Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Бишкек ЖЭБи боюнча кылмыш иши сотто карала баштады

0
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо боюнча козголгон төрт кылмыш ишинин алгачкысы карала баштады. Бүгүнкү жараянга "Улуттук энергохолдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын экс-директору Узак Кыдырбаев баштаган камактагы адамдар жеткирилди. 


Жараянга жабырлануучу катары “Электр станциялары” жана “Бишкек жылуулук тармактары” ишканаларынын өкүлдөрү катышууда. Айыпталуучулардын адвокаттары ал ишканалардын жабырлануучу катары сотко катышып жатышканына нааразылыгын билдирип, аны мыйзамсыз деп баалашты. 


Бишкек ЖЭБи боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. Анын алкагында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, энергетика тармагындагы ишканалардын бир катар жетекчилери да “Коррупция” беренеси менен айыпталып, абакта отурушат. 


Буга чейин бул иш боюнча сот жараяны баштала элек болчу. (BkA)














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *