Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 20.10.2018

Шостакович же кайра таңшыган обон (аудио)

Azattyk.org 

Бирок 60 жылдан кийин Шостаковичтин кол жазмаларынын ичинен кокусунан табылган бул чыгармага нидерландиялык музыканттар “Экинчи вальс” деп ат коюп, оркестрге салгандан кийин чыгарма ушул ат менен бүт дүйнөгө тарап кетти.

Казак карыя кытай лагеринде көз жумду

Azattyk.org 

Кытайдагы тарбия лагерлеринин биринде 80 жаштагы казак карыя көз жумганы белгилүү болду. Атасы бир ай мурда каза тапканын бул аптада гана билгенин учурда Түркияда жашап жаткан этникалык казак Өмүрбек Бегалы “Азаттыкка” билдирди.

Икрамжан Илмиянов камакка алынды

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов 28-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Илмиянов тергөө абагына жеткирилди

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Икрамжан Илмияновду 28-ноябрга чейин камакта калтырууну чечти. Ал УКМКнын тергөө абагына жеткирилди. Биринчи май райондук соту чыгарган токтомго ылайык Икрамжан Илмияновго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүгү, 2-пункту (Алдамчылык) боюнча айып тагылган. Ал 20-октябрь күнү Орусиядан кармалып, Кыргызстанга таңкы саат 4.30та алынып келинген.

Сот Илмияновду 28-ноябрга чейин камакка калтырууну чечти

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Икрамжан Илмияновду 28-ноябрга чейин камакка калтырууну чечти. Ал УКМКнын тергөө абагына жеткирилди.  Биринчи май райондук соту чыгарган токтомго ылайык Икрамжан Илмияновго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-берененин 4-бөлүгү, 2-пункту (Алдамчылык) боюнча айып тагылган. Ал 20-октябрь күнү Орусиядан кармалып, Кыргызстанга таңкы саат 4.30та алынып келинген. Буга чейин КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Илмиянов мыйзамсыз кармалганын... Читать дальше...

Мамыров: Чексиз кол тийбестикке жол жок

Azattyk.org 

Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров экс-президенттин кол тийбестигинин жана мамлекет башчысынын абройун коргоо тартибинин Баш мыйзамга шайкештиги боюнча чечимдерин чечмелеп берди. Эркинбек Мамыркулов чечимде экс-президенттин кол тийбестиги болушу керектиги бирок аны алып салууга мүмкүн болбогон чексиз укук болбошу керектигин билдирди.



Түркиянын жети шаарынан Кыргызстанга түз каттамдар уча баштайт

Azattyk.org 

Түркиянын жети шаарынан Кыргызстанга түз каттамдар уча баштайт. Бул тууралуу маалыматты Түркиянын жарандык авиация башкармалыгы Интернет сайтына расмий жарыялады. Маалыматка ылайык эки мамлекеттин тийиштүү министрликтеринин ортосунда жарандык авиация жана Анкарадан Бишкекке түз каттам боюнча келишимге кол коюлганы жазылган. Буга чейинки Түркия жана Кыргызстандын ортосундагы авиа жыштык 31ден 49га жогорлап, Анталия, Алания, Даламан, Бодрум, Самсун, Кападокия жана Газиантеп шаарларынан түз рейстер боюнча долбоорлорго дагы кол коюлган. Читать дальше...

Аба ырайы: күн жылыйт

Azattyk.org 

21-октябрда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15; Талас жергесинде түнкүсүн -4... 1, күндүз 8...13; Баткен облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13; Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 14...16; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+2, күндүз 3...8; Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 3....8 болот. Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...

Биринчи май райондук сотунда Илмияновдун бөгөт чарасы каралууда

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун бөгөт чарасы каралып жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Төрөгелди уулу кабарлады. Сот жабык өтүп жаткандыгына байланыштуу, ага журналисттер киргизилген жок. КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева сыртта турат. Илмияновдун жактоочусу болуп Сергей Слесарев дайындалды. Ишти Айбек Эрнис уулу карап жатат. Сотко мамлекет тарабынан дайындалган адвокат катышууда, бирок анын аты-жөнү азырынча белгисиз. Читать дальше...

Илмиянов, кошоматчылар жана оомал-төкмөл дүнүйө

Azattyk.org 

УКМК Икрамжан Илмияновдун кармалганын ырастады. Бирок аталган мекеме кылмышка шектүүнүн кандай жагдайда, кайда кармалганы жана Кыргызстанга алып келингени жөнүндөгү маалыматты УКМК өкүлү кенен билдирген жок.

Санкт-Петербургда заводдогу жарылуудан кеминде эки киши каза тапты

Azattyk.org 

Санкт-Петербургдан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан фейерверк чыгаруучу заводдогу жарылуу болду. Бул тууралуу Орусиянын бийлик өкүлдөрү кабарлады. Жардыруу Орусиянын экинчи эң ири шаарынын түштүгүндөгү "Авангард" заводунда болгон. Башында жарылуудан эки киши набыт болгону расмий кабарланган. Бирок ТАСС маалымат агенттиги куткаруучулардын маалыматына таянып, дагы эки кишинин сөөгү табылганын жазып, жалпысынан төрт киши набыт болгонун кабарлады.

Бүгүн Ооганстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Ооганстандын парламентинин төмөнкү палатасындагы 249 орунга 2565 талапкер ат салышууда. Алардын 400дөн ашууну аялдар. Өлкөнүн добуш берүүгө укуктуу делген 12 миллион калкынын 9 миллионго жакыны каттоодон өткөн. Каттоодон өткөндөрдүн 34% аялдар. Добуштардын бурмаланышына жол бербөө максатында бул ирет шайлоо бекеттеринде биометрикалык жабдуулар колдонулуп жатат. Ооганстан боюнча 19 миңдей шайлоо бекети ачылып, аларда шайлоо комиссияларынын 125 миңдей өкүлү катышууда. Ооганстанда түштүгүндөгү... Читать дальше...

Жемкорлук мыйзамсыз миграцияны күчөттү

Azattyk.org 

Депутат Таабалды Тиллаев өлкөдө мыйзамсыз иштеп жаткандардын саны 100 миңден ашканын, Кыргызстандын мыйзамдарында сырттан келген мигранттардын жана туристтердин жоопкерчилигин караган нормалар жетишсиз экенин айтып чыкты.

Корей госпиталында иштеген Чолпон

Azattyk.org 

Кыргызстандык Чолпон Абдилазизова беш жылдан бери дүйнөдөгү эң мыкты ооруканалардын катарына кирген Сеул улуттук унивеситетинин госпиталынын Эл аралык бөлүмүндө иштеп келет. Чолпондун “Азаттыктын” кабарчылары үчүн тарыхы 1890-жылдарга барып такалган Сеул госпиталына саякатын бул видеодон көрүңүз.

Сауд Арабиянын бийлигин сындап жүргөн журналист киши колдуу болгон

Azattyk.org 

Сауд Арабиянын бийлигин сындап жүргөн журналист Жамал Хашогги Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунун ичинде өлтүрүлгөн. Катардык "Ал-Жазира" телеканалы журналист жан берген маалда Сауд Арабиянын генералдык консулу окуя орун алган жерде болгонун айтып чыкты.  Сауд Арабиянын мамлекеттик прокурорунун билдирүүсүндө Хашогги аны консулдукта тосуп алган кишилер менен жаңжалдашып, мушташып кеткендиги айтылат. Сауд Арабия Падышалыгы кылмышка 18 киши шектүү деп билдирди. Буга байланыштуу министрлер... Читать дальше...

Сауд Арабиянын бийлигин сындап жүргөн журналист өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Сауд Арабиянын бийлигин сындап жүргөн журналист Жамал Хашогги Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунун ичинде киши колдуу болду. Катардык "Ал-Жазира" телеканалы журналист өлтүрүлгөн маалда Сауд Арабиянын генералдык консулу окуя орун алган жерде болгонун айтып чыкты.  Сауд Арабиянын мамлекеттик прокурорунун билдирүүсүндө Хашогги аны консулдукта тосуп алган кишилер менен жаңжалдашып, мушташып кеткендиги айтылат. Сауд Арабия Падышалыгы кылмышка 18 киши шектүү деп билдирди. Буга байланыштуу министрлер... Читать дальше...

Имамдар эрте никеге туруунун кесепеттери тууралуу маалымат алышууда

Azattyk.org 

Бишкекте жети облустан келген диний лидерлер эрте никелешүүнүн кесепеттери тууралуу тренингге чогулду. Бул тууралуу иш-чарага катышып жаткан "Азаттыктын" кабарчысы маалымдады. Тренинг эрте никелешүүнүн алдын алуу боюнча маалымат компаниясына диний лидерлерди даярдоого багытталган. Андан өткөн эркек имамдар мечиттерде, медреселерде жана жума намаздарда калктын эркек катмары үчүн, ал эми аял лидерлер кыз окуучулар менен жолугушууларда жана тренингдерде эрте никелешүүнүн ден соолукка, билим алууга... Читать дальше...

КСДП: Илмияновдун шоу менен кармалганын түшүнбөй турабыз

Azattyk.org 

Икрамжан Илмияновго соттон же УКМКдан эч кандай чакыруу кагазы келген эмес. Бул тууралуу "Азаттыкка" КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.  - Бүгүн биз Илмияновдун жубайы менен байланыштык. Анын үйүнө эч кандай чакыруу кагазы келбептир. Анын жубайына Илмиянов кайсы жерде экендигин эч ким чалып сурабаптыр. Мунун шоу менен кармалганы биз үчүн түшүнүксүз болуп жатат. Илмияновдун эч кимден качпаганы жана жашырынбай эле жүргөнү баарына маалым. Анын Казанда жүргөнүн массалык маалымат каражаттары мурдатан эле чыгарып жүргөн. Читать дальше...

Кыргыздан Третьяков чыгабы?

Azattyk.org 

Көпчүлүк өнөр адамдарынын тагдыры татаал келет. Анткени алар көбүнесе тиричиликке байымсыз болуп, бул жагынан өз замандаштарына теңеле албай, катуу аксайт.

Караколдо "Атамбаевсиз КСДП" деген жыйын өтүп жатат

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында "Атамбаевсиз КСДП" деген аталыштагы жыйын өтүүдө. Бул тууралуу жыйынга катышып жаткан Жакшылык Бердибек уулу "Азаттыкка" кабарлады.  150-200 кишини чогулткан жыйынга КСДП партиясынын Атамбаевди колдогон айрым мүчөлөрү катышууда. Бердибек уулунун айтымында, жыйынды КСДП партиясынын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахманов уюштурган. КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул иш-чара КСДП партиясына тиешеси жок экендигин "Азаттыкка" билдирди: - Бул КСДПнын расмий иш-чарасы эмес. Читать дальше...

"Миграциялык кечиримдин" чоо-жайы

Azattyk.org 

Орусияга кирүүгө тыюу салынган «кара тизмедеги» айрым кыргызстандыктарга кайра бул өлкөгө кирүүгө жол ачылды. Ал «миграциялык кечирим» менен ишке ашат.

Эл аралык валюта фонду Украина менен 4 млрд. долларлык программаны жактырды

Azattyk.org 

Эл аралык валюта фонду украин бийлиги менен экономиканы колдоо боюнча жаңы программаны жактырды. Программа Украина газдын баасын 25 пайызга көбөйтүү чечимин кабыл алгандан кийин жактырылган. Жаңы тарифтер 1-ноябрдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман 19-октябрда билдирди. Экономисттердин айтымында, газдын баасы СССР мезгилинен бери эле төмөн болуп, ысырапкорчулукка жана натыйжасыз пайдаланууга алып келген. Эл аралык фонд Украинага жардам берүүнү 2017-жылы... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *