Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 18.05.2020

Орусияда бир күндө 8926 адамдан коронавирус табылды

Azattyk.org 

Орусияда соңку бир сутка ичинде 8926 кишиден коронавирус табылды. Бул тууралуу Орусиянын COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы 18-майда билдирди. Жаңы учурлардын 3238и Москвага туура келет. Бул 30-апрелден берки эң төмөнкү сан. Орусияда соңку үч күндөн бери вирус аныкталган адамдардын саны 10 миңден аша элек. Өлкөдө эпидемия башталгандан бери 290 миңден ашуун адам коронавируска чалдыкты. Расмий маалыматка ылайык, 2722 киши COVID-19 илдетинен кайтыш болду. Учурда 264 миңдей адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Читать дальше...

19-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

19-майда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. ​ Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 15…20; Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 14…19; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10... Читать дальше...

Гонконгдун парламентинде чыр чыкты

Azattyk.org 

18-майда Гонконгдун парламентинде депутаттар чырлаша кетишти. Демократиялык реформаларды жактаган депутаттар менен Кытайдын борбордук бийлигине ыктаган өкмөттү колдогон депутаттардын ортосунда башталган кайым айтышуу жакалашууга чейин жетти.  Тараптар талаштуу мыйзамдарды караган комитет жетекчисин шайлоодо бир пикирге келе алышкан эмес. Мушташтан кийин оппозициячыл депутаттар күч менен сыртка чыгарылып, комитет жетекчилигине Бээжиндин таламын талашкан мыйзам чыгаруучу шайланды.  Гонконгдо былтыр... Читать дальше...

Чуу чыккан обсервацияда абал тынчыды

Azattyk.org 

“Манас” аэропортунун жанындагы обсервацияда абал тынчыды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министринин оун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, нааразылык билдирип чыккандар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, обсервация штаттык режимде иштеп жатат. План боюнча бүгүн чыгарыла тургандардын милдет-укуктары түшүндүрүлүп, чыгарыла баштады. Үсөнбаевдин айтымында, бүгүн чыккандардан кийин ал жерде19 адам калат: “Бүгүн чыга турган күнү болчу. Ирет-ирети, тартиби менен чыгарылып жатат. Читать дальше...

«Манасты» тааныткан өзбек ишкер

Azattyk.org 

Өзбекстандык ишкер Санжар Максудов Ташкентте кыргыз ашканасын иштетет. «Манас» деп аталган ресторанда беш бармак баш болгон кыргыз даамдарынан сырткары театрлаштырылган спектаклдерди да көрүүгө болот. Өзбек ишкери кыргыз ашканасын кантип чет өлкөдө популярдуу кылса болоорун айтып берди.

Жамшитов: 395 экстремисттик сайт жабылды

Azattyk.org 

Былтыр Кыргызстанда 395 экстремисттик сайтка бөгөт коюлганын башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинде отчет берип жатып билдирди.  Жамшитов сайттар Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир», «Талибан» жана «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмдарынын материалдарына байланыштуу, экстремизм жана террорчулуктун алдын алуу максатында жабылганын кошумчалады. Жамшитов 2019-жылда аткарылган иштер, ачылган кылмыш иштер тууралуу маалымат берүүдө. Читать дальше...

Өлүү дүйнө артына катылган өксүк

Azattyk.org 

Ракманберди Маманов - коом өзгөрүп, жашоо-турмуш башка нукка бурулган өткөөл мезгилдеги чиелешкен адам тагдырларын сүрөттөөнү жакшы көргөн автор.

Иран Венесуэлага бараткан танкерлери боюнча АКШга эскертүү берди

Azattyk.org 

Иран Венесуэлага мунай жеткирип бараткан беш танкери боюнча Кошмо Штаттарга эскертүү берди. Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 17-майда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттеришке жазган катында АКШны «деңиз каракчылыгына» барбоого чакырды. 14-майда «Reuters» маалымат агенттиги Кошмо Штаттар Ирандын мунай танкерлерине чара көрүүнүн жолдорун караштырып жатканын кабарлаган. Зариф БУУга жазган катында АКШ Кариб деңизине аскерлерин жөнөткөнү жатканын белгиледи. Ирандын... Читать дальше...



Абылгазиев: Обсервациядан анализи тазалар гана чыгарылат

Azattyk.org 

Обсервацияда жаткандардын анализи кайталап текшергенден кийин таза чыкса гана үйүнө коё берилет. Бул тууралуу өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин 18-майда убактылуу обсервациядагыларга кайрылуусунда айтылды. Премьер-министр чет жактан, биринчи кезекте Орусиядан кайтып келгендерге кайрылып, алар үчүн обсервация жайлары ичи-сырты оңдолуп даярдалганын, ичинде бардык шарттар түзүлгөнүн, аларга кам көрүп, ошол жерде күнү-түнү иштеп, өзүнүн ден соолугун тобокелге салып, үй-бүлөсүн көрүүгө зар болуп медицина кызматкерлери... Читать дальше...

ИИМ: Обсервацияда баш ийбегендер жоопко тартылат (видео)

Azattyk.org 

Обсервация талаптарына баш ийбегендер мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бул тууралуу 18-майда онлайн брифингде ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди. Ал обсервациядагы чуунун себебин “инфекциялык ооруканада жаткандарды үй карантинине чыгарып жатыптыр, а бизди обсервацияда кармап отурушат” деген сөз тараганы менен түшүндүрдү. “Бул факт боюнча Саламаттык сактоо министрлиги менен чогуу түшүндүрүү иши жүргүзүлүп жатат. Эгер обсервацияда жатып, милициянын жана дарыгерлердин талаптарына баш ийбегендер болсо... Читать дальше...

ЖК комитети башкы прокурордун отчетун угуп жатат

Azattyk.org 

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча комитетинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов былтыркы иштер тууралуу отчет берип жатат. Жамшитов 2019-жылда аткарылган иштер, ачылган кылмыш иштер тууралуу баяндама жасады. Ал былтыр прокуратура органдары тарабынан 3882 кызматтык жана коррупциялык иштер Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрге катталганын билдирди. Тергөөнүн жыйынтыгында 1355 иш өндүрүштөн кыскартылган.   Жыйын азыр суроо-жооп багытында уланууда. Читать дальше...

Оренбургдагы өзбек жарандары мекенине өтүүгө уруксат алышты

Azattyk.org 

Орусиянын Оренбург облусунда топтолгон өзбекстандыктарды Казакстан аркылуу мекенине алып өтүүгө бир жолку уруксат берилди. Бул тууралуу Kun.uz басылмасына Өзбекстандын Татарстан аймагындагы башкы консулу Фариддин Насриев билдирди. Анын айтымында, казак жана орус тарап менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин гана жарандарды алып өтүүгө уруксат алынган.  «Бул эртең башкалары келсе, аларды да алып өтөбүз деген кеп эмес. Өзбекстанга кайтууну каалаган башка жарандардан жашаган жерлеринде калып турууну өтүнөбүз», - деди Насриев. Читать дальше...

Обсервацияда чуу чыгаргандар менен министрдин орун басары сүйлөшүүдө

Azattyk.org 

«Манас» аэропортунун жанындагы обсервацияда жаткандар менен саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жолугушуу өткөрүүдө. Буга чейин маалымдалгандай, ал жерде Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып келгендер обсервацияда жатат. Социалдык түйүндөргө жарыялаган видеолордон алар 17-майда жаалданган топ болуп, күч кызматкерлерине баш ийбей жатканын көрүүгө болот. Ал эми атын атагысы келбеген адам 18-майда «Азаттык» менен байланышка чыгып, нааразылыктын себебин «оорубагандарды чыгарбай жатканы» менен түшүндүргөн. Читать дальше...

Ысык-Көлдө жайкы эс алуу мезгилине даярдык быйыл жок.

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө жайкы эс алуу мезгилине даярдык быйыл жок. Коронавируска байланыштуу көл жээгиндеги конок үйлөрү жана пансионаттар азыр иштебей турат. Алардын арасында насыя алып, курулуш иштерин жүргүзгөндөрү да бар. Эми насыяны төлөө маселеси күч. Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде ас алууга былтыркы жылы 1 миллиондон ашык эс алуучу келген.

Бразилия COVID-19 эң көп катталган төртүнчү өлкөгө айланды

Azattyk.org 

Бразилия коронавирус эң көп катталган мамлекеттердин төртүнчү сабына чыкты. Түштүк Америкадагы бул өлкөдө өпкөнү сезгенткен илдетке чалдыккандардын саны 18-майда 241 миң адамдан ашты. Кеминде 16 миң адам COVID-19 илдетинен кайтыш болду.  Бул сан 209 миллиондой калкы бар Бразилия коронавирустун Түштүк Америкадагы очогуна айланганын көрсөтүп турат. Эпидемия адеп башталганда Бразилиянын президент Жаир Болсанару COVID-19 илдетин кадимки сасык тумоо катары мүнөздөгөн. 17-майда баш калаа Бразилиада... Читать дальше...

