Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 14.05.2020

Шайлоо босогосун төмөндөтүүчү мыйзам долбоору парламентте ача пикир жаратты (видео)

Azattyk.org 

Шайлоо босогосун тогуз пайыздан жети пайызга чейин түшүрүү маселесин карап жаткан Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул мыйзамды карап чыккан тармактык комитеттин төрагасы Канат Керезбековду мыйзамсыздыкка жол берди деп айыпташты. «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, депутат Мирлан Жээнчороев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитетинин төрагасы Канат Керезбековду мыйзам бузбоого чакырды. Ал шайлоо босогосун беш пайызга чейин түшүрүү тууралуу мыйзам долбоору комитетте каралбай... Читать дальше...

Парламент шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселесин карап жатат

Azattyk.org 

Парламент бүгүн, 14-майдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамды өзгөртүү, анын ичинде саясий партиялардын шайлоо босогосун тогуз пайыздан жети пайызга чейин төмөндөтүү маселесин карап жатат. Мыйзам долбоорун буга чейин караган тармактык комитеттин өкүлү Талант Мамытов өз баяндамасында шайлоодо саясий партиялардын шайлоо босогосун жети пайызга чейин төмөндөтүү шайлоонун ачык жана акыйкат өтүшүн шарттай турганын белгиледи. 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда... Читать дальше...

БУУ: Кыргызстан сот калыстыгын Азимжан Аскаровдун мисалында көрсөтсө болот

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча агенттиги Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровду коронавирус шартында артыкчылык иретинде тез арада эркиндикке чыгарууга чакырды. БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишел Бачелет өлкө бийлигине кайрылуусунда «кыргыз бийлиги калыс соттук териштирүүнүн эл аралык стандарттарын сактоого бир нече жолу милдеттенме алган жана муну Азимжан Аскаровдун мисалында көрсөтсө болот» деп билдирди.  Башкы комиссар «акыр аягы калыстыкты калыбына келтирип, аны түрмөдөн бошотууга» үндөдү. Читать дальше...

ЭВФ: Пандемия Кыргызстандын экономикасына кыйла сокку урат

Azattyk.org 

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) коронавирус пандемиясы дүйнөлүк экономиканы күтүлгөндөн көбүрөөк аксата турганын билдирди. Ал арада дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүндөгү 300дөй мыйзам чыгаруучу фондду жакыр өлкөлөрдүн карызын кечүүгө чакырды.

Депутат Казакбаев: Ишкерлер өкмөттүн ишине нааразы

Azattyk.org 

“Республика – Ата Журт” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев 14-майда парламент жыйынында ишкерлерден келип түшкөн катты окуп берди. Анда ишкерлер азыркы өзгөчө кырдаал шартында өкмөттүн кылган иши ишеним жаратпаганын белгилешип, өкмөт өзүнө жоопкерчилик ала албай жатат деп айыпташкан. “Өкмөттүн аракетинде конкреттүү кадамдар жок. Көбүнчө сөз жүзүндө калып жатат. Учурда сырткы донорлордон, ишкерлерден канча жардам алганыбызды эч ким түшүнгөн жок. Өкмөт азыр аппарат кызматкерлерин кыскартууга киришти. Читать дальше...

Эл үнү: Мигранттар ар кимге пиар куралбы?

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри четтеги жарандардын нааразылыгын курчутуп, кырдаалдан пайдаланып, “жалган маалымат таратуу менен жеке PR-акцияларды уюштуруу уланып жатат” деп билдирип, мигранттарды сабырдуу болууга чакырды.

Касымалиева: Дарыгерлердин коргонуучу кийимдери сатылып жатат

Azattyk.org 

Дарыгерлерге бөлүнгөн коргонуучу кийимдер жана респираторлор сатылып жатат. Ошол эле учурда андай коргонуучу каражаттарды айрым ооруканаларда медицина кызматкерлери өздөрү сатып алып жатышканын айтышты. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин вице-спикери, КСДП фракциясынын мүчөсү Аида Касымалиева бүгүн, 14-майда парламентте айтып чыкты: «Медицина кызматкерлерине коргонуучу каражаттарды бөлүштүрүүчү комиссияда мен да мүчөмүн. Бизге өкмөт «медицина кызматкерлерине коргонуучу каражаттар үч айга чейин жетиштүү» деп маалымат берген. Читать дальше...

Бекешев: ЖОЖдор студенттерден акча талап кылбай турушсун

Azattyk.org 

Жогорку окуу жайлары коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында студенттерден окуу акысын төлөөнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 14-майда парламентте билдирди. Депутат Жогорку Кеңеш бул боюнча атайын жобо кабыл алганына карабай, айрым окуу жайлары студенттерден окуу акысын тез арада төлөөнү талап кылууну улантып жатышканына нааразылыгын билдирди. Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик... Читать дальше...

Алайда күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 14-майда саат 03:09да Ош облусунун Алай районунун Нура, Эркечтам айылдарында беш балл, Икизяк айылында 4,5 балл, Көк-Суу айылында төрт балл, Кара-Киндик айылында үч баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча, эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. Нура айылында 2008-жылы октябрда күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл толугу менен кыйрап калган. (RK)

Коронавирус бир суткада дагы 38 адамдан табылды, көбү Нарында

Azattyk.org 

Соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус 38 адамдан табылды, алардын 15и Нарын облусунда. Бул тууралуу 14-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Алардын эң көбү Нарын облусунда - 15 адам, Бишкекте 14, Жалал-Абад облусунда төртөө, Чүй облусунда да төртөө (алардын экөө Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткандар) жана Ош шаарында бирөө.  Бир суткада тогуз бейтап айыгып чыкты. Жалпысынан 14-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1082 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *