Жашыл шаарым Жалал-Абад
Жалал-Абад шаарынын жашоочусу Нурмамат Сапарбаев "Азаттыкка" сүрөт жөнөттү. Жалал-Абад шаарынын жазды тосуп алган көрүнүшү төмөнкү сүрөт баянда.
Жалал-Абад шаарынын жашоочусу Нурмамат Сапарбаев "Азаттыкка" сүрөт жөнөттү. Жалал-Абад шаарынын жазды тосуп алган көрүнүшү төмөнкү сүрөт баянда.
Жалал-Абад шаарынын жашоочусу Нурмамат Сапарбаев "Азаттыкка" сүрөт жөнөттү. Жалал-Абад шаарынын жазды тосуп алган көрүнүшү төмөнкү сүрөт баянда.
Бул маалыматты "Азаттыкка" Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди. Анын айтымында, 10-апрелде Текебаев Улуттук кардиология борборунда текшерүүдөн өткөрүлүп, анализ тапшырган. - Жыйынтыктары толук чыккандан кийин, 12-апрелде врачтар консилиумга чогулуп, Текебаевдин саламаттыгы боюнча корутунду чыгарышат. Бүгүн аны кардиологиялык борборго алып келишкен жок. Эртең алып келишсе керек, - деди ал. 10-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) №47 абакта жаткан Өмүрбек Текебавдин... Читать дальше...
"Facebook" компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Марк Цукерберг Орусиянын кызыкчылыгын көздөп, социалдык түйүндү шайлоону жана коомдук пикирди жазгырыш үчүн колдонууга аракеттенген топторго чечкиндүү каршы турарын билдирди. 33 жаштагы интернет-магнат бул тууралуу АКШнын Сенатында шейшембиде көрсөтмө берип жатып кеп кылды. Сенаторлор Цукербергге АКШдагы президенттик шайлоого сырттан кийлигишүү үчүн "Фейсбуктун" колдонулушуна, социалдык желедеги жеке кат алышуунун купуялуулугуна жана колдонуучулардын жашыруун маалыматына... Читать дальше...
Бүгүн Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда белгиленген президенттик шайлоо өтүп жатат. Сурамжылоого караганда, бийликтеги “Жаңы Азербайжан” партиясы талапкерлигин көрсөткөн президент Илхам Алиев чоң ажырым менен жеңип чыгышы мүмкүн. 2016-жылы референдум аркылуу Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Алиев бул жолу утса төртүнчү мөөнөткө шайланып, өз өлкөсүн 2025-жылга чейин башкарат. Оппозициячыл партиялар добуш берүү таза өтпөсүн белгилеп, шайлоого бойкот жарыялашкан. Учурда Алиевге атаандаш... Читать дальше...
Мьянмада жети аскер өткөн жылы рохинжа мусулмандарын аёосуз өлтүргөнү үчүн 10 жылга эркинен ажыратылды. Ракхайн аймагынын 10 тургуну атып өлтүрүлүп, чогуу көмүлгөн. Бул окуя "Рейтерстин" журналисттеринин иликтөөсүнөн кийин ачыка чыккан. Бирок ал эки журналист өткөн жылдын соңунда камалып, ушул күнгө чейин темир тор артында. Аларга "жашыруун өкмөттүк документтерди мыйзамсыз алышкан" деген кине тагылууда. Журналисттердин камалышы эл аралык коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, аларды адам укуктары боюнча адвокат Амал Клуни өз көзөмөлүнө алган. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев прокуратуранын милдеттерин кайра кайтарууну сунуштады.
Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары менен жолугушуу учурунда камакта жаткан оппозициячылардын жакындары алардын камалышына тиешеси бар кызмат башчыларын жоопко тартууну талап кылышты. Марс Кыдыкбаев "УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев менен мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алып эле тим болбой, жоопко тартыш керек" деген талабын койду. Ал эми абактагы Канат Исаевдин бир тууганы Талант Исаев Сегизбаев менен Жолдубаеванын Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу имиштер айтылып жатканын билдирип... Читать дальше...
Кошмо Штаттар Мексика менен чек арасында дубал көтөрө баштады. Анын узундугу 30 чакырымды түзөрү маалым болду. АКШнын чек ара кызматы билдиргендей, дал ушул тилкеде эң көп мыйзамсыз мигранттар кармалат жана маңзатты алып өтө турган башкы жол деп эсептелет. Статистикага ылайык, мына ушул аймактан былтыр эле 25 миңдей мыйзамсыз мигрант кармалган. Курулушу 73 миллион доллар турган бул дубал бир жарым жылда бүтөрү айтылууда. Өткөн жумада президент Трамп чек араны бузгандар "сот чечимине чейин кое берилбесин" деген меморандумга кол коюп... Читать дальше...
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлдү. Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, нааразылыкка миңдей киши катышты. Абалга милиция көз салып турду. Бирок маалыматтарда чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытканы кабарланууда. Натыйжада Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жана бир жергиликтүү тургун... Читать дальше...
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жергиликтүү медиадан өзү тууралуу берилип жаткан маалыматтарды чындыкка дал келбейт деп эсептейт. - "Сатыбалдиев 2014-жылы Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп турган убакта бала бакчанын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүш үчүн мыйзамсыз тендер өткөрүп, коррупциялык аракетерге барган" деп таратылган маалыматтар жалган. Кезегинде анын баары текшерилип, мыйзамдуу болгон. Ал маалыматтарды таратып жаткан телеканал атайылап мени каралоого аракет кылып жатат. Читать дальше...
Индонезияда жасалма аракка ууланып каза тапкандардын саны сексенден ашты. 130дай киши ооруканага түштү. Батыш Ява провинцияларынын ооруканаларына уулануу белгилери менен алгачкы бейтаптар 10-апрелде түшө баштаган. Полиция билдиргендей, жасалма алкогол атайын лабораториядан өткөрүлүп, анын курамында метил спирти, жөтөлдүн дарысы жана курт-кумурскаларга каршы пайдаланылчу суюктук болгону аныкталган. Мындай аралашма минералдык суунун шишесине куюлуп сатылган. Учурда аны жасаган жана саткан адамдар кармалды. Читать дальше...
Кыргызгидромет 11-12-апрелде Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде -2 градус үшүк жүрөрүн эскертти. Мындай аба ырайы эрте бышкан алма, өрүк жана алчага зыян. Өлкөнүн тоолуу жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Дарыяларда суу кирип, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал. 12-апрелде жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы... Читать дальше...
10-апрель күнү "Ширеч" насостук станциясынын кызматкерин сабаганы үчүн Сохтун Шархабат айылынын төрт тургунуна кылмыш иши козголуп, камакка алынарын Сох районунун прокурору Жахангир Фозилов бүгүн Суу-Башы айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтуусунда, Сохтун ичинде жайгашып калган насостук станциянын иши жана кызматкерлердин коопсуздугу Сохтогу өзбек чек арачылары тарабынан кайтарууга алынат. Мындай келишимге Сох жана Баткен райондорунун акими, прокурору, милиция жана чек ара башчылары жолугушууда жетишкен. Читать дальше...
Кыргызстандын "Ширеч" насостук станциясынын кызматкерин сабаганы үчүн Өзбекстандын төрт жаранына кылмыш иши козголот. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Сох районунун прокурору Жахангир Фозилов бүгүн Кыргызстандагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, Сохтун ичинде жайгашып калган насостук станциянын иши жана кызматкерлердин коопсуздугу өзбек чек арачылары тарабынан кайтарууга алынат. Мындай келишимге Сох жана Баткен райондорунун акими, прокурору, милиция жана чек ара башчылары жолугушууда жетишилген. Читать дальше...
Турнир Мукур айылындагы "Манас" спорт клубу тарабынан уюштурулган
"Республика - Ата Журт" партиясынын мурдагы лидери, Жогорку Кеңештин муруңку депутаты Өмүрбек Бабанов учурда Москвада ишкерлик менен алектенүүдө. Бул тууралуу анын санаалашы, парламент депутаты Руслан Казакбаев "Азаттыкка" билдирди: - Ишкерлик гана кылып жатат. Саясатка аралашкан жок. Качып да жүргөн жок. Москвада өз кеңсесинде иштеп, дарыланып да жүрөт. Ал майда ишкер эмес, чоң ишкер экенин билесиңер. Саясатта жүргөн кезинде эле ишкерлик жаатында кыялданган көп долбоорлору бар эле. Азыр ошону менен алек. Читать дальше...
“Республика-Ата Журт” партиясынын депутаты Руслан Казакбаев өзүнүн фракция лидерлигинен кандайча алынып калганын “Азаттыкка” чечмеледи. Ал мындан тышкары аталган партиянын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов тууралуу да маалымат берди. Анын айтымында Бабанов учурда Москвада ишкерлик менен алектенип жатат.
10-апрелде "Ширеч" насостук станциясынын кызматкеринин сабалышы боюнча Өзбекстандын Сох районунун акими менен Баткен районунун акими Сох аймагында жолугушту. Жолугушууга райондук милиция, прокуратура жана чек ара кызматтарынын жетекчилери да катышууда. Ушул тапта Сох анклавы менен чектешкен Суу-Башы айылынын тургундары кыргыз-өзбек чек арасына топтолп турушат. Алар "Ширеч" насостук станциясын иштеткени барган кызматкерлер буга чейин да сохтук тургундардан ыдык көрүп жүрүшкөнүн айтышып, суунун үзгүлтүксүз берилишин талап кылып жатышат. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев өкмөт башчы Сапар Исаков өзүнүн дарегине айтылган сынды чычалоо менен кабыл алганын билдирип, муну чабалдык катары сыпаттады. Парламенттин 11-апрелдеги жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Зулушев "премьер-министр кеңешчилеринин артына бекинип, өкмөттүн дарегине сын айткандарды жамандатып жатканын" белгиледи. Жыйынга катышып жаткан премьер-министр Сапар Исаков муну депутаттын жеке пикири экенин, ким кандай иштегенин эл көрүп жатканын айтты. 28-мартта парламент... Читать дальше...
Түркия кыргыз мигранттары көп иштеген өлкөлөрдүн бирине айланды. Бул тууралуу Анкарага расмий сапар менен барган президент Сооронбай Жээнбековдун кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.
Премьер-министр Сапар Исаков Өзгөндө үйлөрдү суу каптоосунун алдын алууну өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алган учурда тапшырып, муну жеке көзөмөлүнө алууну буйруду. Исаков түрдүү кырсыктардын алдын алуу маселеси өкмөттүн алдындагы негизги маселе экенин билдирип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кырсыктардын алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүп турууну милдеттендирди. Оштун Өзгөн районунда Кара-Дарыянын суусу кирип, айдоо аянттарын каптай баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-апрелде билдиргендей... Читать дальше...
Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын эки кызматкерине Кылмыш кодексинин 305-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 315-берене ("Кызматтык жасалмалоо") боюнча кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аларга быйыл 5-мартта райондун тургуну бирөөлөр акча талап кылып жатканын айтып, арыз менен кайрылган. Алар арызды каттабай туруп, иликтөө иштерин жүргүзүүнү мыйзамсыз баштаган. Жыйынтыгында шектүү делген жаранды кармап келип, милициянын 5-бөлүмчөсүндө таңкы саат 5:00гө чейин кармап... Читать дальше...
Таласта 11-апрелде ЖИА ишкерлер бирикмеси, “Элим, барсыңбы?” коомдук кайрымдуулук фонду жана “АЗРА жемиштери” компаниясы баштаган “Бир ишкер – бир көчөт” аттуу республикалык жашылдандыруу акциясы уюштурулду. Өнөктүктүн алкагында шаардагы беш мектептин, алты бала бакчанын, облустук оорукананын, Талас мамлекеттик университетинин короосуна мөмөлүү жана көргөзмөлүү дарактардын көчөттөрү эгилди. Андан тышкары, колу жука он үй-бүлөгө да көчөттөр берилди. Тигилген көчөттөрдүн саны 270ти түзүп, ага 40 миң сом сарпталды. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттары баш прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун колдоду.