Актөбөдө күйгөн автобустун айдоочулары абакка кесилиши мүмкүн
Январь айында 52 өзбекстандык мигранттын өмүрүн алган автобус кырсыгы боюнча Казакстандын Актөбө шаарында өтүп жаткан соттук териштирүүдө прокуратура беш айыпталуучуну абакка кесүүнү соттон өтүндү. 30-октябрдагы соттук отурумда прокурор Осман Орунбасарулы айыпталып жаткан казак жарандары жүргүнчүлөрдүн өлүмүнө күнөөлүү экенин айтты. Ал күйүп кеткен автобуска ээлик кылган “Asia Transit Service” компаниясынын эки кызматкерин жети жылга, үч айдоочунун ар бир бирин беш жылга эркинен ажыратууну сурады. Читать дальше...