Бишкек шаардык соту “Суу кодексине” каршы арызды карайт
Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңеш кабыл алган Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү четке кагуу боюнча жарандык активисттердин доо арызын карайт. Рита Карасартованын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, документти кабыл алууда эл өкүлдөрү процедуралык мыйзам бузууга жол бергени үчүн Жогорку Кеңештин “Суу кодексин өзгөртүү жөнүндөгү” токтомун жараксыз деп табууну суранган. Буга чейин ишти райондор аралык соту карап, ал четке кагылган. Былтыр ноябрда Жогорку Кеңеш "Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун кабыл алган... Читать дальше...