Кытайдагы "кыргыз окумуштуусу лагерде жатат" деген маалымат төгүндөлдү
Кытайлык кыргыз илимпозу, Үрүмчү шаарында жашап жаткан 53 жаштагы профессор Мамбеттурду Мамбетакун (Мамбет Турду) Кытайдагы "саясий тарбия берүү лагерине" 2018-жылдын башында жиберилген бойдон тагдыры белгисиз экендиги жөнүндө кытайлык уйгурлардын укугун коргогон активист Абдулгани Сабит жазган маалымат төгүнгө чыгарылды.
Сабит мырзанын маалымдашынча, кыргыз окумуштуусу быйылкы жылдын башында "кайра тарбиялоо лагерине" жиберилген имиш.
Бирок Кытайдын борборундагы кыргыз окумуштуусу Абдулгани Сабиттин Мамбеттурду Мамбетакун "жыл башынан бери атайын жайда кармалууда" деген кабарын жокко чыгарып, жакында эле аны менен илимий жыйында көрүшкөнүн билдирди.
Шинжаңдагы "Манас" изилдөө борборунун жетекчиси, Шинжаң педагогикалык университетинин профессору Мамбеттурду Мамбетакун жыл башынан бери залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына жана кыргызстандык чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ар кыл илимий-маданий чараларды уюштурууга жигердүү катышып келет деп жогорудагы кытайлык кыргыз илимпозу "Азаттыктын" өкүлүнө дүйшөмбүдө тастыктады.
Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдук районунун 20 миллиондон ашык калкынын басымдуу бөлүгүн уйгурлар жана ханзулар (кытайлар) түзөт. Ошондой эле бул аймакты казактар, кыргыздар, дунгандар, батыш монголдор, шивейлер, тажиктер сыяктуу башка бир нече этностук топтор да байырлашат.
Мамбеттурду Мамбетакун "Манас" эпосу, кыргыз таануу жана Кытайдагы чакан этностордун азыркы доордогу адабияты, фольклордук мурасы маселелерин изилдеген ири окумуштуу, жазуучу жана акын катары таанымал.
Анын немис илимпозу Гундула Салк менен биргеликте Манчжуриядагы фу-йү кыргыздары тууралуу жазган оригиналдуу эмгектери Батыш Европада жарык көргөн.
Мамбеттурду Мамбетакун Кыргызстанга 1994-жылдан тартып көп ирет келип, илимий жыйындарга катышкан. Анын бир монографиясы Кыргызстанда жарык көргөн. Ал кытайлык кыргыз студенттерин бир нече жыл бою Кыргызстанга этнографиялык-фолклордук илимий сапарга алып келген жана этнограф, фолклорчу Сулайман Кайыпов сыяктуу кыргызстандык окумуштууларды Кытайга дарс окууга чакырган.
Мамбеттурду Мамбетакун 1990-жылдары жазган “Биз” аттуу ырдын айрым саптары Бишкек четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата тургузулган эстеликке чегилген.
Профессор Мамбеттурду Мамбетакун илимий макалалары жана адабий чыгармалары үчүн Кытайда бир катар мамлекеттик жана автоном райондук сыйлыктарга татыктуу болгон. Окумуштуу 2015-жылы Кыргызстандагы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин ардактуу профессору наамын алган.
2016-жылы Кыргызстандын президентинин аппаратына караштуу "Мурас" фонду профессор Мамбеттурду Мамбетакунду, ошондой эле бээжиндик манас таануучу, профессор Адыл Жуматурдуну заманбап кыргыз-кытай илимий алакаларын жана достук мамилелерин чыңдоого кошкон ири салымдары үчүн Кыргызстандагы жогорку сыйлыктардын бирине талапкер катары да сунуштаганы маалым.
Кытайдагы "саясий тарбия берүүчү лагерлер" тууралуу акыркы эки жылдан бери байма-бай маалыматтар чыгып келе жатат.
Ал эми үстүбүздөгү жылы сентябрь айында “Хьюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму Кытайда уйгурлар менен казактардын өкүлдөрү саясий тарбия берүүчү лагерлерде негизсиз кармалып турганын, алардын ичинде кыргыздар да бар экенин кабарлаган.
Ага чейин Бириккен Улуттар Уюмунун расалык басмырлоого каршы комитетинин Женевадагы жыйынында Шинжаң аймагындагы мындай лагерлердеги уйгурлардын саны 1 миллионго чукулдаганы айтылган.
Жакында Кытай бийлигинин өкүлдөрү Шинжаңдагы тарбия лагерлери бар экенин моюнуна алып, бирок мындай жайлар абак эмес экенин, ал борборлордо адамдар кесипти жана кытай тилин үйрөнө турганын билдиришкен.
Расмий Бээжин "Шинжаңда адам укуктары бузулду" деген дооматтарды четке кагып, бул чөлкөмдөгү коопсуздук чараларын диний экстремизмге каршы күрөшүү аракети менен түшүндүрүп келет.