Пакистандын Жогорку соту 2010-жылы “пайгамбарга акарат келтирген” деген айып менен өлүм жазасына өкүм кылынган тарса аялдын акыркы даттануусун карай баштады.
Асия Бибинин адвокаты Сайфул Малук отурумдан кийин “Биз сотторго ишенип турабыз” деди. Үч судьядан турган соттук коллегия акыркы чечимин качан жарыялары белгисиз.
Беш баланын энеси Биби 2009-жылы июнда камакка алынып, бир жылдан кийин райондук сот аны өлүм жазасына өкүм кылган. Христиан аялды катаал жазага тартууга мусулман аялдардын аны Мухаммед пайгамбарга "акарат тийгизди" деген сөзү негиз болгон. Ошондо эле адам укугун коргоочулар тарса аял айыптоочулар гана берген көрсөтмөнүн курмандыгы болгонун айтып чыгышкан.
Асия Бибини өлүм жазасына тартуу боюнча райондук соттун өкүмүн 2014-жылы 16-октябрда Жогорку Соттун Лахор шаардык бөлүмү бекиткен. Бирок Бибинин адвокаты доо арыз менен кайрылганга байланыштуу катаал жазаны аткаруу убактылуу токтотулган.
Лахордогу "Социалдык адилеттик" борборунун маалыматы боюнча Пакистанда 1987-2016-жылдар аралыгында 1500гө жакын киши "кудайга акарат келтирген" деген кине менен жазага тартылган.
Пакистандын 200 миллионго чукул калкынын 1.6% тарса-христиандар түзөт.
Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
«Школа вожатых» прошла в школе №7 в Реутове
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Metatokens: инновационная платформа для дохода в экосистеме TON и ETH
Metatokens: инновационная платформа для дохода в экосистеме TON и ETH
Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России