Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Грекиянын өкмөт башчысы Македония менен келишимди коргоорун билдирди

0
Грекиянын премьер-министри Алексис Ципрас Македониянын аталышы боюнча Скопье менен түзүлгөн келишимди “коргой тургандыгын” билдирди. Макулдашуу грек өкмөтүнүн ыркын кетирип, документтин үстүнөн иштеген тышкы иштер министри 17-октябрда кызматтан кетти.


Июнда кол коюлган келишимге ылайык, мурдагы Югославиянын курамында болгон өлкө өз аталышын Түндүк Македония деп өзгөртмөкчү. Эки тарапта тең жаңы келишимге каршы болгондор көп.


Грекиянын бир бөлүгү да Македония деп аталгандыктан, Скопье менен Афины бул аталышты көп жылдардан бери талашып келишкен. Бул маселе Македониянын НАТО менен Еврошаркетке киришине да кедергесин тийгизүүдө. Грекия эки уюмга тең мүчө болуп эсептелет.














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *