Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 11.05.2020

Суракматов: Бишкекте коронавирустун кооптуу 98 очогу бар

Azattyk.org 

Бишкекте коронавирустун кооптуу очогу деп эсептелген 98 жер бар. Бул тууралуу 11-майда борбор калаанын мэри Азиз Суракматов билдирди. “Бул вирусту жуктуруп алуу коркунучу бар жерлер. Ошондуктан бир жакка барсаңар, дос-тууган менен жолуксаңар, эстеп калууңарды суранам. Эгер оору аныкталса, ал адам менен байланышта болгондордун баарынан анализ алынат". Суракматов вирустун белгилери байкалса 118 номерине телефон аркылуу кайрылуу керектигин, азыркы тапта дарыгерлерден жана санитардык кызматкерлерден... Читать дальше...

Абройлуу илимий басылмалар менен кызматташуунун жолдору тууралуу бекер вебинар өтөт

Azattyk.org 

«Онлайн университет» платформасы илимий макалаларын дүйнөнүн абройлуу илимий журналдарына жарыялагысы келген кыргызстандык окумуштууларга жардам бермей болду. Бул максатта ««Scopus» жана «Web of Science» журналдары сиздин макалаңыздан эмнени күтүшөт?» деген вебинар өтөт. Вебинардын уюштуруучулары «Азаттыкка» билдиргендей, бүгүнкү күндө кандидаттык, докторлук диссертациялар үчүн, доценттик, профессорлук наам үчүн рейтинги бийик журналдарга макала жарыялоо талап кылынат. Андыктан мунун жол-жобосун бекер көрсөтүп берүү изилдөөчүлөргө... Читать дальше...

Ооганстанда талибдердин кол салуусунан алты жоокер курман болду

Azattyk.org 

Ооганстандын Коргоо министрлиги «Талибан» кыймылы өлкөнүн чыгышындагы Лагман провинциясындагы өткөрмө-көзөмөл бекетине кол салганын билдирди. Анда алты жоокер курман болуп, дагы бешөө жаракат алды. Министрлик бул чабуулдун мизи майтарылганын, талибдер да жоготууга учураганын маалымдады. Бирок окуянын чоо-жайын ачыкка чыгарган жок. Мунун алдында Кабул шаарында жолго коюлган төрт бомба жарылып, төрт киши жарадар болгон. Алардын бири 12 жаштагы кыз экени кабарланган. Шаардык полициянын өкүлү Фердо... Читать дальше...

Ат-Башы: митинг, жыйын өткөрүүгө уруксат берилбейт

Azattyk.org 

Нарын облусунун Ат-Башы районунда митинг, жыйындарды уюштурууга тыюу салынды. Бул тууралуу COVID-19 дартынын алдын алуу боюнча республикалык штаб өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловго шилтеме берип билдирди. Маалыматка караганда, Ат-Башыда эпидемиологиялык абалды күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөө үчүн айыл өкмөттөргө бир катар тапшырмалар берилди. Район борборундагы Береке базарында саат 9:00дөн 14:00гө чейин иштөөгө уруксат берилди. 9-майда Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды... Читать дальше...

12-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

12-майда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29; Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 24…29; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10... Читать дальше...

Бишкекте коронавирус жуккан милиционерлердин саны 36 киши болду

Azattyk.org 

Бишкек шаарында коронавирус жуккан милиция кызматкерлеринин саны 11-майга карата 36 адамды түзөт. Бул тууралуу мэр Азиз Суракматов билдирди. Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин вирус жуккан милиционерлер тууралуу маалымат бергенде алар бул илдетти көбүнчө кызмат учурунда, оорунун очогуна барганда жугузганын билдирген. Суракматовдун айтымында, жалпысынан азыр шаарда коронавирустун жайылышы кооптуу деп эсептелген 98 очок бар. Илдет жуккан медицина кызматкерлеринин саны 79 адам. Жалпысынан... Читать дальше...

Депутат Интернеттеги чакырыктарды иликтөөнү талап кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 11-майдагы жыйынында депутат Тазабек Икрамов Интернеттеги социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтарга көңүл бөлүп, иликтөөнү өкмөт менен күч органдарынан талап кылды. «Социалдык тармактарда бөлүнүп-жарылууга элди үгүттөгөн, жеке менчикти басып алуу боюнча ар кандай чакырыктар тарап жатат. Биз кайсы мамлекетте жашап жатабыз? Же мыйзамсыздыкта жашап атабызбы? Эл кыйналып турган кезде мыйзамсыз жолдорго чакыргандар болуп атат. Читать дальше...

Казакстанда өзгөчө абал алынды, карантин эрежелери калды

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-майдан тартып өлкө боюнча өзгөчө абал жоюлганын билдирди. Бирок карантин эрежелери аймактардагы кырдаал-абалга жараша акырындык менен алынарын айтты. Президенттин администрациясынын сайтына жарыяланган билдирүүдө облус аралык каттамдар дагы эле чектелери, көчөдө үч кишиден көп болуп топтошуп жүрүүгө болбой тургандыгы, аралыкты сактоо зарылдыгы жана жумуш учурунда санитардык режим кала берери айтылат. Касым-Жомарт Токаев өлкө оору эң көп тараган учурду баштан кечиргенин... Читать дальше...



Президент ишкерлер менен жолукту

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалда экономика үчүн жоготуулар менен катар артыкчылыктар да бар деп эсептейт. Өлкө экономикасынын ачыктыгы жана эркиндиги бул кырдаалдан артыкчылык табууга мүмкүнчүлук берерин мамлекет башчысы 11-майда бизнес-ассоциацияларднын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты. Жээнбеков «Кандай гана глобалдуу же локалдуу экономикалык депрессия болбосун, андан ишкерлердин активдүүлүгү алып чыгат» деп белгилеп, экономикалык активдүүлүктү калыбына... Читать дальше...

Иштөөгө уруксат алгандарга кагаздарын толуктоого эки күн берилди

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб 11-майдан тартып Бишкек шаарынын аймагына кирүү тартиби тууралуу түшүндүрмө берди. Штаб тараткан маалыматка караганда, уруксат берилген мекеме-жайларда иштегендердин колунда жумушунан маалымдама болушу шарт. Ал маалымдамада райондук Салык кызматынын же акимчиликтин мөөрү болууга тийиш. Жеке ишкерлердин колунда патенти болушу керек. Маалымдама жана патент алууга убакыт 13-майга чейин берилди. Ал эми иштөөгө уруксат бериле электер көчөгө “маршруттук баракча” менен гана чыга алат. Читать дальше...

Кабулда жолго коюлган бомбалар жарылып, төрт киши жабыркады

Azattyk.org 

Ооганстандын борбору Кабул шаарында 11-майда жолго коюлган төрт бомба жарылып, төрт адам жарадар болду. Алардын арасында бир бала бар экени кабарланды. Шаардык полициянын өкүлү Фердо Фарамарза окуя болгон жерге минаны зыянсыздандырган топ барганын билдирди. Анын айтымында, Тахия-Маскан районундагы жолго коюлган бомбалар менен улуттук коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери бутага алынган. Аталган райондо жекшембиде кечинде да бомба жарылган, бирок анда жабыркагандар болгон эмес. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким ала элек. Читать дальше...

Жогорку сот: судьянын айткандары чындыкка дал келбейт

Azattyk.org 

Кыргызстандын Жогорку соту район аралык соттордун жоюлушу тууралуу түшүндүрмө берди. Мекеменин маалыматында судья Чолпон Досмамбетованын "Бишкектин район аралык соту жоюлганын бүгүн эле билдим" дегени жалган экени айтылат.  Буга чейин укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата административдик арызы боюнча 11-майга белгиленген жараян болбой калган. Ишти карай турган судья Чолпон Досмамбетова жарлык тууралуу өзү да бүгүн жумушка келгенден кийин билгенин айткан. Жогорку сот Аскаровдун... Читать дальше...

Түрк министри коронавирустун дарысын сатууга уруксат берилгенин жазды

Azattyk.org 

Түркияда коронавирустун дарысын сатууга уруксат берилди. Бул тууралуу маалымат министри Фахреттин Алтун «Твиттер» баракчасына  жазды, бирок кандай дары экени так айтылган эмес.  «COVID-19 илдетин дарылаш үчүн жергиликтүү фармацевтикалык фирма тарабынан дары иштелип чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык препараттар агенттиги бул дарынын өндүрүшүнө ыкчам уруксат берип, дарыканаларда сатууга уруксат берилди»,- деди министр.  Майдын башында дүйнө лидерлери коронавируска каршы вакцина... Читать дальше...

Кой-Таш окуясы боюнча сотто Атамбаевди темир тор ичинде кармоо боюнча сунуш колдоо тапты

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот 18-майда уланмай болду. Мындай чечим 11-майдагы отурумда кабыл алынды. Буга соттолуучулардын биринин жактоочусу алмашкандыктан ал иштин материалдары менен таанышып чыгууга убакыт сураганы себеп болду. Ошону менен катар бүгүнкү отурумда прокурорлор мындан ары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башка соттолуучулар менен катар темир тор ичинде отурушу керек деген өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырды. Буга чейин Атамбаев адвокаттардын жанында отурчу. Читать дальше...

Азимжан Аскаровдун арызы качан каралары белгисиз

Azattyk.org 

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата Бишкектин район аралык сотуна жазган доо арызын кароо бүгүн, 11-майга белгиленип, бирок каралбай калды. Ишти карай турган судья Чолпон Досмамбетова  териштирүүгө келгендерге район аралык сот президенттин 8-майдагы жарлыгы менен жоюлуп кеткенин маалымдады. Ал жарлык тууралуу өзү да бүгүн жумушка келгенден кийин билгенин айтты.  Анын билдирүүсүндө, район аралык соттун ордуна административдик сот түзүлөт деген чечим чыккан, эми президент анын судьяларын дайындашы керек. Читать дальше...

Уруксат бериле элек жайлардын көбү соода жана тейлөө тармагында

Azattyk.org 

Кыргызстанда 11-майдан тартып бир катар мекеме-ишканаларга иштөөгө уруксат берилди, дагы айрым тармактар азырынча жабык турат. Алар негизинен соода-сатыкка жана тейлөөгө байланыштуу жайлар. Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, 21-майга чейин иштөөгө уруксаты жоктор төмөнкүлөр: - Мамкаттоо кызматынын калкты тейлөө борборлору, - Бут кийим оңдоо жайлары, - Эмерек жасоо жана оңдоо, - Соода борборлору, - Кийим-кече саткан базарлар жана дүкөндөр, - Автомашина сатылуучу базарлар, - Жеке репетитор кызматы... Читать дальше...

Чек арадагы элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жергиликтүү бийлик, күч органдары менен бирге Баткен облусунда чатак чыккан аймакта элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. 10-майда Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди облустарынын башчыларынын биринчи орун басарларынын деңгээлинде сүйлөшүү өтүп, чек арада элдин коопсуздугун сактоо жана коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында калк жыш жайгашкан айылдарда милициянын күзөтү күчөтүлгөн. Читать дальше...

Кыргызстан Өзбекстанга гумжардам жөнөттү

Azattyk.org 

Кыргызстан Өзбекстандын Сардаба (өзбекче «Сардоба») суу сактагычынын жырылышынан улам жабыркаган калкына гуманитардык жардам жөнөттү. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Гумжардам 1 000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майынан турат. 1-майдын таңында Өзбекстандын Казакстанга чектеш Сардаба суу сактагычы жырылып, эки өлкө 100 миңден ашуун жаранын коопсуз жайга көчүргөн. (RK)

Кыргызстан Орусиядан газдын баасын кайра карап чыгууну өтүндү

Azattyk.org 

Кыргызстан Орусиядан жаратылыш газынын баасын кайра карап чыгууну өтүндү. Бүгүн, 11-майда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев орус өкмөт башчысынын орун басары Андрей Оверчук менен онлайн сүйлөшүү өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады жана газ маселесин да козгоду. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Асрандиев: «Бул биз үчүн өтө аяр маселе. Коронавирус инфекциясынын жайылышы, ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү, улуттук валютанын баасы төмөн түшүшү калктын сатып алуучулук дараметин азайтты. Читать дальше...

Бишкектин район аралык соту жоюлуп кеткени белгилүү болду

Azattyk.org 

Бүгүн, 11-майда Бишкектин район аралык соту жоюлуп кеткени маалым болду. Бул тууралуу журналисттер район аралык сотто укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароого катышууга барган кезде билишти. Ишти карай турган судья Чолпон Досмамбетова жарлык тууралуу өзү да бүгүн жумушка келгенден кийин билгенин айтты: «Биз иштебей калдык. Район аралык сот жоюлганын бүгүн эле билдик. Президенттин буйругу чыгыптыр. 8-майда Жарандык-процессуалдык кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мындан ары район аралык сот жок. Читать дальше...

Вирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 235ке жетти

Azattyk.org 

Вирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны Кыргызстанда 235ке жетти, алардын үчөө соңку суткада Бишкекте аныкталды. Бул тууралуу 11-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал «министрлик ооруган медицина кызматкерлери тууралуу маалыматты жашырып жатат» деген сөздөр чындыкка дал келбей турганын айтты: «Жаап-жашыруу дегенди башынан эле колдонбойбуз. Анын эч кажети да жок. Себеби маалымат кайра тез эле чыгат. Медицина кызматкерлери иштеп жатат. Тастыкталган учур болсо стационарга алып келип... Читать дальше...

Дайыны 78 жылдан кийин табылган жоокер

Azattyk.org 

9-майда Экинчи Дүйнөлүк согуштун аяктаганына 75 жыл болот. Миллиондогон өмүрдү алган согуштун тагы ушул күнгө чейин кете элек. Азыр да кан майданга кеткен жакындарын издеп, таппай жүргөндөр арабызда арбын.

Министрлик: Нарында милициянын иши үзгүлтүккө учураган жок

Azattyk.org 

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы жабылган жок. «Мекеме коронавируска байланыштуу убактылуу жабылды» деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу 11-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал журналисттердин «Нарында 50дөй милиционер коронавирус менен ооруп, облустук башкармалык жабылыптыр деген сөздөр канчалык негиздүү?» деген суроосуна: «Ал жерде ички иштер органдарында катталгандар болгон. Биз алар тууралуу өз убагында маалымат берип турганбыз. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *