Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 17.10.2018

Кишиневде Эрдогандын сапарына тушташ нааразылык акциясы болду

Azattyk.org 

Режеп Тайип Эрдогандын Молдовага эки күндүк сапарына нааразылык билдирген ондогон адам бүгүн Түркиянын Кишиневдогу элчилигинин алдына барды. Алар “диктатурага”, “мафияга” каршы ураан-чакырыктарды кыйкырып турушту.  Демонстранттардын бири “Молдованын Эрдоганга сатылуу тобокелдиги бар” деген плакатты кармап турду.  Мындан бир нече апта мурда Молдованын жана Түркиянын коопсуздук кызматтары Кишиневдон түркиялык жети мугалимди кармашып, алар 6-сентябрда өлкөдөн чыгарылган.  Мугалимдер Кишиневдо... Читать дальше...

Керчтеги кол салуудан 19 адамдын өмүрү кыйылганы аныкталды

Azattyk.org 

Орусия Украинадан 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын чыгыш бөлүгүндөгү Керч шаарында бүгүн политехникалык коллеждин имаратында жарылуу жана ок атуу болгон. Жергиликтүү бийликтин соңку маалыматына караганда, окуя учурунда өлгөндөрдүн саны 19га жетти. Өмүрү кыйылгандардын көпчүлүгү өспүрүмдөр, бирок арасында окуу жайдын мугалимдери да бар. Мындан сырткары дагы 50дөй адам жараат алганы аныкталды. Ооруканадагы 35 адамдын ичинен сегизинин абалы  оор. Орусиянын Улуттук антитеррордук борбору алгач... Читать дальше...

Керчтеги кол салуудан 19 адам каза тапты

Azattyk.org 

Орусия Украинадан 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын чыгыш бөлүгүндөгү Керч шаарында бүгүн политехникалык коллеждин имаратында жарылуу жана ок атуу болду.

Башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугусуз коргой албайт

Azattyk.org 

Жогорку соттун Конституциялык палатасы "башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугусуз коргой албайт" деген чечим кабыл алды. Бул тууралуу Медиа Полиси институту билдирди. Маалыматка караганда, Констуциялык палата 17-октябрда аталган институт менен "Адилет" укук клиникасынын "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 4-беренесин мыйзамсыз деп табуу тууралуу арызын карап, ушундай чечимге келди. Ага ылайык, "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын... Читать дальше...

АКШнын мамкатчысы саудиялык журналисттин жоголушун Түркияда талкуулады

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Анкарада президент Режеп Тайып Эрдоган жана Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолукту. Чавушоглу Анкарадагы жолугушууларды “пайдалуу жана жемиштүү” деп баалады, бирок анын башка чоо-жайын айткан жок. Помпео өзү да түрк бийлиги менен сүйлөшүүлөрүнүн мазмуну тууралуу эч маалымат берген жок. Бирок Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө ал Түркиянын Жамал Хашоггинин жоголуусу боюнча иликтөөсүнө АКШнын жардамын сунуш кылганы айтылат.  Саудиядагы... Читать дальше...

Жандырмагы жок жардыруу

Azattyk.org 

Санкт-Петербургдагы метродо 2017-жылдын 3-апрелиндеги жардырууну ким, эмне максатта уюштурганы беймаалым бойдон калып келет. Кылмышка шектелип кармалган кыргызстандыктар күнөөнү моюнуна алган жок. Алар муну куру доомат деп жатышат. "Азаттык" бир жыл мурда болгон окуянын бүдөмүк жагдайларын иликтегенге аракет кылды.

ТИМдин тизгинин Айдарбеков кармады

Azattyk.org 

Акыркы учурда коомчулуктун көңүл чордонунда болуп жаткан Тышкы иштер министрлигине 41 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков жетекчи болуп келди. Анын талапкерлигин парламент бир добуштан колдоп, президенттин жарлыгы менен дайындалды.

Тажикстанда банктар карызкордун мүлкүн сотсуз алуу укугуна ээ болот

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, өлкөнүн парламенти 17-октябрда “Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алды. Ага ылайык, эми Тажикстандын банктары менен насыя мекемелери карызкордун мүлкүн сотсуз эле алып, сатыкка коюу укугуна ээ болот.  Тажикстандын Улуттук банкынын төрагасы Жамшед Нурмухаммадзоданын айтымында, мындан ары карызкорлордун мүлкүнүн тизмеси Интернетте электрондук базага жайгаштырылып, аны сатуунун жол-жобосу да жөнөкөйлөшөт. Читать дальше...



Театр заманбап каарманга зар болду

Azattyk.org 

Бишкектин театрларында күзгү театралдык сезон жүрүп жатат. Театр күйөрмандары ага атайын барган көрүүчүлөр жылдагыдай эле аз экенин айтышат.

Казак элчиси уурулукка шектелүүдө

Azattyk.org 

Хашоггинин тагдыры дале белгисиз. АКШнын мамкатчысы бул маселени Саудия, Түркия жетекчилери менен талкуулады. Канадада кара куурай эркин сатыла баштады. Армения президенти өкмөттүн отставкасын кабыл алды. Казакстандын Өзбекстандагы элчиси миллиондордун уурдалышына шектелүүдө. Тажикстанда мигранттардан инвестиция тартуу үчүн атайын фонд түзүлүшү мүмкүн.

Крымдын Керч шаарындагы жарылуунун курмандыктары 18 кишиге жетти

Azattyk.org 

Жарылуу бүгүн Орусия Украинадан 2014-жылы аннексиялап алган  Крымдын чыгыш бөлүгүндөгү Керч шаарында, Политехникалык коллеждин кафетерийинде болгон. Аннексияланган Крымдын башчысы Сергей Аксёновдун билдиргенине караганда, бул окуянын айынан өлгөндөрдүн саны 18 кишиге жетти. Алардын көпчүлүгү өспүрүмдөр. Мурдараак Орусиянын Тергөө комитети жарылуудан 13 кишинин өмүрү кыйылганын, дагы 50дөй адам жарадар болгону аныкталганын билдирген.  Ал эми Орусиянын Террорго каршы улуттук борбору коллеждин... Читать дальше...

Орусияга иш издеп барган өспүрүмдөр

Azattyk.org 

Орусияга соңку кезде 18ге толо элек улан-кыздар орто мектепти бүтүрбөй эле кара жумушка келе баштагандай. Дал ушул кабыргасы ката элек муун чоочун өлкөдө кулчулук торуна чалынып, өз укугун коргой албаган аялуу топко айланууда.

Крымдын Керч шаарындагы коллежде жардыруучу зат жарылган

Azattyk.org 

Бул тууралуу Орусиянын Террорго каршы улуттук борбору билдирүүдө. Жарылуу бүгүн Орусия Украинадан 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын чыгыш бөлүгүндөгү Керч шаарында, Политехникалык коллеждин имаратында, кафетерийде болгон. Андан алынган баштапкы маалыматтарга караганда, кеминде он адам өлдү деп эсептелип жатат. Дагы ондогон киши жарадар болгон. Мамлекеттик ТАСС маалымат агенттиги күз түзүмдөрүндөгү булактарына шилетеме кылып, жарадарлардын саны 70ке жетерин кабарлады.  Баштапкы маалыматтарда... Читать дальше...

Айдарбеков тышкы иштер министри болуп дайындалды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык бүгүн Чыңгыз Айдарбеков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды. Бүгүн Жогорку Кеңеш Айдарбековдун талапкерлигин бир добуштан колдогон. Буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев өткөн аптада өз каалоосу менен иштен кеткен. Чыңгыз Айдарбеков 41 жашта. Кыргызстандын Эл аралык университетин “Эл аралык байланыштар” жана “Юриспруденция” адистиктери боюнча аяктаган. 1998-2008-жылдары ТИМ системасында атташе... Читать дальше...

УКМК: Сапар Исаковдун адвокаты элдин пикирин башка нукка бурууда

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сапар Исаковдун адвокаты элге туура эмес маалымат берип жатат деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди: - Токтакунов "УКМК сот аркылуу Сапар Исаковдун жакын туугандарынын мүлкүн камакка алып, конфискациялаганы жатат" деп коомчулуктун пикирин башка нукка буруу аракетин көрүүдө. Кылмыш ишинин алкагында жоопко тартылып жаткан адамдардын мыйзамсыз байыганы боюнча версия да текшерилип жатат. Читать дальше...

ЖЭБ үчүн камалгандардын мүлкү такталууда

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту “Улуттук энергохолдингдин” мурдагы башчысы Айбек Калиевдин башка бирөөгө сатылган, экс-премьер-министр Сапар Исаковдун кайненесине катталган үйдүн наркын баалаш үчүн ичине кирүүгө уруксат берди.

Милиция "христиан болгону үчүн сабалды" деген кыргыз бала тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Ысык-Көл облустук милициясы Тамчы айылынын тургуну диний көз караштан улам сабалганы тууралуу маалыматты четке кагууда. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов окуя 16-октябрга караган түнү болгонун, 25 жаштагы жергиликтүү тургун сабалып ооруканага түшкөнүн тастыктады, бирок диний ишеним тууралуу сөз болбогонун "Азаттыкка" билдирди: - Туугандары массалык маалымдоо каражаттарына “келме келтир, даарат ал деп айтышыптыр” деген маалымат таратып жатпайбы. А бирок жабыркаган адам өзү жазган арызында да... Читать дальше...

Палестин автономиясы БУУда “жетимиш жетинин” тобун башкармай болду

Azattyk.org 

Палестин автономиясы өнүгүп келаткан 77 өлкөнүн тобуна Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алкагында 2019-жылдан тартып төрагалык кылат. Башкы Ассамблеядагы добуш берүүдө бул сунушту 146 өлкө колдоду. АКШ, Израил, Австралия мындай чечимге каршы добуш беришти, 15 мамлекет ортодо калды, 29 өлкө добуш берүүгө катышкан жок.  “Биз палестиндердин Израил менен тике сүйлөшүү алкагынан тышкары өз макамын бекемдөө аракеттерин колдой албайбыз”,- деди АКШнын Улуттар Уюмундагы элчисинин орун басары Жонатан Коэн... Читать дальше...

Палестин автономиясы БУУда “жетимиш жети” тобун башкармай болду

Azattyk.org 

Палестин автономиясы өнүгүп келаткан 77 өлкөнүн тобуна Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алкагында 2019-жылдан тартып төрагалык кылат. Башкы Ассамблеядагы добуш берүүдө бул сунушту 146 өлкө колдоду. АКШ, Израил, Австралия мындай чечимге каршы добуш беришти, 15 мамлекет ортодо калды, 29 өлкө добуш берүүгө катышкан жок.  “Биз палестиндердин Израил менен тике сүйлөшүү алкагынан тышкары өз макамын бекемдөө аракеттерин колдой албайбыз”, - деди АКШнын Улуттар Уюмундагы элчисинин орун басары Жонатан Коэн... Читать дальше...

Аба ырайы: 18-октябрда туман түшөт

Azattyk.org 

18-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондоруна кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.  Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,  Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,  Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5... Читать дальше...

Азия оюндарында ийгиликке жеткен спортчуларга мамлекеттик сыйлыктар берилди

Azattyk.org 

Индонезияда өткөн жайкы Азия оюндарында байге уткан беш спортчу “Даңк” медалы менен сыйланды. Алар - Айсулуу Тыныбекова, Төрөкан Багынбай уулу, Каныбек Жолчубеков, Магомед Мусаев жана Дарья Маслова. Атлеттерге сыйлыкты президент Сооронбай Жээнбеков тапшырды. “Даңк” медалынан сырткары Азиаданын алтын жана күмүш байгелерин уткан Дарья Маслова 2 миллион сом акчалай сыйлык алды. Дагы бир алтын байгенин ээси Төрөкан Багынбай уулу жана Айсулуу Тыныбекова 1 250 000 сомдон, күмүш байге уткан балбандар Магомед Мусаев... Читать дальше...

Крымдын Керч шаарындагы жарылуудан он чакты кишинин өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Бул тууралуу окуянын күбөлөрү жана жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлоодо. Жарылуу Орусия Украинадан 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын чыгыш бөлүгүндөгү Керч шаарында, политехникалык коллеждин имаратында болгон. Ал жерде газ түйүнүндөгү жарылуудан каза тапкандар саны кеминде онго жетиши мүмкүн. Дагы бир нече киши жарадар болгону да кабарланууда. (UE)

Помпео Түркияда саудиялык журналисттин жоголушу боюнча сүйлөшүү жүргүздү

Azattyk.org 

АКШын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Анкарага Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддан келип, дароо эле президент Режеп Тайып Эрдоган менен кездешти. Саудиядагы монархиялык режимди сындап жүргөн Хашогги быйыл 2-октябрда өз өлкөсүнүн Стамбулдагы консулдугуна киргенден кийин жоголуп кеткен.  Түркиянын расмий адамдары "журналист консулдуктун ичинде өлтүрүлүп, сөөгү ал жерден чыгарылып кеткен" деген пикирде экенин айтышкан. Бирок алар бул үчүн Садиянын бийлигин түздөн-түз күнөөлөгөн эмес.  АКШнын мамлекеттик... Читать дальше...

Украинанын чыгышындагы атышууларда беш киши мерт болду

Azattyk.org 

Украиннын Коргоо министрлигинин 17-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, Орусия колдогон жикчилдер акыркы 24 саат ичинде ок атышууну токтотуу режимин 19 жолу бузушту.  Ал эми атышууларда украин тарап эки аскерин жоготуп, бирөө жаракат алды. Ошол учурда өкмөттүк күчтөр жикчил согушкерлердин үчөөн өлтүрүп, экөөн жарадар кылышкан.  Өз кезегинде Орусия колдогон жикчилдер Украинанын өкмөттүк күчтөрү да ок атышууну токтотуу режимин 27 жолу бузду деп ырастоодо. Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрелинде... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *