Космоско бараткан кеме кырсыктап, экипаж артка кайтты
Космос кемеси 11-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча 11:40та кое берилген. "Интерфакс" агенттигинин кабарына караганда, кыймылдаткычтардын бири иштебей калган.
Экипаж мүчөлөрү – орусиялык космонавт Алексей Овчинин жана НАСАнын астронавты Ник Хейг - куткаруучу капсула менен жерге түшкөн. Алар Эл аралык космос станциясына нөөмөткө баратышкан.
