Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Германияда улутчулдарга каршы нааразылык акциясы өттү

0
Германиянын Дрезден шаарында жекшембиде ашынган оңчулардын ПЕГИДА кыймылына каршы нааразылык акциясы өттү. Демонстрацияга он миңден ашуун адам катышты. Алар "жек көрүү эмес, сүйүү" деген ураандарды чакырып жатышты. Ушул эле күнү ПЕГИДАнын тарапташтары да шаар көчөлөрүнө чыгышып, кыймылдын түзүлгөнүнүн төрт жылдыгын белгилешти. Ал акцияга беш миңдей киши чыкканы кабарланды.


ПЕГИДА кыймылы дал ушул Саксония аймагында негизделген. Ал негизинен бийликтин иммиграциялык саясатына каршы чыгып келет. Аймактын ички иштер министрлиги Саксония улутчулдукка байланыштуу кылмыштардын саны боюнча биринчи орунда экенин билдирген. 














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *