“Лестер сити” клубунун кожоюнунун тик учагы кулады
Күбөлөрдүн айтымында, окуя 27-октябрда “Лестер сити” командасы катышкан оюндан кийин болгон. Тик учак жерден бир аз көтөрүлгөн соң кулап, жарылып кеткен. Кырсыкка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Таиланддык бизнесмен Вишая Шривадданапрабхи “Лестер сити” клубун 2010-жылы сатып алган. Ал ээлик кылган сегиз жыл ичинде клуб ийгиликке жетип, 2016-жылы Англиянын чемпиону болгон. Бул клуб түзүлгөн жүз жылга жакын убакыттагы эң жогорку көрсөткүч болуп калган.
