Министрлик: Мигранттар аркылуу вирустун жайылышына жол берилген жок
Чет жактан кайтып жаткан кыргызстандыктарды дароо үйүнө коё бербей, обсервацияда кармоо эрежеси өзүнүн жакшы натыйжасын берип жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, Орусиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын ПЦР анализин кайталап текшергиче кармап туруу алардын туугандарынын арасында илдеттин жайылып кетишине жол берген жок. «Соңку суткада аныкталган мигранттардын дээрлик баары - обсервация шартында кармалып тургандар, - деп түшүндүрдү ал. Читать дальше...