Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 26.12.2018

Кытайда төңкөрүш аракетине айыпталган укук коргоочунун соту башталды

Azattyk.org 

26-декабрда Кытайда адвокат жана укук коргоочу Ван Куанчжаңдын соту башталды. Анын иши Тянжин шаарында, катуу кайтаруудагы сот залында каралып жатканын "Ассошиэйтед пресс" агенттиги кабарлады. Вандын тарапташтары сот имаратынын алдына чогулушту. "Мен Ван Куанжаңды колдойм! Бир партиянын жеке басар бийлигине каршымын! Ван Куанжаңды бошоткула!" деп кыйкырып турду колдоочуларынын бири, активист Ян Чунлин. "Мен саясий реформаны, партиялар шайланып келишин талап кылам. Жарандардын укуктары сакталышын талап кылам. Читать дальше...

Ташиев: Ырайым берүү тандалма болбошу керек

Azattyk.org 

Президенттин ырайым берүү жараяны тандалма болбошу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев билдирди. Ал экс-президент Роза Отунбаеванын “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү тууралуу кайрылуусу тууралуу ушундай ойдо.  Ташиев экс-президент Роза Отунбаевага, Жогорку Кеңештеги фракция лидерлерине кайрылып, президенттин ырайымына буга чейин саясий негизде камалгандардын баары татыктуу экенин белгилеген. - Ушундай негизде бир катар мамлекеттик ишмерлер камакта жатат. Читать дальше...

ИМ тобу Ливия менен Иракта чабуул жасаганын билдирди

Azattyk.org 

Өзүн “Ислам мамлекети” атаган террордук топ Ливия менен Ирактагы кол салууларга жоопкерчиликти алды. 25-декабрда Триполидеги кол салууда үч киши курман болуп, жыйырмадан ашууну жаракат алган. Алгач Тышкы иштер министрлигинин алдында машинеге салынган бомба жардырылып, андан кийин куралчан үч жоочу имараттын кире беришинде ок атышкан. Ушул эле күнү Ирактын Тал Афар шаарында автоунаанын ичине коюлган бомба жарылып, 11 киши жарадар болгон. 200 миңдей калкы бар шаардан былтыр августта "Ислам мамлекети" террор тобу сүрүп чыгарылган. Читать дальше...

Аскар Акаевдин басма сөз катчысы каза болду

Azattyk.org 

Мурдагы президент Аскар Акаевдин котормочусу, протокол кызматынын башчысы жана басма сөз катчысы болуп иштеген Ильяс Бекболотов 46 жаш курагында каза тапты. Бул тууралуу “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаев “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Буга чейин Бекболотов ооруп жатканы кабарланган. Ильяс Бекболотов Аскар Акаевдин пресс-катчысы болуп 2001-2003-жылдары иштеген.

“Ак-Таш” өткөрмө пунктунун иши калыбына келтирилди

Azattyk.org 

2018-жылдын 25-декабрынан тартып Ош облусунун Кара-Суу районунун Барак эксклавынын жашоочуларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн “Ак-Таш” (Кыргызстан) – “Бирлишкен” (Өзбекстан) өткөрмө пунктунун иши калыбына келтирилди. Буга байланыштуу макулдашууга 18-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Абдулла Ариповдун эки өлкө облус жетекчилеринин кеңешиндеги сүйлөшүүлөрдө жетишилген. “Ак-Таш” жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пункту кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында... Читать дальше...

Тажик президенти 2018-жылдагы үч негизги ишин атады

Azattyk.org 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өтүп бараткан жылы өлкөсү үчүн эң маанилүү деп үч окуяны атады. Алар: "Суу 2018-2028-жылдардагы туруктуу өнүгүү үчүн" аракеттеринин башталышы, Рогун ГЭСинин биринчи агрегатынын ишке берилиши жана Тажикстан менен Өзбекстан президенттеринин бири-бирине мамлекеттик сапарлары. 26-декабрда президент Рахмон парламентте кезектеги кайрылуусун жасады. Алдыдагы он жылдагы өнүгүүдө суунун мааниси, аны сактоо жана туура пайдалануу аракеттери тууралуу жыйын 22-мартта Дүйшөмбүдө өтүп, 177 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Читать дальше...