Ооганстандагы жардыруу жети кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Ооганстандын чыгышында чалгын базасын бутага алган жардыруудан кеминде жети кишинин өмүрү кыйылып, 40тай киши жарадар болду. Газни провинциясынын губернаторунун басма сөз өкүлү Ариф Нури билдиргендей, 18-майда жанкечти базанын кире беришинде өзү менен кошо жардыруучу заттар шыкалган, уурдалган «Humvee» аскердик атоунаасын жардырып жиберген. Газни провинциясынын дагы бир расмий өкүлү Вахидулла Жумазада чабуул Улуттук коопсуздук башкармалыгынын Газни шаарындагы бөлүмүн бутага алганын айтты. «Жабырлануучулардын көбү чалгын кызматкерлери»... Читать дальше...

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү мөөнөтү дагы эки айга узартылды

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү дагы эки айга, 18-июлга чейин узартылды. Мындай чечим 18-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды.  Соттолуучулардын бөгөт чарасы да эки айга узартылды. Соттолуучулардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылган жок. Бүгүнкү сот отурумуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышкан жок. Соттун маалыматына караганда, ал өзүн начар сезгендиктен жыйынга катышпай турганын билдирген. Читать дальше...

Жогорку Нарын каскады боюнча экспертиза аяктай элек

Azattyk.org 

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына байланыштуу эл аралык сотто экспертиза аягына чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетиндеги талкууда өкмөт өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка караганда, орус тараптын доосу боюнча териштирүүдө экспертиза жүрүп жатат. Азырынча чечим чыга элек. Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга 2012-жылы Орусия менен келишим түзгөн. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» курмай болгон. Читать дальше...

Путин: Орусия дүйнөдөгү бир да мамлекетте жок куралга ээлик кылат

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин анын мамлекети дүйнөдөгү бир да мамлекетте жок куралга ээлик кыларын билдирди. Бул тууралуу ал «Россия-1» телеканалындагы «Москва. Кремль. Путин» деген көрсөтүүдө айтты. «Бул такыр жетишип болбой турган иш эле. Бирок биз аны ишке ашырдык. Мындай ийгилик бекем пайдубалы жок илим болбосо, илимий мектептер болбосо жана инженер адистер болбосо, ишке ашмак эмес», - деди Путин. «Коммерсантъ» гезитинин жазганына караганда, Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен... Читать дальше...

Камбар-Ата-2 ГЭСи боюнча келишим бекитилди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 18-майдагы жыйынында Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү тууралуу келишимди жактырды.   Депутаттар Евразия өнүгүү банкынын инвестициялык насыясы тууралуу келишимге киргизилген кошумчалар боюнча долбоорду талкуулады. Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү долбоорун Евразия өнүгүү банкы каржылайт.   Комитетте келишим тууралуу Өнөй жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысынын... Читать дальше...

Обсервацияда жаткандар нааразылык билдирүүдө (видео)

Azattyk.org 

«Манас» аэропортунун жанындагы обсервацияда жаткандар ал жайдан чыгарууну талап кылып жатышат. «Бизди кетиргиле» деген талаптар айтылууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда «ал жерде маселе бар». Министрликтин өкүлдөрү нааразылык билдирип жаткандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүш үчүн обсервацияга жөнөп кеткени маалым болду. Буга чейин Интернет булактарында обсервацияга жаткырылгандар көчөгө топтошуп чыгып алганы тартылган видеотасма тараган. Читать дальше...

Сузакта үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келин кризистик борбордо жатат

Azattyk.org 

Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 29 жаштагы келин Жалал-Абад шаарындагы «Каниет» кризистик борборунда жатат. Аталган борбордун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурова «Азаттыкка» билдиргендей, келин күйөөсүнүн жана кайненесинин зомбулугуна кабылган. «29-мартта келин денесинен түрдүү жаракат алып Сузак аймактык ооруканасына кошуналарынын жардамы менен жаткырылган. 8-майда кризистик борборго келип, ден соолугу жакшы болбогондуктан кайрадан дарылануусун улантууда. Ал жолдошу менен кайненесинен катуу кордук көрүп... Читать дальше...

Бишкекте милиция асманга ок атты

Azattyk.org 

Бишкекте милиция эреже бузгандарды токтотуу максатында асманга ок атканын шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 17-майдын кечинде Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы ачылган паркта болгон. Бир топ адам топтолуп, коронавирустун жайылышына алып келчү кооптуу абал түзгөнү, милициянын санитардык-гигиеналык эрежени сактоо жана парктан кетүү тууралуу талабына баш ийбестен агрессивдүү мамиле кылгандар болгону, чыр башталып, алар күч кызматкеринин... Читать дальше...

Коронавирус спортчулардын үмүтүнө суу септи

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясына байланыштуу бюджетти үнөмдөш үчүн кыргыз өкмөтү бир катар мамлекеттик мекемелердин каражатын кыскартууда. Айрыкча социалдык мекемелердин чыгымы көбүрөөк кыскарып жатат.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *