Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Приштина менен Белград зыяратчыларга кол салууну айыптады  

0
Косовонун жана Сербиянын жогорку кызмат адамдары серб улутундагы зыяратчылар бара жаткан автобуска кол салууну айыптады. Маалыматтарга караганда, белгисиз адамдар 21-октябрда Косовонун чыгышында Студеница кыштагындагы христиан кечилканасына эки автобус менен бараткан зыяратчыларга таш ыргыткан.


Косовонун президенти Хашим Тачи "адамдардын ары-бери жүрүү жана дин тутуу эркиндигин бузган аракеттерге жол берүүгө болбой турганын" айтып, полицияны күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.


Приштина менен Белграддын мамилеси 2008-жылы Косово провинциясы өз эгемендигин жарыялаган кезде бузулган.


Эки тарап 2013-жылы талашты Еврошаркеттин арачылыгы менен чечүүнү макулдашкан, бирок алардын араздашуусу толук токтой элек. 














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *