнбеков сот-укук реформасы тууралуу: Тапшырманы аткармайынча тынч уктайм деп ойлобогула

Azattyk.org 

“Алдыга коюлган маселенин баарын чечмейинче тынч уктайм деп ойлобогула» деп билдирди бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков сот-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча кеңешменин жыйынында. Жыйынга сот жана укук тартибин коргоо органдарынын жетекчилери катышты. “Сот-укуктук реформа качан ишке ашат деп эл күтүп жатат, биз жарандардын мүдөөсүн жана ишенимин акташыбыз зарыл. Тилекке каршы, айрым мамлекеттик органдар эч кандай өзгөрүү болбойт, баары мурдагыдай эле калат деп ойлоп жатышат. Андай болбойт, талаптар күчөйт” деди мамлекет башчысы. Читать дальше...

Ошто тогуз коргоол боюнча мелдеш башталды

Azattyk.org 

Ошто тогуз коргоол боюнча шаар мэринин Кубогу үчүн мелдештер башталды. Ага Кыргызстандын жети облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан 200дөн ашуун спортчу катышууда. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш улуттук спортту өнүктүрүү жана мыкты спортчуларды тандоо максатында уюштурулду. Ош шаарынын мэринин Кубогу үчүн тогуз коргоол оюну боюнча төртүнчү ирет өтүп жаткан мелдештер 22-октябрда жыйынтыкталат. (MdN)

Шерниязова: Азияда киночу аялдар көбөйдү

Azattyk.org 

24-октябрда Лос-Анжелесте Эл аралык Азия кинофестивалы (Asian World Film Festival) башталат. Быйыл төртүнчү ирет өтө турган фестиваль режиссер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.

Машыгуу учурунда прапорщик каза болду

Azattyk.org 

Абадан коргонуу күчтөрүнүн 30 жаштагы прапорщиги машыгуу учурунда каза болду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын өкүлдөрү кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, окуя бүгүн 18-октябрда болду. Үч чакырымга чуркоо маалында прапорщик эс-учун жоготуп, жыгылган. Алгачкы медициналык жардамдан эсине келбей, ооруканага жеткирип баратышканда жолдо каза болгон. Учурда маркум эмнеден каза болгону иликтенип жатат.

Ысык-Көлдө быйыл ата-энеси "инкарчы" 12 бала мектепке кайра бара баштады

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда быйыл жыл башынан бери ата-энесинин диний көз карашынан улам мектепке барбай жүргөн 12 бала кайра окуусун уланта баштады. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, облустук милициянын демилгеси менен экстремизм жана терроризмге каршы семинар уюштурулуп, ага мектеп мугалимдери, имамдар жана ички иштер органдарынын кызматкерлери катышты. Ысык-Көл облустук милициясынын башчысы Октябрь Урмамбетов буга чейин “Хизб ут-Тахрир” уюму тууралуу... Читать дальше...

Грекиянын өкмөт башчысы Македония менен келишимди коргоорун билдирди

Azattyk.org 

Грекиянын премьер-министри Алексис Ципрас Македониянын аталышы боюнча Скопье менен түзүлгөн келишимди “коргой тургандыгын” билдирди. Макулдашуу грек өкмөтүнүн ыркын кетирип, документтин үстүнөн иштеген тышкы иштер министри 17-октябрда кызматтан кетти. Июнда кол коюлган келишимге ылайык, мурдагы Югославиянын курамында болгон өлкө өз аталышын Түндүк Македония деп өзгөртмөкчү. Эки тарапта тең жаңы келишимге каршы болгондор көп. Грекиянын бир бөлүгү да Македония деп аталгандыктан, Скопье менен Афины... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *