Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Орусияда ишин тапшырган губернаторлор онго жетти

0
11-октябрда Орусиянын Курск облусунун, Забайкальский крайынын жана Башкортстан Республикасынын башчылары кызматтан кетүүгө арыз беришти.


Ушуну менен бир айдан ашуун убакыт ичинде онунчу аймактык жетекчи кызматтан кеткени турат. Президент Владимир Путин Астрахань, Санкт-Петербург, Липецк, Курган, Сахалин облустарынын, Приморский крайы менен Кабардино-Балкария республикасынын жетекчилерин алмаштырды. 


Быйыл сентябрдагы губернаторлорду шайлоодо Кремль колдогон талапкерлер Хабаровск крайы менен Владимирск облусунда утулуп калышкан. Ал эми Хакасияда экинчи айлампа өткөнү турат. Приморскиде талаштуу жыйынтыктан кийин шайлоо жокко чыгарылган.


Мындай жыйынтык элдин пенсия курагын көтөрүү боюнча чечимге каршы нааразылыгы күчөп турган учурда чыкты.














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *