Помпео: Иран кетпесе Сирия бир доллар да албайт
“Эгер Сирия Иран колдогон аскерлердин толук чыгып кетишин камсыздай албаса, анда калыбына келтирүү үчүн Кошмо Штаттарынан бир доллар да алалбайт”, деди Помпео 10-октябрда.
Иран жана Орусия Сирия президенти Башар Асадды колдоп келди. АКШ баштаган коалиция оппозициясына жан тартат. Кошмо Штаттары "аймактагы террордук топторун колдойт, коңшуларын опузалап келет" деп Иранга айып такса, Тегеран кинелерди четке кагууда.
2011-жылы башталган Сириядагы жарандык согуш өкмөттүк армия оппозиция ээлигиндеги жерлерди бошоткон соң, эл аралык күчтөрдүн жардамы менен “Ислам мамлекети” террор тобу сүрүлгөндөн кийин басаңдады.
Башар Асад өз өлкөсүн калыбына келтирүү үчүн 400 млрд. доллар керек экенин айтканы бар. "World Vision" уюмунун эсебинде, урандыга айланган өлкөнүн негизги бөлүгүн кайра курууга 1,3 трлн. доллар талап кылынат.
