Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 19.10.2018

Путин, Макрон, Меркел жана Эрдоган Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Azattyk.org 

Германиянын канцлери Ангела Меркел, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Орусиянын лидери Владимир Путин жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 27-октябрда Стамбулда жолугуп, Сириядагы кырдаалды талкуулашат. Жолугушуу Эрдогандын демилгеси менен уюштурулуп жатканын анын маалымат катчысы 19-октябрда билдирди. Буга чейин Сириядагы кырдаалды Түркия Орусия жана Иран менен гана талкуулап келген. Бул маалыматты Меркелдин кеңсесинен да ырасташты. Тараптар Идлиб провинциясындагы гуманитардык катастрофаны болтурбоо жолдорун талкуулашат. Читать дальше...

Сөз менен эмес "муш" менен

Azattyk.org 

№47 мектепте окуган 8-класстын окуучусун 9-класстын окуучусу сабап койду деген маалымат интернетте кызуу талкуу жаратты. Айрымдары бул окуяга рекетчилик деп баа берсе, кээ бир колдонуучулар жөн гана эки окуучунун ортосундагы түшүнбөстүк деп баа берди. "Азаттык плюс" мектептеги өкүмзордукту жана анын кесепетин талкуулады.

Норвегияда тыңчылык боюнча шек саналган орусиялык бошотулду

Azattyk.org 

Норвегияда "чалгынга ылайык маалыматтарды топтоп жүргөн" деген шек менен сентябрда кармалган орусиялык Михаил Бочкарев сот чечими менен бошотулду. Анын эркиндикке чыкканын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко ырастады. Аталган кеңештин сайтынын 51 жаштагы администратору 21-сентябрда Осло аэропортунда кармалган. Ал Норвегия парламенти өткөргөн санариптик маалыматтар боюнча жыйынга катышкандан кийин өлкөдөн учуп кетүүгө камынып жаткан.  Орусия жаранынын жыйындагы жүрүп-турушунан атайын кызматтар шек алып калышкан. Читать дальше...

БУУ: нике түндөгү текшерүү - кемсинтүү

Azattyk.org 

Орусия менен Өзбекстан 27 млрд долларлык келишимге кол койду. Орус генералы Виктор Золотов оппозиционер Алексей Навальный менен беттешүүдөн баш тартты. Орусия менен Өзбекстан 27 млрд. долларлык келишимге кол койду. Орус генералы Виктор Золотов оппозиционер Алексей Навальный менен беттешүүдөн баш тартты. Кытай экономикасынын өсүшү тогуз жыл мурдагы деңгээлге түштү. Ишембиде Ооганстанда маанилүү парламенттик шайлоо өтөт. “21-кылымда кыздык белги менен ар намысты баалаган болбойт” деген БУУ мындай көрүнүштү токтотууга чакырды.

Өзбекстан алгачкы АЭСин курууга киришти

Azattyk.org 

Орус президенти Владимир Путин Өзбекстанга эки күндүк мамлекеттик сапары менен келди. Бул визиттин алкагында орус-өзбек лидерлери Борбор Азиядагы алгачкы атомдук электр станциясынын курулушун баштап беришти.

Электрге зар болгон Май айылы

Azattyk.org 

Таластын Манас районунун Май айылындагы 15тей түтүн сегиз жылдан бери жарыксыз жашайт. Электрден өксүгөн тургундар бийликке кат-кабар жаза берип тажап бүткөн. Сегиз жылдан бери алардын үнүн уккан да, ал-абалын сураган да киши боло элек.

Баткен: ит талаган өспүрүмдөн кутурма табылган жок

Azattyk.org 

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, 2-октябрда Баткен районунун Ак-Турпак айылында үч ит талап ооруканага түшкөн сегиз жаштагы баланын абалы жакшы. Толук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, андан эч кандай кутурманын белгилери аныкталган жок. Ал эми ветеринардык дарыгердин айтымында, баланы талаган үч иттин бирөөсү атылган. Атылган ит буга чейин эмделген. Калган эки иттен кутурманын белгиси байкалган жок. (JsA)



Ооганстан шайлоо алдында

Azattyk.org 

Ооганстан маанилүү парламенттик шайлоо алдында турат. Коопсуздук ишемби күнкү добуш берүүнүн эң башкы көйгөйү бойдон калууда.

Алматыда экс-депутат Асылбек уулунун үстүнөн сот башталды

Azattyk.org 

Алматыда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун үстүнөн сот жараяны башталды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме берип “Азаттыктын” казак кызматы жазып чыкты. Быйыл 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо кыргызстандык дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакировду камалган эле. Казак бийлиги кармалгандардан... Читать дальше...

Тогуз-Торо: ашууда калган чабандарды куткаруу аракети башталды

Azattyk.org 

Тогуз-Тородогу Алакан жайлоосунда калың жааган кардын улам Сары-Кыр ашуусунда камалып калган беш чабанды куткаруу иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, мал айдап кеткен чабандар ашуудан аша албай калышкан. Алар аман-эсен, тамак-ашы бар экенин телефон аркылуу жакындарына билдиришкен. Бүгүн Тогуз-Торо районунун куткаруучулары үч авариялык куткаруу унаасы менен ашууга чыгып кетишти. Министрлик бул боюнча кошумча маалымат берилерин кабарлады. (Bka)

Росгвардиянын башчысы Навальныйдын сунушунан баш тартты

Azattyk.org 

Орусиянын Улуттук гвардиясынын башчысы Виктор Золотов оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын теледебатка чыгуу тууралуу сунушунан баш тартты. 19-октябрда Золотов журналисттерге Москвадан билдиргендей, ал Навальныйды дебатка эмес, спорттук таймашка чакырганын айтты.  “Шайлоочулардын көтөрүлүшү” акциясын уюштурганы, митинг өткөрүү тартибин бузганы үчүн 50 күн абакта отуруп чыккан Навальный 18-октябрда видео жарыялап, анда Золотовдун буга чейинки эрөөлгө чакыруусун кабыл алганын айтып, анын ордуна теледебатка чыгууну сунуш кылган. Читать дальше...

Кулабас тоо

Azattyk.org 

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго.

20-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

20-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...+5, күндүз 8...13, Талас жергесинде түнкүсүн -3.. 2, күндүз 5...10, Баткен облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 42...1, күндүз 4...9, Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9... Читать дальше...

Пентагон Путиндин сөзүнөн күмөн санады

Azattyk.org 

Орус президенти Владимир Путин өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган экстремисттик топ Сириянын АКШ колдогон күчтөрү көзөмөлдөгөн аймагында 700дөй кишини барымтага алганын билдирди. Бул маалыматты Пентагон ырастаган жок. Сочиде 18-октябрда өткөн "Валдай" клубунун жыйынында Путин барымтадагылардын арасында бир нече америкалык жана европалык жарандар да бар экенин айткан. Ал ошондой эле АКШнын колдоосуна ээ Сириянын демократиялык күчтөрүнүн карамагындагы Евфрат дарыясынын сол жээгиндеги аймакта... Читать дальше...

УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары дайындалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары болуп Орозбек Опумбаев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Опумбаев буга чейин УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгын жетектеп, өкмөттүн аппаратында да эмгектенген. УКМКнын төрагасынын биринчи орун басарынын кызматы эки жылдан  бери бош турган. Акыркы жолу бул кызматта Дүйшөнбек Чоткараев иштеген эле. (BkA)

ТИМ Орусиядагы “миграциялык ырайымдын” жол-жобосун түшүндүрдү

Azattyk.org 

Орусиянын бийлиги "кара тизмеге" кирген кыргызстандык мигранттар үчүн “миграциялык ырайым” берүүгө макул болду. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров журналисттерге билдирди. ТИМдин маалыматына караганда, "миграциялык кечиримди" 16-октябрдан 10-декабрга чейин колдонуп калыш керек. Ал үчүн Орусияда жүргөн кыргызстандыктар мекенине келип, андан соң миграция үчүн керектүү документтерин ыраатка келтирип алса болот.   Бирок Орусияда сот чечими менен "кара тизмеге" кирген мигранттар бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана албайт.

Кандагарда шайлоо бир жумага жылдырылды

Azattyk.org 

Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясындагы 20-октябрда өтө турган парламенттик шайлоо аймактын полиция башчысынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу бир жумага жылдырылды.  Бул тууралуу ооган президенти Ашраф Ганинин басма сөз катчысы өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына жазды. Маалыматты Көз каранды эмес шайлоо комиссиясынын басма сөз өкүлү Хазифулла Хашими да "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна ырастады.  - Коопсуздук кеңеши шайлоо мыйзамынын 104-беренесине ылайык, Кандагар провинциясындагы парламенттик шайлоону бир аптага жылдырууну чечти... Читать дальше...

Бишкек ЖЭБи боюнча кылмыш иши сотто карала баштады

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо боюнча козголгон төрт кылмыш ишинин алгачкысы карала баштады. Бүгүнкү жараянга "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын экс-директору Узак Кыдырбаев баштаган камактагы адамдар жеткирилди.  Жараянга жабырлануучу катары “Электр станциялары” жана “Бишкек жылуулук тармактары” ишканаларынын өкүлдөрү катышууда. Айыпталуучулардын адвокаттары ал ишканалардын жабырлануучу... Читать дальше...

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга инвестор табыла элек

Azattyk.org 

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушун улантуу боюнча инвестор табыла элек. Бул тууралуу Энергетика, өнөр жай жана минералдык ресурстар комитетинин бөлүм башчысы Эрмек Нуржанов билдирди. Анын айтымында, учурда ГЭСтер каскадынын курулушун улантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буга чейин Кытайдын, Жапониянын компаниялары маалымат сурап, кызыгуусун билдирген. Бирок комитет өкүлү конкреттүү сунуш болбогонун айтты.  2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Читать дальше...

"Reuters": түрк полициясы Хашоггинин сөөгүн Стамбул токоюнан издеп жатат

Azattyk.org 

"Reuters" агенттиги бир катар расмий булактарга таянып түрк полициясы дайынсыз жоголгон журналист Жамал Хашоггинин сөөгүн Стамбулдун чет жагындагы токойдон жана Мармар деңизинин жээгиндеги шаарлардын биринде издеп жатканын жазды.  Тергөөчүлөр ошондой эле Стамбулдагы Сауд Арабиясынын консулдугун жана консулдун резиденциясын тинтүү маалында "бир катар материалдарды" табышканын "Reuters" агенттигине жогорку даражалуу түрк аткаминерлери маалымдашкан. Алардын айтуусунда, учурда полиция бул материалдарды текшерүүдөн өткөрүп жатат. Читать дальше...

Айтматовдон алган ак бата

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Рахматулла Козукеев менен баарлашып, жетимишинчи жылдардын аягында эл аралаган Чыңгыз Айтматовдун бараандуу караанын элестеттик.

Каспийде "химиялык затка ууланган" иран суучулдары куткарылды

Azattyk.org 

Азербайжандагы Каспий деңизинин жээгин көзөмөлдөгөн куткаруучулар "химиялык затка уулануу белгилери байкалган" бир нече ирандык суучулдарды сактап калышканын билдиришти.  Азербайжандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Парвиз Абубекиров куткаруучулар үч суучулдун өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калышканын 19-октябрда билдирди. Дагы бир нече суучул ооруканада жатат.  Абубекировдун айтымында, жээктеги күзөт кызматы жардам сураган SOS белгисин "Наземер" аттуу жүк ташуучу кемеден алган. Читать дальше...

АКШнын өкүлдөрү Кандагардагы кол салууну айыпташты

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын жогорку расмий өкүлдөрү Ооганстандын түштүгүндө полиция башчысынын өлтүрүлүшүн айыпташты.  АКШнын коргоо министри Жим Мэттис Кандагардын полиция башчысы, генерал Абдул Разыктын өлтүрүлүшүн "мекенчил адамды жоготуу" деп атады. Бул тууралуу ал Сингапурда 19-октябрда билдирди. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Разыкты жана башка жогорку даражадагы ооган расмий өкүлдөрүн жок кылган кол салууну айыптап, ооган элин "Талибандын" шайлоо алдындагы мындай зомбулуктарына карабай өз идеалдарына бекем болууга чакырды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *