Ошто тогуз коргоол боюнча мелдеш башталды
Ага Кыргызстандын жети облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан 200дөн ашуун спортчу катышууда.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мелдеш улуттук спортту өнүктүрүү жана мыкты спортчуларды тандоо максатында уюштурулду.
Ош шаарынын мэринин Кубогу үчүн тогуз коргоол оюну боюнча төртүнчү ирет өтүп жаткан мелдештер 22-октябрда жыйынтыкталат. (MdN)
