Машыгуу учурунда прапорщик каза болду
Мекеменин маалыматына караганда, окуя бүгүн 18-октябрда болду.
Үч чакырымга чуркоо маалында прапорщик эс-учун жоготуп, жыгылган. Алгачкы медициналык жардамдан эсине келбей, ооруканага жеткирип баратышканда жолдо каза болгон.
Учурда маркум эмнеден каза болгону иликтенип жатат.