Түркияда төңкөрүш аракетине катыштыгы бар деп шектелген 30дан ашуун киши камакка алынды

Ca-irnews.com (kg) 

Түркия полициясы акыркы 24 сааттын ичинде динаятчы Фетхуллах Гүлен менен кызматташкан деп шектелген 33 кишини камакка алып, алардын жанынан бир нече сары жилеттерди табышты.



КСДП штабынын эсепчисинин уулу Кыргызстанга кайтып келди

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) штабынын эсепчиси Надира Сатыгулованын уулу, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Адилет Сатыгулов Кыргызстанга кайтып келди. Ал бүгүн БШКнын жыйынына катышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна БШКнын басма сөз катчысы Жылдыз Шеримбекова билдирди. Азырынча Адилет Сатыгулов менен байланышуу мүмкүн боло элек. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, КСДПнын штабынын эсепчиси быйыл 11-ноябрда, президенттик шайлоонун чыгымдары тууралуу... Читать дальше...

Шадиевдин 1,8 млрд. сомдук мүлкү мамлекетке чегерилет (тизме)

Azattyk.org 

Жергиликтүү маалымат каражаттары мурдагы депутат Аскарбек Шадиевге жана анын жакындарына таандык деген, соттун чечими менен мамлекетке чегерилүүчү мүлктүн тизмесин жарыялады. Ага ылайык, мүлктүн жалпы суммасы 1 852 236 99 сомду түзгөн: “Карвен четыре сезона”, уставдык капиталы 33,33%; “Аква Инвест Плюс”, уставдык капиталы 50%; “Карвен Групп”, уставдык капиталы 50%; Аламүдүн районуна караштуу Орто-Сай айылындагы “Ала-Арча” комплексиндеги жеке турак жай (№14), Аламүдүн районуна караштуу Орто-Сай... Читать дальше...

Мексикада оппозициячыл губернатордун өлүмү иликтене баштады

Azattyk.org 

Мексика бийлиги оппозициячыл губернатор Марта Эрика Алонсо жана анын жолдошу, сенатор Рафаэль Морено Валье Росастын өмүрүн алган авиакырсыктын себептерин иликтей баштады. Алар менен коштошуу зыйнаты шейшембиде Пуэбл шаарында өттү. 45 жаштагы Алонсо жана анын күйөөсү Валье Росас бараткан тик учак дүйшөмбүдө кырсыкка учураган. Ичиндеги беш кишинин баары мүрт кеткен. Тик учак Пуэбл шаарынан баш калаа Мехикого бараткан. Алонсо декабрдын башында Пуэбл штатынын губернатору болуп шайланган. Президент... Читать дальше...

Түркмөнстанда социалдык сайт иштей баштады

Azattyk.org 

Түркмөнстанда "Биз бярде" ("Биз бул жердебиз") аттуу социалдык сайт ишке кирди. Бул тууралуу "Медиа-Түркмөн" агенттигине шилтеме жасап "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды. Маалыматка караганда, сайттын тиркемесинин бет ачары 23-декабрда, жаш таланттарды колдогон "Сунгат эсери" компаниясы уюштурган концерт учурунда өткөрүлгөн. "Эмгегибиз колдонуучуларга жакса экен деп көп иштедик. Эбегейсиз кыйынчылыктарга туш болдук. "Биз бярде" идеалдуу эмес, бирок көп параметрлери боюнча Түркмөнстанда белгилүү... Читать дальше...

“Тумар” бий тобу "America’s Got Talent" долбооруна катышат

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандык бийчи-спортчулардын “Тумар” тобуна "America’s Got Talent" теледолбооруна катышуу үчүн 300 миң сом колдоо көрсөттү. Өкмөт башчы 26-декабрда Эрмек Кадыров башында турган топтун мүчөлөрүн кабыл алып, жаштар арасында заманбап бийлерди жайылтуудагы салымын белгиледи. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Абылгазиев өжөрлүгү жана чеберчилиги аркылуу өлкөнү эл аралык сынактарда татыктуу көрсөтүп, Кыргызстандын атын чыгарып келаткан бийчилерге ийгилик каалады. Читать дальше...

Тарых музейин оңдоодо 118 млн. сомдон ашык акча мыйзамсыз коротулган

Azattyk.org 

Тарых музейин реконструкциялоо ишинде 118 млн. 215 миң сомдук мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Залкарбек Акназаров 26-декабрда өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул боюнча ишти УКМК тергеп жатат. "Ата Мекен" фракциясы 25-майда музейди оңдоого акча сарамжалсыз жумшалганын, жабдуу, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганын жарыялаган. Читать дальше...

2019-жылы “Дени сак адам - өнүккөн өлкө” программасы ишке кирет

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү “Дени сак адам - өнүккөн өлкө” программасына тиешелүү токтом кабыл алды. Программанын талаптарын ишке ашыруу 2030-жылга чейинки аралыкты камтыйт. Долбоордун алкагында ооруканалардын инфраструктурасын жакшыртуу, “Тез жардам” жана лабораториялык кызматтарды оптималдаштыруу сыяктуу маселелер чечилет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев "Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди. Министрдин айтымында, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен азыр биргелешип иштеп... Читать дальше...

Сот реформасынын соболдору

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасы боюнча маселе бул аптада кеңейтилген жыйында карала турганын билдирди.

БШК: Коргонбай уулу орус паспорту менен төрт жолу чек арадан өткөн

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы орус жарандыгы үчүн мандатынан ажыратылган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун арызын карап, аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Коргонбай уулу Орусиянын паспорту менен төрт жолу кыргыз чек арасынан өткөнүн билдирди. Анын айтымында, Чек ара кызматы бул маалыматтарды тастыктаган. Аймактык шайлоо комиссиясы Жусупбек Коргонбай уулу мурда Орусиянын жарандыгын алганы аныкталганын билдирип, 19-декабрда аны мандатынан ажыраткан. Читать дальше...

БШК Музаффар Исаковду депутаттык мандаттан ажыратты

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковду арыздын негизинде мандатынан ажыратты. Исаков мандатын тапшыруу боюнча БШКга арызды 24-декабрда жазган. Партиядагы тизме боюнча кийинки кезекте турган Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов да мандаттан баш тарткан. Депутаттык мандат кезекте турган Өмүрбек Бакировго берилди. Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ага “Жалал-Абад... Читать дальше...

Интернет Суусамырга да жетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын ар бир айылына жеткиликтүү интернет. ISOC интернет-коомунун кыргыз бөлүмүнүн активисттери Суусамырда Интернет тармагын орноштурду. Шаардан ыраак жайгашкан бул айылга он жыл мурун маалымат такыр жетчү эмес. Байланыш, радио, телевидениенин сапаты жакшы эмес эле. Эми алардын ылдам иштеген Интернети болуп, бардык ресурстарга жетүү мүмкүн болуп калды.

Баткен облусунун акимчилик жамааты жаңы жылдык кече өткөрбөй турган болду

Azattyk.org 

Баткен облусунун акимчилик жамааты жаңы жылдык кече өткөрбөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Облустук акимчиликтин жамааты жаңы жылдык кече үчүн чогулган акчаны кайрымдуулукка жумшоо боюнча атайын жыйын куруп талкуулап, макулдашылды. Жамаат жаңы жылдык кече өткөрүү үчүн топтолгон каражатты боор оорусу менен жабыркап, чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж болгон 31 жаштагы Улан Исаевге жана Гожомбай Айдаровго жардам көрсөттү. Читать дальше...

Декларацияны туура эмес толтурган 500дөй аткаминер жазаланды

Azattyk.org 

Кыргызстанда декларациясын туура эмес толтуруп тапшырган 500дөн ашуун мамлекеттик кызматкер административдик жоопкерчиликке тартылды. Алардын арасында район акимдери, мэрлер, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана соттор да бар. Бул тууралуу 26-декабрдагы маалымат жыйынында Башкы прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Залкарбек Акназаров билдирди. Анын айтымында, жалпысынан 1,5 миңдей мамлекеттик кызматкер... Читать дальше...

Сооронкулова: ырайымды соттолгон адам сурайт

Azattyk.org 

25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, абакта отурган Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. "Азаттык" өтүнүчтүн мыйзамда каралган тартиби жана жобосу тууралуу Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкуловага суроо берди.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *