Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2018

Новости за 27.12.2018

Жогорку Кеңеш жаңы вице-спикерди шайлап жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш жаңы вице-спикерди шайлоого киришти. Төраганын орун басарын шайлоо парламенттин бүгүнкү, 27-декабрдагы жыйынында сунушталып, колдоо тапты. 14-декабрда парламенттеги КСДП фракциясы кезексиз жыйынга чогулуп, Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызматтан алган. Фракциянын бул сунушун көпчүлүк депутаттар колдоп беришкен. Анын ордуна депутат Аида Касымалиеванын талапкерлиги сунушталган. Добуш берүү жашыруун өтөт. КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова бул кызматта 2017-жылдан бери иштеп келаткан. Читать дальше...

Украина: орусиялык эркектерге байланыштуу чара уланат

Azattyk.org 

Украинада аскердик абал токтотулганына карабастан Орусиянын 16 жаштан 60 жашка чейинки эркек жарандарына өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган чара улана берет. Бул маалыматты Украинанын Ички иштер министрлигинин өкүлү Сергей Яровой ырастады. Мындан тышкары Украинанын Улуттук коопсуздук кеңеши Орусия менен чек араны тыкыр көзөмөлдөөнү улантууну сунуштаганы белгилүү болду. Украина ноябрь айынын соңунда Керч кысыгында болгон жаңжалдан көп өтпөй өлкөнүн бир катар аймактарында аскердик абал жарыялаган.... Читать дальше...

Прокурор экс-депутат Исаковду 12 жылга камоону сурады

Azattyk.org 

Мамлекеттик айыптоочу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковдун үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 12 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Ошону менен катар сот залынан камакка алуу өтүнүчү келтирилди. Бул маалыматты 27-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. 26-декабрда Сузак райондук соту мурдагы депутат Музаффар Исаковго байланыштуу ишти кароону уланткан. Бирок чечим чыга элек. Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин... Читать дальше...

Аба ырайы: кар жаабайт

Azattyk.org 

28-декабрда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түнкүсүн батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10, Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9, Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз -2…+3, Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10, Нарында түнкүсүн -19…-24... Читать дальше...

Ооганстан: президенттик шайлоо июнга жылдырылышы мүмкүн

Azattyk.org 

Ооганстандын шайлоо маселелерин тескеген мекемелери 2019-жылдын апрель айына белгиленген президенттик шайлоону кийинкиге жылдырууну караштырып жатат. Буга каттоо жана добуш берүүнү уюштуруу иштери убагында бүтпөй жатканы себеп болгонун өлкөнүн Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Заби Садат 27-декабрда "Азаттыктын" ооган редакциясына билдирди. Ал тиешелүү тараптар добуш берүүнү июнь айында өткөрүү маселесин талкуулап жатканын белгилеп, Көз карандысыз шайлоо комиссиясы акыркы чечимин бүгүн жарыялай турганын кошумчалады. Читать дальше...

Медиа полиси институту сотто "Апрелдин" кызыкчылыгын коргойт

Azattyk.org 

Медиа полиси институту сотто "Апрель" телеканалынын кызыкчылыгын коргоого даяр. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган институттун кызматкери Алтынай Исаева билдирди. - Эгер бир журналистке же медиа мекемеге карата кандайдыр бир доо арыз келип түшсө, ал иштин сотто акыйкат каралышын камсыз кылуу биздин миссиябыз. Биз "Апрель" телеканалынын кызыкчылыгын да коргоого даярбыз. Биз кайсы медиа мекеменин журналистине карата доо арыз жазылса да, аны карап чыгып, сотто журналисттин укуктарын коргоого даярбыз. Читать дальше...

Окуучулардын көйгөйү көркөм тасмада

Azattyk.org 

Нарын районунун Жан-Булак айылындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Элдияр Кубанычбек уулу жакында эле жаш киночулар арасында өткөн республикалык “Карек” кинофестивалында мыкты оператор наамын жеңип алды. Элдияр бул фестивалга "Оюнчу" аттуу тасмасы менен катышкан. Жаш режиссердун тасмасында өспүрүмдөр арасындагы суицид маселеси көтөрүлөт. Элдияр учурда мектеп рекетчилиги тууралуу дагы бир тасма тартып жатат.



Жээнбеков: Сот реформасына тоскоолдук кылгандар катуу жазаланат

Azattyk.org 

Сот реформасына тоскоолдук кылгандар катуу чаралар менен жазаланат. Бул тууралуу 27-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Мамлекет башчы буга чейинки эки ыңкылапка адилетсиз сот чечимдери, коррупциянын күчөшү себеп болгонун белгилеп, соттук-укуктук реформага баруудан башка жол жок экенин айтты. Ошондуктан реформаны үзгүлтүккө учураткан же кайдыгер караган жетекчилерге катуу чара көрүлөрүн эскертти. Жыйындын күн тартибинде эки маселе... Читать дальше...

Депутат парламентаризм музейин ачууну сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңештин телеканалын жана парламентаризмдин музейин ачууну сунуш кылды. Бул тууралуу эл өкүлү 27-декабрдагы жалпы жыйында Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүү боюнча сүйлөп жатып билдирди. - Биз жакында Жогорку Кеңештин 80 жылдыгын белгиледик. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн парламенттик демократияны өнүктүрүү абдан маанилүү. Парламент өнүккөн өлкөлөрдө парламентаризм музейи, өзүнүн китепканасы болушу керек. Биз барып көргөн парламентерде өзүнүн телеканалы бар. Читать дальше...

“Унаа” мамлекеттик мекемесинин мыйзамдуулугун кароо сунушталды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дүйшалиев жаңы түзүлгөн мамлекеттик “Унаа” мекемесин түзүүнүн мыйзамдуулугун карап чыгууну сунуштады. Эл өкүлү Жарандык кодексте мамлекеттик мекеме деген түшүнүк жок экенин белгилеп жатат. - Жарандык кодексте мамлекеттик ишкана деген бар экен. Ишканалар коммерциялык, чарбалык субъекттер болот экен. Ал эми мамлекеттик мекеме өкмөттүн жобосунда дагы жок. Транспортту каттаган кызматкерлер мамлекеттик кызматкер болуп келген. Алар өз ишинде транспорт каражаттарын каттаганда анын ээсин... Читать дальше...

Казакстан Кыргызстанга күйүүчү майды экспорттой баштайт

Azattyk.org 

Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев 26-декабрда журналисттерге маалымат берип жатканда, 2019-жылы Казакстан Кыргызстанга күйүүчү майды экспорттой баштай турганын айтты. Бул маалыматты казакстандык "Tengrinews" агенттигинин кабарчысы Ботагоз Айтжанова да "Азаттыкка" тастыктады. Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев журналисттерге сүйлөп жатып буларды айтты: - Өткөн аптада биз кыргыз тараптын жообун алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, азыр макулдашылган келишимдин версиясын бардык мамлекеттик органдарга жөнөттүк. Читать дальше...

Тасма аркылуу көйгөй көтөргөн окуучу

Azattyk.org 

Нарын районунун Жан-Балак айылындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Элдияр Кубанычбек уулу жакында эле жаш киночулардын арасында өткөн республикалык “Карек” кинофестивалында мыкты оператор наамын жеңип алды. Элдияр бул фестивалга "Оюнчу" аттуу тасмасы менен катышкан. Жаш режиссердун тасмасында өспүрүмдөрдүн арасындагы суицид маселеси көтөрүлөт. Ал учурда мектеп рэкетчилиги тууралуу дагы бир тасма тартып жатат.

Жээнбеков: Реформага барууга саясий эрк жетишпей жатат

Azattyk.org 

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда соттук реформа боюнча Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Күн тартибинде эки маселе, соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жана жарлыкты ишке ашыруунун жүрүшү каралууда. - Жаӊы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралган. Алардын ичине Бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирет. Соттук-укуктук реформанын ийгиликтүү... Читать дальше...

Келдибеков "Апрелди" сотко берди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ахматбек Келдибеков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана саясатчы Азимбек Бекназаров "Апрель" телеканалын сотко берди. Бул тууралуу телеканалдын директору Дмитрий Ложников өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Жогорку соттун маалымат кызматы бул маалыматты азырынча тастыктай элек.  Буга чейин Келдибеков жергиликтүү “NUR TV” каналындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин соңку айткандары боюнча аны сотко бере турганын айткан: - Адамдын жеке аброюна шек келтирип сүйлөп жатат. Читать дальше...

"Биздин укук": Бишкекте 10 миңдей тал-терек кыйылышы ыктымал

Azattyk.org 

Бишкекте 10 миңге жакын бак-дарак кыйылышы ыктымал. Жолдорду оңдоо боюнча кезектеги долбоордун алкагында ушундай коркунуч жаралып жатканын “Азаттык” радиосуна “Биздин укук” коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева билдирди. Анын айтымында, 26-декабрда Бишкек шаарынын архитектура башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, долбоорду ишке ашыруу пландары талкууланды: - Ар бир көчөдөн 200 бак кыйылса, аны тогуз көчөгө көбөйтсөк, 9800 бак кыйылат экен. Ошондуктан долбоорду иштеп чыккандар менен дагы сүйлөшөбүз. Читать дальше...

Жаӊы депутат Өмүрбек Бакиров ант берди

Azattyk.org 

Жогорку Кеӊеште КСДП саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Өмүрбек Бакиров ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Музаффар Исаковдун ордуна келди. Өмүрбек Бакиров буга чейин «Ата-Журт» партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. (КЕ)

"Кудаларды" сындаган куудул

Azattyk.org 

2018-жылы саясий сатирада жылдызы жангандардын сап башында куудул, пародист Элмурат Миталипов болду. Ал бул жылы өнөктөшү Байсалбек Кадыралиев менен чогуу калың-журтка “Мына шумдук”, "Кудалар", "Чиновник издедик", “Белизгейт” аттуу пародияларды тартуулады. Өзгөчө президент Сооронбай Жээнбековдун кудаларына байланыштуу талаш-тартыштар күчөгөн чакта жарык көргөн "Кудалар" чыгармасы коомчулукта көп талкуу жаратты.

Балдар үчүн жазылган китептердин сынагы жарыяланды

Azattyk.org 

Балдар адабияты багытында республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, сынактын максаты – кыргыз тилин өнүктүрүү, аны бала бакчадан үйрөнө баштоого шарт түзүү. Кыргыз тилинде жазылган поэтикалык чыгарма, прозаикалык чыгарма жана башка тилден которулган чыгарма деген үч номинация боюнча мыкты китептер аныкталып, сыйлык тапшырылат. Сынакка материалдар 1-мартка чейин кабыл алынары айтылды. (RK)

Кылмыштардын бирдиктүү реестри тест режиминде иштеп баштады

Azattyk.org 

Кыргызстанда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри тесттик режимде иштеп баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады. Белгилүү болгондой, жаңы жылдан тарта Кыргызстандын мыйзамдарында кылмыш ишин козгоо деген түшүнүк жоюлат жана сотко чейинки өндүрүш маалымат бирдиктүү реестрге кирген учурдан башталат. Өкмөт бул чара жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыздоого багытталарын, процесстин катышуучулары сотко чейинки өндүрүштүн бардык баскычтарында жактоочунун кызматтарын колдоно аларын айтууда. Читать дальше...

Абакта иштеп каза болгондордун балдарына балаты майрамы уюштурулат

Azattyk.org 

Жаза аткаруу кызматында бүгүн атасы же энеси иш учурунда каза болгон кызматкерлердин балдары үчүн Жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди: - Бейпил заман болсо деле кызмат учурунда же оору-сыркоодон каза болгон кызматкерлерибиздин балдары бар. Аларга жыл сайын чакан майрам уюштурабыз. Сабатарованын айтымында, жаза аткаруу тутумунда жумуш учурунда каза болгон кызматкерлердин жалпы саны 20 адамдын тегерегинде. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *