Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Австралия: премьер-министр жыныстык ыдык көргөн балдардан кечирим сурады

0
Австралиянын премьер-министри Скот Моррисон ондогон жылдардан бери мамлекеттик мекемелерден жабыркап келген балдардан, алардын жакындарынан кечирим сурады. Беш жылга созулган Падышалык комиссия жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында соңку жылдары сегиз миңден ашуун бала негизинен чиркөөлөрдө, мектептерде жана спорттук клубдарда жыныстык ыдык көргөнү белгилүү болгон.


22-октябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө Скот Моррисон бул окуялардын көз жаздымда калып калышына сот системасын айыптады. Бала чагында жыныстык зомбулукка кабылган ар бир жаранга 150 миң Австралия долларын төлөп берүү каралган. Бирок айрымдар бул сумма абдан аз экенин айтып, нааразылыгын билдирип жатышат. 














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *