Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Кандагарда АКШ менен Ооганстандын өкүлдөрү жыйын өткөргөн жерде атышуу болду

0
Ооганстандын Кандагар чөлкөмүндө полициянын таасирдүү жетекчиси талибдердин чабуулунан улам мерт болду. Ооганстандын чалгын кызматынын расмий өкүлү радиобуздун ооган редакциясына айтып бергендей, бейшембиде АКШ менен Ооганстандын коопсуздук органдарынын өкүлдөрү жыйын өткөргөндөн кийин губернатордун кеңсесинде атышуу башталган.


Генерал Абдул Разык окко учуп каза болду. НАТОнун маалымат өкүлү АКШнын Ооганстандагы жогорку командачыларынын бири генерал Скот Миллер да жыйынга катышканын, бирок жабыркабаганын билдирди. Атышууда америкалык 2 жаран жарадар болду. Окуянын башка чоо-жайы азырынча белгисиз.














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *