Корея-Германия: вирусту жугузгандар кайра көбөйдү
Илдетти ооздуктаганга жетишкен Түштүк Кореяда ондогон адамдан коронавирус табылды. Чектөөлөрдү четинен ала баштаган Германияда да коронавируска чалдыккандар көбөйө баштады.
Илдетти ооздуктаганга жетишкен Түштүк Кореяда ондогон адамдан коронавирус табылды. Чектөөлөрдү четинен ала баштаган Германияда да коронавируска чалдыккандар көбөйө баштады.
Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус дагы 14 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алардын алтоо Бишкек шаарында, ал эми Чүй, Баткен облустарында бирден, Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарында экиден адам. Бир суткада 13 бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан 11-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1016 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандар - 688 адам. Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын... Читать дальше...
Жекшембиде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги «Орусия АКШнын гитлердик Германиянын жеңишиндеги СССРдин ролун азайтуу аракетине кыжырданат жана бул теманы америкалык расмий өкүлдөр менен талкуулоону каалайт», деген билдирүү жарыялады. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө Ак үйдүн «Инстаграмдагы» баракчасында жарыяланган видео себеп болду. Анда «1945-жылы 8-майда Америка жана Британия нацисттерди жеңген. Америкалык дух дайыма жеңишке жетет. Дайыма ошондой болот», деп айтылган. «Вашингтон Жеңиштин 75 жылдык мааракесинде... Читать дальше...
Францияда Канн фестивалы буга чейин белгиленген мөөнөттө өтпөй турганы жарыяланды. 12-майда өтөрү белгиленген Канн фестивалы коронавируска байланыштуу июнь айына жылдырылган болчу. Жекшемби күнү уюштуруучулар фестиваль июнь айында да өтпөй калганын жарыялашты. Фестивалдын программасы, анын сынакка байланыштуу, сынактан сырткары иш-чаралары кандай болору азырынча белгисиз. Айрымдар фестиваль октябрь айында десе, кээ бири 2021-жылы өткөрүлөт деп божомолдоп жатышат. Канн фестивалы - короновирустан... Читать дальше...