Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

УКМК "Атамбаевдин жансакчылары азайтылды" деген маалыматты төгүндөдү

0
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчылары азайтылды" деген маалыматты төгүндөдү. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдиргендей, азыркы кезде экс-президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевдин күзөтчүлөрүнүн саны бирдей:


- Бул маалымат туура эмес. Жакын арада экс-президенттин жансакчылары азайтылган жок. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөөрдө экс-президенттин күзөтчүлөрү бир аз кемиген. Учурда Атамбаевдин да, Отунбаеванын да жансакчылары бирдей жана жетиштүү. 


Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин штаты бир топ кыскартылганын буга чейин Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" ырастаган. УКМК да, КСДП да экс-президентти канча күзөтчү кайтараарын так айтышкан жок. (NT)














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *