Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Каспийде "химиялык затка ууланган" иран суучулдары куткарылды

0
Азербайжандагы Каспий деңизинин жээгин көзөмөлдөгөн куткаруучулар "химиялык затка уулануу белгилери байкалган" бир нече ирандык суучулдарды сактап калышканын билдиришти. 


Азербайжандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Парвиз Абубекиров куткаруучулар үч суучулдун өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калышканын 19-октябрда билдирди. Дагы бир нече суучул ооруканада жатат. 


Абубекировдун айтымында, жээктеги күзөт кызматы жардам сураган SOS белгисин "Наземер" аттуу жүк ташуучу кемеден алган. Кеме Каспий деңизи аркылуу Казакстандын Актау шаарынан Азербайжандын баш калаасы Бакуга буудай алып бараткан. Белги 19-октябрга караган түнү  түшкөн. 


Баштапкы маалыматтарга караганда, суучулдар эгинди сактоодо колдонулган химиялык затка ууланышкан.














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *