Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 14.05.2020

Депутаттар жакыр үй-бүлөлөргө жардам акчалай берилишин талап кылышты

Azattyk.org 

Колунда жокторго, жумушу жок үйүндө отуруп калгандарга азык-түлүк менен эмес, акчалай жардам берилиши керек. «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев өкмөт мүчөлөрүнө ушундай талап койду. КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Дастан Бекешев да ушундай эле сунуш киргизди. Депутаттар мындан тышкары аймактарга берилүүчү түрткү берүүчү гранттар тууралуу да маселе көтөрүштү. «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Искендер Гаипкулов менен «Республика - Ата Журт» фракциясынын... Читать дальше...

Гонконгдогу акция жана Рейтердин жеңиши

Azattyk.org 

Дүйнөдөгү эң чоң эл аралык маалымат агенттигинин бири Рейтер 2019-жылы Гонконгдогу нааразылык акциясын жана акция учурунда адам укуктарынын бузулушун чагылдырганы үчүн Пулитцер сыйлыгына ээ болду.

Европарламент Венгриядагы талаштуу мыйзамдарды талкуулады

Azattyk.org 

Европарламент Венгриядагы мыйзам үстөмдүгүнүн маселесин талкуулады. Коронавирус пандемиясына байланыштуу ал өлкөдө жарыяланган чукул чаралардын алкагында оңчул премьер-министр Виктор Орбанга чексиз ыйгарым укуктар берилген. Эпидемия тууралуу жалган маалымат тараткан адамдарды эркинен ажыратууга чейин жазалоону караган жобо кабыл алынган 30-марттан бери бул өлкөдө кармап-камоо көбөйдү. Полиция жалпысынан ал беренеге ылайык 86 иш козголгонун билдирди. Европарламенттеги талкууга Будапешттин өкүлдөрү катышкан жок. Читать дальше...

Өкмөттүн Оштогу өкүлү куран окутууну токтото турууну өтүндү

Azattyk.org 

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев жарандарды Орозо айы бүткөндөн кийин да куран окутуу, жентек жана башка жөрөлгөлөрдү өткөрбөй, токтото турууга чакырды. Ал бул тууралуу бүгүн, 14-майда брифингде айтып кетти. «Мындай жөрөлгөлөрдө эл көп чогулат, тууган-урук алыс-жакындан жол жүрүп келет. Бул албетте, азыркы кырдаалда кооптуу. Ошондуктан буга жол бербей, мал союп, чыгашаны көбөйтпөөгө чакырам. Андан көрө өз ден соолугуңуздарды карап, жашоо-тиричиликти жакшыртып, балдардын билим алышына шарт түзөлү», - деди Жылкыбаев. Читать дальше...

Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылга жылдырылды

Azattyk.org 

Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.  «Бул чечим түрк тилдүү мамлекеттердин жана элдердин жалпы мурасына татыктуу деңгээлде IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу, спортчулардын жана бардык катышуучулардын ден соолугун коргоо максатында кабыл алынды», деп жазылат агенттиктин маалыматында. Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын... Читать дальше...

Кыргызстан: Коронавирус жуккандардын арасында 12 ымыркай бар

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын арасында бир жашка толо элек 12 ымыркай бар. Бул тууралуу 14-майда онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, балдар бул илдетти чоңдордон жугузган, себеби айрым учурда коронавирус менен ооруган адам клиникалык белгилери байкалбай жүрө бериши ыктымал. Ошондуктан балдарга карата көзөмөлдү күчөтүү зарыл экени айтылды. Каратаев кошумчалагандай, жалпысынан бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус 1082 адамдан табылды. Читать дальше...

Депутаттардын идеяга иштебеген мандаты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү аяктап баратканда «Кыргызстан» фракциясынан эки депутат кетип, ордуна ишкер Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаев мандат алды.



Карантинде кор болгон аялдар

Azattyk.org 

“Эже-сиңдилер” берүүсүндө бул жолу үй-бүлөдө аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, пандемия шартындагы жаңы жагдайлар, парламентте кабыл алынган зомбулук кылган адамды убактылуу камоо тууралуу мыйзам долбоору тууралуу баарлаштык.

Орусиянын Прагадагы элчилиги дипломатты коргоону өтүндү

Azattyk.org 

Чех өкмөтү Орусия Прагадагы элчилигинин дипломаттарынын бирин полициянын коргоосуна алууну өтүнгөнүн ырастады.  Расмий катта элчиликке караштуу Орус маданияты жана илим борборунун жетекчисинин орун басары Андрей Кончаков анын аты чех медиасында аталгандан кийин коркутууга туш болуп жатканы айтылган. Чехиянын айрым маалымат каражаттары «дипломат мартта рицин деген уулуу затты Прагага алып келген, ал зат борбор шаардын мэрин жана эки райондун башчыларын ууландырыш үчүн колдонулмак» деп 10-майда кабарлашкан. Читать дальше...

Жогорку Кеңештин төрагасы менен айрым депутаттар кайым айтышты

Azattyk.org 

«Республика - Ата Журт» фракциясынын бир катар мүчөлөрү, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөлөрү төрага Дастан Жумабековду спикер катары ишин жакшы алып барууга чакырышты. Айрым депутаттар парламент депутаттарын «жакпаса кеткиле» деп тартипке чакырууга спикердин укугу жок экенин баса белгилешти. «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев спикерди мурунку кызматташтарынан үлгү алууга, улууну урматтоого чакырды: «Сиз өкмөттүн адвокаты болбоңуз. Читать дальше...

Сузакта чатырга көчүрүлгөндөрдүн түйшүгү

Azattyk.org 

Сузакта жер көчкү жана сел коркунучунан улам чатырларга көчүрүлгөн 20дай үй-бүлө жаңы үй куруу ишин баштай элек. Айрымдарында жер тилке, кээ бирлеринде каражат жок.

Бишкектен Нарынга дарыгерлердин үчүнчү тобу жөнөп кетти

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги Нарын облусуна медицина кызматкерлеринин кезектеги, үчүнчү тобун жөнөттү. 14-майда Бишкектен Нарынга жети ыктыярчы дарыгер жөнөп кетти. Алардын үчөө – акушер-гинеколог менен реаниматолог он күн бою аймактагы кесиптештерине жардам берип иштейт. Эки акушер-гинеколог Нарын облустук ооруканасына, дагы бирөө жана бир реаниматолог Ат-Башы районуна жөнөтүлөт. Министрлик кабарлагандай, ар бир кызматкер тийиштүү медициналык каражаттар менен камсыз болду, аларга кошумча маяна мыйзамга ылайык төлөнүп берилет. Читать дальше...

БУУ: Пандемияда психикалык саламаттыкка көңүл буруу зарыл

Azattyk.org 

БУУ коронавирус пандемиясы адамдардын писихикалык саламаттыгына байланышкан чоң глобалдык кризиске алып келиши ыктымал экенин эскертти. Уюмдун эксперттери белгилешкендей, элдин көбү вирусту өздөрү же жакындары жугузуп алып өлүп калышат деп сарсанаа болот. Башкалар менен көп аралашпоо, сыртка чыкпоо эрежелери ошол депрессивдүү маанайга салым кошууда. 14-майда жарык көргөн чакан баяндаманын авторлору пандемиянын биринчи айларында физикалык саламаттыкка арыктычылык берилип келгени менен кадимки турмушка... Читать дальше...

Нурматов: Москвада миграция кызматкерлерине вирус жуккан

Azattyk.org 

Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүндө айдоочусунан башка бардык кызматкерлерине оору жукканы тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты, «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Кубанычбек Нурматов бүгүн, 14-майда парламентте айтып чыкты: «Мамлекеттик миграция кызматынын айдоочусунан башка бардык кызматкерлерине оору жугуптур. Алар күнү-түнү мигранттар менен иштеп жатышат. Коронавирус Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө да жуккан деген маалымат бар. Муну мага Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчилиги кабарлады». Читать дальше...

Ооганстанда дагы бир кол салуу болду

Azattyk.org 

Ооганстандын Пактия провинциясындагы Гардез шаарында аскердик соттун жанында дүрмөттөлгөн оор машине жарылганда кеминде беш киши өлдү. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Тарик Ариандын айтымында, дагы ондогон карапайым киши жарадар болду. Тарик Ариан жардыруу үчүн талибдер менен байланыштагы «Хаккани» түйүнүн айыптаган. «Талибандын» расмий өкүлү Забихулла Мужахид кол салууну кыймылдын согушкерлери уюштурушканын билдирди. Эки күн мурун куралчан адамдар Кабулдагы төрөтканага чабуул койгондо 24 киши... Читать дальше...

15-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

15-майда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

Депутат Акаев: Кечээ Атамбаевдин этегине намаз окугандар бүгүн аны тепкилеп атасыңар (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мындай пикирин бүгүн, 14-майда шайлоо босогосун жети пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда билдирди. Депутат айрым кызматташтарына кайрылып: «Мирлан Жээнчороевди «тогуз пайыздык босого тууралуу мыйзам долбоорунун авторусуң» деп айыптаганыңар туура эмес. Жалгыз ал сунуш кылып эле, калганың каршы чыктыңар беле? Кечээ эле өткөнкү президенттин этегине намаз окуп жүргөндөр, бүгүн эми Жээнбековдун этегине намаз окуп жүрөсүңөр. «Түндүк-түштүк... Читать дальше...

Лукашенконун күтүүсүз «атаандашы»

Azattyk.org 

Беларуста президенттик шайлоо 9-августта өтөрү жарыяланды. Көп өтпөй мамлекет башчылыкка ат салышууга ниеттенип жатканын президенттин мурдагы кеңешчиси, Беларустагы Жогорку технологиялар паркын негиздеген Валерий Цепкало да билдирди. Көп кишилер үчүн бул күтүүсүз жаңылык болду.

Равшан Жээнбеков жазган каттары цензурага кабылганын айтты

Azattyk.org 

Бишкектин №1 тергөө абагында отурган саясатчы Равшан Жээнбеков сыртка жазган каттары цензурага кабылып жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлерине айтканы тууралуу маалымат борбордун расмий сайтына жарыяланды. Анда «Жээнбеков арыз жөнөтүү механизми жок болгондуктан эки ай бою жазган каттары жөнөтүлбөй, бардык каттары цензурага алынып жатканын айтып даттанды. Эки ай бою адвокат менен жолугууга мүмкүнчүлүк болбогонун билдирди. Ден соолугуна жана абакта кармоо шартына арызданган жок» деп айтылды. Читать дальше...

Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун мөөнөтү белгисиз

Azattyk.org 

12-апрелге белгиленип, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу белгисиз мөөнөткө калтырылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо качан өтөрү азырынча белгисиз. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңеште депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Шайлдабекованын сөзүнө караганда, Боршайком жергиликтүү кеңештерге шайлоону парламенттик шайлоого чейин өткөргүсү келет.  «Албетте, биз үчүн жергиликтүү кеңештерди... Читать дальше...

Масалиев: жети пайыз боюнча демилге президенттин сөзүнөн кийин көтөрүлгөн

Azattyk.org 

Шайлоо босогосун жети пайызга чейин төмөндөтүү боюнча демилге президенттин босогону азайтуу тууралуу сөзүнөн кийин көтөрүлгөн. Мындай пикирин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев бүгүн, 14-майда парламентте бул маселе каралып жаткан учурда билдирди. «Биз беш пайызга чейин түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун 6-декабрда бергенбиз, сиз аны 20 күндөн кийин гана тийиштүү комитетке жөнөттүңүз. Ал эми булардын жети пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун сиз үч күндө комитетке жибердиңиз. Читать дальше...

№1 абактагы аялдар Кыйноого каршы борбордон көмөк сурашты

Azattyk.org 

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагындагы абал менен таанышып чыкты. Борбордун маалыматына караганда, абактын кызматкерлери жана камактагы сегиз адам коронавируска анализден өткөн, баарыныкы таза чыккан. Абактын жетекчилиги имараттардын ичи күнүнө эки жолу дезинфекцияланып, жумасына эки жолу камактагылардын дене табы тепловизор менен текшерилип жатканын айтып берди. Абакта кармалып жаткан аялдар борбордун кызматкерлеринен алардын бөгөт чарасын күрөө... Читать дальше...

Жогорку сот Аскаровду абакта калтырды

Azattyk.org 

Жогорку сот 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын карап, мурдагы соттордун өкүмүн күчүндө калтырды. Аскаровдун адвокаттары менен жакындары чечимге макул эмес экенин, укук коргоочу 10 жылдан бери түрмөдө мыйзамсыз отурганын айтып атышат. Иш каралып жатканда Аскаровдун мурдагы өкүмдөрүн өзгөртүүгө каршы болгон 20дай адам Жогорку соттун имаратынын алдына чогулушту.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *