Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Прагада Чехословакиянын 100 жылдыгы белгиленди

0
Чехословакиянын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Прага шаарында төрт миң жоокер жана аскер техникасы катышкан парад болду. Жекшемби күнкү ири парадга армиянын Gripen истребителдери жана тик учактары катышты. Ага күбө болгондордун арасында атайын учуп келген АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис да бар. Чехияга Словакиянын президенти Андрей Киска баштаган делегациясы да келген. 


Чехословакия 1918-жылдын 28-октябрында республика болуп түзүлгөн. Жаңы мамлекеттин курамына Австро-Венгер империясынын Чех королдугу жана Венгер королдугунун словактар жашаган аймактары кирген. 1992-жылы Чехия менен Словакия эки мамлекетке бөлүнгөн. Бирок 28-октябрды эки эл тең мамлекеттүүлүгү түзүлгөн күн катары белгилеп келишет.














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *