Орусия жаңы ракетасын сыноодон ийгиликтүү өткөрдү
Орусия "Авангард" деп аталган жаңы ракетасын сыноодон ийгиликтүү өткөрдү. Өлкө президенти Владимир Путин Москвада Коргоо министрлигиндеги байкоо бөлмөсүндө көз салып отуруп, сыноо аяктагандан кийин бул окуя “улут үчүн эң мыкты Жаңы жылдык белек” болгонун айтты. - Сыноо, дагы бир кайталайын, ийгиликтүү өттү. Келерки 2019-жылдан тартып Орусиянын куралдануусу континент аралык стратегиялык “Авангард” системасы менен толукталат. Ракета Урал тоолорунун түштүк тарабынан учурулуп, 6000 чакырым аралыкты өтүп, Камчаткага жетти. Читать дальше...