Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Акаев: Илмияновдун камалышы президентке жакын адамдарга сабак болушу керек

0
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун камалышынан азыркы президент Сооронбай Жээнбековго жакын адамдар сабак алышы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаев "Азаттыкка" билдирди:



- Бул элге, оппозицияга же башкаларга эмес, так ошол Сооронбай Жээнбековдун командасына эң чоң коңгуроо. Азыр утурумдук чоң бийликте болушуң мүмкүн, сотторду же күч органдарын каалагандай башкарышың, бизнести кармашың, шайлоодо тизме түзүшүң мүмкүн, бирок мунун баары убактылуу. Президентке чындыкты жеткирип, аны туура жолдон адаштырбай, аны жакшы жакка багыттоо анын жанындагылардын иши. 


20-октябрда "Шопур" деген каймана ат менен таанылган жана экс-президенттин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары айтылган Икрамжан Илмиянов "Алдамчылык" беренеси менен Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.


Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 28-ноябрга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарып, УКМКнын тергөө абагына камалган. (EBM)














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *