Путин Украинага экономикалык санкция киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду
Жарлыкта кандай санкциялар киргизиле турганы айтылган эмес. Орус президенти өкмөттү санкциялык чараларды иштеп чыгууга милдеттендирген. Путин ошондой эле өкмөткө "экономикалык атайын чаралар киргизиле турган жеке жана юридикалык тараптарды аныктоону" тапшырган.
Жарлыкта "эгер Украина орус жарандарына каршы киргизилген бардык чектөөлөрдү алса, санкциялар жокко чыгарылышы мүмкүн экени да" белгиленген.
Крым жарым аралын каратып алганы жана Украинанын чыгышындагы куралдуу жикчилдерди колдогону үчүн Кошмо Штаттары жана Европа Биримдиги менен катар эле Киев да орусиялык ишкерлерге, компанияларга жана башка субъектерге санкция киргизген. Путин да Орусияга санкция киргизген өлкөлөргө карата жооп чара көрүү боюнча мыйзамга кол койгон.
