Грузияда президенттик шайлоо өтүүдө
Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, мындан кийин президентти өлкөнүн парламенти шайлашы керек. Грузияда президенттин бийлик укуктары азыр эле чектелүү.
Бул жолу президенттикке 25 талапкер ат салышууда. Ал эми негизги атаандаштык үч талапкердин ортосунда жүрүүдө. Алардын бири - “Күч биримдикте” коалициясынын талапкери Григол Вашадзе.
Мурдагы президент Михаил Саакашвилинин бийлиги маалында Тышкы иштер министрлигин жетектеп турган Вашадзе өлкөдөгү олигархиялык бийлик системасын жоюуну убада кылып жатат.
Мурдагы тышкы иштер министри Саломе Зурбашвили көз карандысыз талапкер деп эсептелгени менен анын артында бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы турат.
Эгер 66 жаштагы Зурабашвили утса, ал Грузия тарыхындагы алгачкы аял президент болот. Үчүнчү негизги талапкер деп “Европалык Грузия” партиясы чыгарган Давид Бакрадзенин ысымы аталууда.
Мурдагы президент Георгий Маргвелашвили бул жолку шайлоого катышкан жок.
Грузияда 3,5 миллионго жакын адам шайлоодо добуш берүүгө укугу бар.
