Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Орусия "кара тизмедеги" кыргызстандык мигранттарга мунапыс берди

0
Кыргыз-орус президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин Орусияга кирүүгө тыюу салынган «кара тизмедеги» жарандарга кайрадан өлкөгө кирүүгө уруксат берилди.


Ага ылайык, Орусиянын аймагында миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн жарандар өлкөдөн чыгып, кайра жаңы миграциялык карта менен кирсе болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова кабарлады. Маалыматка караганда, мунапыс Орусияда бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган же учурда миграциялык эрежелерди бузган жарандарга гана тиешелүү.


Сот "Орусиядан чыгарылсын" деген чечим чыгарып, бирок өз маалында өлкөдөн кетпегендер, издөөдө жүргөн жарандар, Орусияга кирүүнүн жана чыгуунун тартиби боюнча мыйзамдын 27-беренесинин негизинде орус жергесине кирүүгө тыюу салынгандарга мындай жеңилдиктин тиешеси жок.


«Кара тизмедеги» жарандар 2018-жылдын ноябрь айынан тартып өздөрүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин сайтындагы маалымат базасынан текшертсе болот.


Ушу тапта Орусиянын аймагында миграциялык мыйзамды бузуп, мыйзамсыз иштеп жаткан жарандар 16-октябрдан 10-декабрга чейин өлкөдөн чыгып, кайрадан жаңыланган миграциялык карта менен кире алышат.


Расмий маалыматка караганда, Орусияга кирүүгө тыюу салынган «кара тизмеде» 70 миңдей кыргызстандык бар. (LzT)














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *