Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 26.12.2018

Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча өзүнчө комитет түзүлдү. Буга байланыштуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жарлыкка ылайык, комитетти мамлекет башчы өзү жетектейт. Анын орун басары - вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Комитетке Жогорку Кеңештин депутаттары, ишкердик менен алектенген бир катар ишканалардын жетекчилери, эксперттер мүчө болушат. Жарлыктын аткарылышын президенттин аппараты көзөмөлдөйт. Комитет өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы... Читать дальше...

Быйыл президентке 600 бала кат жазды

Azattyk.org 

Ушул жылы 600 бала президент Сооронбай Жээнбековго кат жазды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна президенттик апараттын өкүлү Кыял Жанызакова билдирди. Анын айтымында, өлкө башчыга кат жазган балдардын саны соңку үч жылда көбөйгөн. - Бири батир сурайт, дагы бири китеп же оюнчук сураган. Алар өлкө башчыны Аяз ата катары көрүшөт. Колдон келишинче кыялдарын аткарганга аракет кылдык. Бүгүн, 26-декабрда Улуттук филармонияда президенттик балаты майрамы өтүп жатат. Ага өлкөнүн ар кайсы аймагынан окууда... Читать дальше...

БШКнын өлкөдөн чыгып кеткен мүчөсү почта аркылуу добуш берүүдө

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын өлкөдөн чыгып кеткен мүчөсү Адилет Сатыгулов БШКда талкууланган маселелер боюнча жазуу түрүндө добуш берип жатат. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, жыйынга катышпаган комиссия мүчөсү боюнча чечим чыгаруунун жол-жобосу жок. - "Эс алып келейин" деген, балким бир ай болоор. Мындай кырдаал Кыргызстанда болгон эмес да. "Мынча жүрсө болот же мынчадан ашык жүрө албайт" деген норма жок. Ал материал менен таанышып, жазуу жүзүндө жооп берсе болот. Читать дальше...

Төрөбаев: Конституциядан мурда саясий маданияттуулукту өзгөртөлү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 26-декабрдагы парламент жыйынында Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу сунуштарга оюн билдирди. Ал Конституцияны өзгөрткөндүн ордуна экономикалык, инвестициялык программаларды сунуштоого үндөдү. - Баш мыйзамды өзгөрткөндүн ордуна балким жан дүйнөбүздү, жүрөгүбүздү, ой жүгүртүүбүздү жана саясий маданияттуулугубузду өзгөртпөйлүбү. Конституциядагы зарыл болгон нормаларды өзгөртүүгө 2020-жылдан кийин Жогорку Кеңештин толук укугу болот. Читать дальше...



Жаңы жыл үчүн жаатташкандар

Azattyk.org 

Кийинки жылдары Кыргызстанда жаңы жылды тосууга каршы чакырыктар кеңири тарай баштады. Ушул маселенин айынан жыл жаңыраар алдында социалдык тармактын колдонуучулары эки жаатка бөлүнгөн учурлар көбөйдү. Быйыл да ошондой.

Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачары болот

Azattyk.org 

Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин пресс-борборунда Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачары өтөт. “Миссия” деп аталган китептин бет ачарына Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев жана Наталья Никитенко катышат. "Ата Мекен" париясынын лидери, парламенттин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри жана элчи Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде Кылмыш кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр ар бири сегиз жылга эркинен ажыратылган. Читать дальше...

Тумандан улам учактардын конуп-учуу тартиби өзгөрдү

Azattyk.org 

Туманга байланыштуу “Манас” аэропортунда айрым учактарды кабыл алуу жана жөнөтүү кармалып жатат. Мекеменин маалыматына караганда, чектөө режими шейшембинин кечинде киргизилди. Бүгүн Стамбулдан, Тараздан жана Үрүмчүдөн учактардын келип конуу убактысы өзгөрдү. Ал эми Москва, Дубай, Красноярск, Алматыдан келген учактар эч тоскоолдуксуз конду. (RK)

Бишкекте милициянын алгачкы "ачык" сурак бөлмөсү ачылат

Azattyk.org 

Кыргыз милициясы кылмышка шектүү адамдарды суракка алуунун жаңы ыкмасына өтө баштады. Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда алгачкы ачык тергөө бөлмөсүнүн ачылышы болот. Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү жана укук коргоочулар катышат. “Борбор Азиядагы эл аралык түрмө реформасы” уюмунун жардамы менен ишке ашырылып жаткан долбоорго ылайык, мындай бөлмөлөрдүн дубалдары айнектен жасалат, ичинин баары көрүнүп турат жана заманбап аудио, видеокөзөмөл аппараттары менен жабдылган. Адистердин айтымында, мындай... Читать дальше...

Сузак райондук сотунда Музаффар Исаковдун иши каралат

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Сузак райондук сотунда бүгүн Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковдун иши каралат. Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ага “Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган” деген айып коюлган. Прокуратура тараткан маалымат боюнча, ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура кызматынын жана Мамлекеттик... Читать дальше...

Президенттик балаты майрамы өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн, 26-декабрда Бишкекте президенттик балаты майрамы өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Жаңы жылдык майрам улуттук филармониянын чоң залында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтөт. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан окууда жана коомдук иштерде мыктылыгын көрсөтө алган 1100 окуучу, Балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары чакырылган. (RK)

Милиция менен журналисттердин экстремизмге каршы кызматташтыгы талкууланат

Azattyk.org 

Бүгүн, 26-декабрда Бишкекте экстремизмди алдын алууда журналисттер менен кызматташуунун ролу талкууланат. Жыйынды Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы уюштурууда. Мекеме белгилегендей, бүгүнкү күндө мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы күрөшүүдө, мындай көрүнүштөрдү алдын алууда жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге иштөөнүн мааниси жогорулап жатат. Кыргызстанда жыл башында экстремизм менен терроризмди жайылтат деп саналган 150дөн ашуун интернет-булактын ишине бөгөт коюлган. Читать дальше...

Трамп: Мексика боюнча сунуш өтмөйүнчө өкмөт толук иштебейт

Azattyk.org 

АКШ өкмөтү Конгресстеги демократтар Мексика менен чек арага дубал курууну каржылоо маселесин чечип бермейинче толук ишке киришпейт. Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. - Өкмөт качан толук иштей баштаарын айта албайм. Дубал же тосмо тургузулмайынча андай болбойт деп так айта алам. Ал тосмо биздин өлкөгө агылып кирип жаткан адамдардан, баңги заттарынан коргонуу. Адам сатуу деген да көйгөй чыгып жатканын билесиздер, - деди Трамп. ... Читать дальше...

Текебаевди бошотуу демилгесине жооп боло элек

Azattyk.org 

Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу демилгесине азырынча расмий жооп боло элек. 25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым берүү жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып ал мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген. Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери да бир добуштан колдошту. Читать дальше...

Зере Кыргызстандан кетип жатканын билдирди

Azattyk.org 

Ырчы жана активист Зере Асылбек кызы Кыргызстандан кетип жатканын "Фейсбуктагы" жеке баракчасына жазды. “Соңку кезде мага оор боло баштады. Мен өзүм эмнени каалайм жана менден эмнени каалап жатышат, ошонун ортосундагы балансты табуу аракетиндемин” деп жазды ал. Зере Индияга кетип жатканын, ал жакта мектепте ыктыярчы болуп иштей турганын, бирок Кыргызстанга кайтып келерин билдирди. Анын адам укуктарын урматтоого чакырган "Кыз" аттуу клиби быйыл күзүндө жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Читать дальше...

Рим Папасы боордоштук мамилени бекемдөөгө чакырды

Azattyk.org 

Рим Папасы Франциск Рождество майрамына карата кайрылуусунда дүйнөнүн согуш болуп жаткан аймактарында тынчтык орнотууга чакырды. Ал Ватиканда чогулган он миңдеген адамдын алдында сүйлөп жатып түрдүү улут, дин жана расадагы адамдардын ортосунда бир туугандык, боордоштук мамилелердин бекемделишине үндөдү: - Менин рождестволук каалоом – боордоштукту бекемдөө. Бардык улут жана маданият өкүлдөрүнүн, ар башка идеядагы, бирок бирин бири сыйлап, уга билген адамдардын, түрдүү диний көз караштагылардын ортосундагы боордоштук. Читать дальше...

Казакстанда катуу сууктан жүргүнчүлөр эвакуацияланды

Azattyk.org 

Казакстандын Акмоло облусунда катуу сууктун айынан автобуста кетип бараткан жүргүнчүлөр эвакуацияланып, жардам алды. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, Петропавловск – Сарыагаш каттамындагы автобустагылар куткаруучуларга кайрылып, жардам сурашкан. Ичиндеги 53 жүргүнчүнүн көбү Өзбекстандын жараны экени аныкталды. Алар Бурабай районундагы орто мектептердин бирине убактылуу жайгаштырылган. Эч ким жабыркаган жок.  Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги өткөн аптада аба ырайына байланыштуу эскертүү тараткан. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *