Стамбулда төрт өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу аяктады
“Бул жараяндын жыйынтыгы катары бардык сириялыктар катыша ала турган эркин жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү болушу керек”-деп билдирди Германиянын канцлери Ангела Меркел.
Ошондой эле коммюникеде сириялык качкындардын өз өлкөсүнө кайтышына бардык шартты түзүү зарылдыгы жөнүндө айтылат.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Сириядагы абалга дүйнөлүк державалар көз салып турганын билдирди. Ал Башар Асаддын армиясы жана анын өнөктөштөрүнүн аскердик операциясы “өлкөдөгү коопсуздук жана гуманитардык абалга терс кесепетин тийгизерин” эскертти.
Сириядагы Башар Асаддын режими менен ар кыл куралдуу жана террорчул күчтөрдүн ортосундагы согуш 2011-жылдан бери уланып келет. Бул согуштун айынан жүз миңдеген адамдар каза тапты. Беш миллиондон ашык сириялык качкын катары журт которууга аргасыз болду.
