Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 22.10.2018

Кытайдагы "кыргыз окумуштуусу лагерде жатат" деген маалымат төгүндөлдү

Azattyk.org 

Кытайлык кыргыз илимпозу, Үрүмчү шаарында жашап жаткан 53 жаштагы профессор Мамбеттурду Мамбетакун (Мамбет Турду) Кытайдагы "саясий тарбия берүү лагерине" 2018-жылдын башында жиберилген бойдон тагдыры белгисиз экендиги жөнүндө кытайлык уйгурлардын укугун коргогон активист Абдулгани Сабит жазган маалымат төгүнгө чыгарылды.   Сабит мырзанын маалымдашынча, кыргыз окумуштуусу быйылкы жылдын башында "кайра тарбиялоо лагерине" жиберилген имиш.      Бирок Кытайдын борборундагы кыргыз окумуштуусу... Читать дальше...

Путин Украинага экономикалык санкция киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду

Azattyk.org 

Орусия президенти Владимир Путин "Украинанын кастык аракеттерине байланыштуу" атайын экономикалык чаралар тууралуу жарлык чыгарды. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтында жарыяланды. Жарлыкта кандай санкциялар киргизиле турганы айтылган эмес. Орус президенти өкмөттү санкциялык чараларды иштеп чыгууга милдеттендирген. Путин ошондой эле өкмөткө "экономикалык атайын чаралар киргизиле турган жеке жана юридикалык тараптарды аныктоону" тапшырган. Жарлыкта "эгер Украина орус жарандарына каршы киргизилген бардык чектөөлөрдү алса... Читать дальше...

Тоо койнунда жашынган көлдөр

Azattyk.org 

Картөшкөнүн баасы түшүп, нарындык дыйкандардын маңдай тери акталбай калды. Таластагы төө буурчакты тазалап, таңгактаган ири ишкананын эл аралык дымагы. Ошондой эле бул "Данисте" телетоптомунда Тянь-Шань тоо кыркаларында орун алган кыргыздын берметтей көлдөрү тууралуу тасманы көрө аласыз.

Пакистанда эки автобус кагылышып, 19 адам каза тапты

Azattyk.org 

Пакистан полициясынын маалымдашынча, Пенжаб провинциясында эки автобус кагылышкан окуядан 19 киши өлүп, дагы 35 адам ар түрдүү жаракат алды. Кырсык 21-октябрда Лахор провинциясындагы Дера-Гази-Хан шаарына жакын жердеги көпүрөдө болгон. Сүзүшкөн учурда эки автобус тең катуу бараткан.    Премьер-министр Имран Хан каза тапкандардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. Расмий статистика боюнча Пакистанда жол кырсыктары көп катталат. Буга жолдордун начардыгы, автоунаалардын эскилиги жана жол эрежелерин сактабагандык себеп болору айтылат.

Чоң муштум айдоочулар көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда барган сайын автоунаа айдоочулар кызуу кандуу болуп, жол кырсыгында маселени дароо күчкө салып чечкиси келгендер көбөйдү. Мындай окуялардын биринен "Кыргызаэронавигация" ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев каза болду.

Приштина менен Белград зыяратчыларга кол салууну айыптады  

Azattyk.org 

Косовонун жана Сербиянын жогорку кызмат адамдары серб улутундагы зыяратчылар бара жаткан автобуска кол салууну айыптады. Маалыматтарга караганда, белгисиз адамдар 21-октябрда Косовонун чыгышында Студеница кыштагындагы христиан кечилканасына эки автобус менен бараткан зыяратчыларга таш ыргыткан. Косовонун президенти Хашим Тачи "адамдардын ары-бери жүрүү жана дин тутуу эркиндигин бузган аракеттерге жол берүүгө болбой турганын" айтып, полицияны күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды. Приштина менен... Читать дальше...

Жээнбеков ТИМге бир катар милдеттерди койду

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алып, аны менен Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Мамлекет башчы анын жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердеги расмий жана мамлекеттик иш сапарларынын жүрүшүндө жетишилген келишимдерди ишке ашыруу, өнөктөш мамлекеттер менен достук мамилени бекемдөө жана өнүктүрүү милдеттерин койду. Жээнбеков министрге инвестиция тартуу, өлкөнүн туристтик дараметин өнүктүрүү, чет өлкөдөгү мекендештердин... Читать дальше...

Тулада полициянын мигранттарга кылган мамилеси сынга кабылды

Azattyk.org 

Орусиянын Тула шаарында мигранттардын жапырт кармалышы жана аларды туткундардай кылып тизип алып, полицияга алып бараткан күч түзүмдөрүнүн аракети социалдык тармактарда сынга алынды. 20-октябрда шаардагы аянттын жанындагы базарларда рейд жүргүзүлүп, ОМОНдун өкүлдөрү бир саатта 300дөй борбор азиялык мигрантты кармаган. Тула облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын айтымында, рейдге мигранттардын балдары кармалып турган жай тууралуу маалымат түрткү болгон. Ал жерде ар түрдүү курактагы... Читать дальше...



"Дөөлөрдү" айтыштырган ракеталык келишим

Azattyk.org 

АКШ Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыга турганын жарыяласа, Орусия мындай кадам “опурталдуу” кесепеттерге алып барарын эскертүүдө.

Австралия: премьер-министр жыныстык ыдык көргөн балдардан кечирим сурады

Azattyk.org 

Австралиянын премьер-министри Скот Моррисон ондогон жылдардан бери мамлекеттик мекемелерден жабыркап келген балдардан, алардын жакындарынан кечирим сурады. Беш жылга созулган Падышалык комиссия жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында соңку жылдары сегиз миңден ашуун бала негизинен чиркөөлөрдө, мектептерде жана спорттук клубдарда жыныстык ыдык көргөнү белгилүү болгон. 22-октябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө Скот Моррисон бул окуялардын көз жаздымда калып калышына сот системасын айыптады. Бала чагында... Читать дальше...

ЖКККББ эскертет: Шашкан шайтандын иши

Azattyk.org 

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулар үчүн социалдык тасма чыгарды. Бул тасмадан эки көрүстөндү көрүүгө болот. Биринчиси - жол кырсыгынан кийин машинелердин калдыктары үйүлгөн жер, экинчиси - мүрзөлөр. ЖКККББ ушул видеону көргөн айдоочулар өзүнүн гана эмес, өзгөнүн да өмүрү үчүн жооптуу болгонун түшүнөт деп үмүт артууда.

Кор болгон мигрант, кодулаган полиция

Azattyk.org 

Орусиянын Тула шаарындагы борбор азиялык мигранттардын кармалышы жана полициянын аларды көчөдө каз катар тизип алып коштоп баратышы социалдык тармактарда сынга алынды.

Бишкекте илбирсти коргоого арналган декада башталды

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 22-октябрдан тартып илбирсти коргоо боюнча декада башталды. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги билдиргендей, иш-чара 23-октябрь - Илбирсти коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулуп жатат. Декада 30-октябрда аяктайт.  Бишкек декларациясына ылайык, жыл сайын 23-октябрда жаныбардын бул түрү байырлаган он эки мамлекет Эл аралык илбирс күнүн белгилеп, жаныбарды коргоо тууралуу талкууларды уюштуруп келет.   Анын жүрүшүндө Бишкекте сүрөт жана инсталляция көргөзмөлөрү... Читать дальше...

Илмияновдун иши: кечээ көргөн бүгүн жок

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары белгилүү болгон Икрамжан Илмияновдун камалышы кыргыз бийлигиндеги көмүскө таасири чоң адамдар жана алардын саясий тагдыры тууралуу талкууну жандантты.

Хашоггинин сөөгү табыла элек

Azattyk.org 

Сауд Арабиясынын бийлиги журналист Жамал Хашогги Стамбулдагы консулдукта өлтүрүлгөнүн ырастаганы менен анын сөөгү кайда экенин ачык айта элек. Түркия саудиялык журналисттин кантип өлгөнүн толук ачыкка чыгарууга убада берди.

Кош бол, социализм!

Azattyk.org 

Мен жакында Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” повестин окуп чыктым. Буга жазуучунун быйылкы маараке жылы түрткү болду.

АКШга миңдеген мигранттар баратышат

Azattyk.org 

Борбордук Америкадагы Гондурас өлкөсүнүн миңдеген жараны АКШны көздөй жол тартты. Алды Мексикага жете келип, тыным алды. Алар ар жерде, топ-топ болуп жүрүшкөндүктөн так саны канча экени али белгисиз. АКШнын бийлиги аларды киргизмек тургай чек арасына жакын жолоткусу жок.

Сауд Арабиясы Хашоггинин өлтүрүлүшүн “чоң катачылык” деп атады

Azattyk.org 

Сауд Арабиясы өзүнүн Стамбулдагы консулдугунда журналист Жамал Хашоггинин (башка айтылышы - Хашогжи) өлтүрүлүшүн “чоң жана коркунучтуу катачылык” деп баалап, ага жооптуулар жазага тартыларын билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Адел аль-Жубейр жекшемби күнү америкалык “Фокс-Ньюс” телеканалындагы маегинде саудиялык агенттер “муну өз ыйгарым укуктарынан аша чаап жасашкан” жана бул “уруксат берилбеген операция” болгон деген көз карашын айтты: - Мураскер ханзаада муну четке кагат. Анын маалыматы болгон эмес. Читать дальше...

Ашраф Гани: "Ооган шайлоочулары душманды жеңүү ниетин көргөздү"

Azattyk.org 

Ооганстанда 21-октябрда аяктаган парламенттик шайлоого добуш берүүгө укуктуу 9 миллион жарандын 4 миллионго жакыны катышты. Бул тууралуу көз каранды эмес шайлоо комиссиясынын башчысы Абдул Бади Сайяттын сөзүнө таянуу менен “Азаттыктын” ооган кызматы билдирди. Ооган президенти Ашраф Гани элге кайрылуусунда шайлоого жарандардын жандуу катышуусу алардын “шайлоочулардын күчү менен жоону жеңебиз" деген ынтаасын көрсөткөнүн белгиледи.   20-21-октябрда өткөн парламенттик шайлоо учурунда радикал исламчылар 200гө жакын чабуул коюшкан. Читать дальше...

23-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 23-октябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолорго кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20; Суусамырда түнкүсүн  -10…-15, күндүз 3…8; Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 13…18; Баткенде түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20; Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11... Читать дальше...

УКМК "Атамбаевдин жансакчылары кыскарды" деген маалыматты төгүндөдү

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчылары кыскартылды" деген маалыматты төгүндөдү. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдиргендей, азыркы кезде экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин күзөтчүлөрүнүн саны бирдей: - Бул маалымат туура эмес. Жакын арада экс-президенттин жансакчылары кыскартылган жок. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөөрдүн алдында экс-президенттин күзөтчүлөрү бир аз кыскарган. Учурда Атамбаевдин да... Читать дальше...

УКМК "Атамбаевдин жансакчылары азайтылды" деген маалыматты төгүндөдү

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчылары азайтылды" деген маалыматты төгүндөдү. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдиргендей, азыркы кезде экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин күзөтчүлөрүнүн саны бирдей: - Бул маалымат туура эмес. Жакын арада экс-президенттин жансакчылары азайтылган жок. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөөрдө экс-президенттин күзөтчүлөрү бир аз кемиген. Учурда Атамбаевдин да... Читать дальше...

Германияда улутчулдарга каршы нааразылык акциясы өттү

Azattyk.org 

Германиянын Дрезден шаарында жекшембиде ашынган оңчулардын ПЕГИДА кыймылына каршы нааразылык акциясы өттү. Демонстрацияга он миңден ашуун адам катышты. Алар "жек көрүү эмес, сүйүү" деген ураандарды чакырып жатышты. Ушул эле күнү ПЕГИДАнын тарапташтары да шаар көчөлөрүнө чыгышып, кыймылдын түзүлгөнүнүн төрт жылдыгын белгилешти. Ал акцияга беш миңдей киши чыкканы кабарланды. ПЕГИДА кыймылы дал ушул Саксония аймагында негизделген. Ал негизинен бийликтин иммиграциялык саясатына каршы чыгып келет. Аймактын... Читать дальше...

Акаев: Илмияновдун камалышы президентке жакын адамдарга сабак болушу керек

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун камалышынан азыркы президент Сооронбай Жээнбековго жакын адамдар сабак алышы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаев "Азаттыкка" билдирди: - Бул элге, оппозицияга же башкаларга эмес, так ошол Сооронбай Жээнбековдун командасына эң чоң коңгуроо. Азыр утурумдук чоң бийликте болушуң мүмкүн, сотторду же күч органдарын каалагандай башкарышың, бизнести кармашың, шайлоодо тизме түзүшүң мүмкүн, бирок мунун баары убактылуу. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *